Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

“Ыңгайсыз суроолор” көрсөтүүсүндө бул ирет ушул күндөрү өтүп жаткан апрель окуясы боюнча сот ишинин уюуштурулушу, жүрүшү тууралуу маселе козголду.

Ага “Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов менен “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу Осунбек Жамансариев катышты.

Үй камагындагылар качышына ким шарт түздү?

«Азаттык»: Эдил мырза, акыркы жаңылыктардан баштасак, Оксана Малеваная, Жороев жана Турсункуловдор белгисиз себептер менен сотко келбей калышты жана алар кайда экени тууралуу маалымат жок. Ушул окуя соттун жүрүшүнө кандайча таасир этет?

Эдил Байсалов: Албетте таасир этет. Бийликти эл катуу эле сындап келатты эле, Бакиевдерди, Суталиновду качырып жибердиңер деп. Алардын “7-апрелде элди сактап куткарып жүрдүк эле, байкабай калдык” деген жообу бар болчу. Андан кийин Жаныш Бакиев качып кетти. Эми мына “үй камагына чыгарып койдуңар, эмне үчүн аларды аяйсыңар” делген кишилер качып кетип атканы, албетте бул Улуттук коопсуздук кызматы, жалпы бийлик тарабынан жоопкерсиздик болуп атат.

«Азаттык»: Сизчи, кандай баалап жатасыз?

Осунбек Жамансариев: Сот бийлиги алардын качышына толук мүмкүнчүлүк түзүп берди, эртең каалайсыңбы качып кете бергиле, каалабасаң отур деп. “Баш коргоо чарасын өзгөртпөйсүңөрбү алдын ала, соттон качып кетпесин, өкүм чыкса ошол аткарылсын” деп биз айтып атабыз. Биз айтсак, алар баш коргоо чарасын өзгөрткөнгө негиз жок деп айтышат. Башка кандай негиз керек?!

«Азаттык»: Эдил мырза, 2008-жылы сиз Швецияга баш паанек сурап жатканда, Германиянын Кыргызстандагы элчиси жардам берди деп айттыңыз эле. Азыр дагы ар кыл сөздөр жүрүп атат, дипломаттык кызматтардагы адамдар жанагы 3 адамдын өлкөдөн чыгып кетишине жардам беришти деп. Ушул божомолдор канчалык негиздүү?

Эдил Байсалов: Мени менен салыштырууга болбойт. Анткени биз кан төккөн эмеспиз. Бирок кеп мында болуп атат, баш паанек береби, бербейби, жанагы эле Курманбек, Жаныш, Максим Бакиевдер, калган желдеттери ошол жерде баш паанек издегени издеген. Бирок мурда батыш өлкөлөрү, Европа аларга, күнөөңөр бар экен, барып жооп бербейсиңерби деп күмөн санап турса, тилекке каршы, биздин улуттук трагедия ушунда болуп атат, сот болушу керек эле, албетте соттолушу керек. Биздин чыкырайган 87 жигитибиз кайтыш болуп атса, бул үчүн жооп бериш керек. Алардын арасында биздин туугандарыбыз, досторубуз, жалпы кыргыздын уулдары, жигиттери бар. Жооп бериш керек. Бирок соттун башталышын көргөндөр эми оюн өзгөртүшү мүмкүн да.

«Азаттык»: Сизге формасы жакпай атабы?

Эдил Байсалов: Албетте. Соттун уюштурулушу, Спорт сарайында шоу кылганы, ызы-чуу салып, айыптоочу багыт деп коет, 30-жылдары Сталиндин театрлаштырылган көрсөтмө сот жараяндары болгон, ошондой болуп атат. Байкаган адамдарга, ал эмес акыйкатты талап кылган, кан жутуп турган биздин өзүбүзгө жаман көрүнүп атса, албетте, батышка жана биздин тегеректеги коңшу өлкөлөргө ошондой эле көрүнөт. Эмне үчүн жанагы үчөө качып кетти? Калгандары да качып кетиши мүмкүн. Анткени баш паанек издөөчү, берилчү себептер пайда болду.

«Азаттык»: Осунбек мырза, сиздер чын эле аларга аябай сонун өбөлгө түзүп койдуңуздар. 17-ноябрь күнкү видеону карасак, биз силерди “өлтүрөбүз, өрттөйбүз” деген кыйкырыктар болгон. Алар мурун, же кийин качкан жок, ушул сөздөрдөн кийин качышты.

Осунбек Жамансариев: Бул мындай. Башында тергөө иштери жүргөндө алар (Малеваная, Жороев, Турсункулов) тергөөчүлөр, өзгөчө соттор менен сүйлөшүп, баш коргоо чарасы үй түрмө болгон. Сот болгонго чейин качып кеткенге деле негиз жок болчу. Анткени баш коргоо чарасы тандалган. Алар демек ыңгайлуу шартты күтүп отурушкан. Биз эч кандай шарт түзүп бердик деп айта албайбыз. Эгерде булар шарт түзүп берет экен дей турган болсо, алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камап, качканга шарт түзбөш керек болчу. Качканга шарт түзүлдү. Шоу деген боюнча, ушунун тегерегинде Токтайым Үмөталиева жана Эдил мырза ушул сөздү көп айтып атышат.

«Азаттык»: Ооба, көп айтылып атат, бул сот жараяны эмес эле, эки күчтүн тирешүүсү деп...

Осунбек Жамансариев: Ушуга жооп берсеңер, кылмыш-процессуалдык кодексинде так, даана көрсөтүлгөн, сот отуруму качан болот? Ал жерде сот, жабырлануучулар, соттолуучулар, алардын жактоочулары болуш керек. Ошону өкмөт, сот органдары камсыз кылып бериш керек. Сиз айтып атасыз шоу деп. Анда 500 кишини кайда алып барып отургузушубуз керек?

Эдил Байсалов: Агай, мен деле ошону талап кылып турам. Ким ок атса, алар албетте жооп бериш керек. Бирок бул жерде мындай эле болуш керек болчу, Конституцияда, мыйзамда да, эл аралык укуктук нормаларда чукул соттор түзүлбөшү керек.

Осунбек Жамансариев: Биздин эле сотко токтололучу.




Сот кандай өтүшү керек эле?

«Азаттык»: Эмне үчүн шоу деген суроо болуп атат? Ушул суроого жооп берсеңиз.

Эдил Байсалов: Аскер соту болуп атабы, ошолордун эле кайсы бир имаратындагы залда болсо болмок. Эң чоң залы бар. Азыр телевидение бар. Керек болсо Коомдук телеканалдан түз эфир менен канча күн уланса, бардыгыбыз ошону көрөлү. Жанагыдай 100-200 киши эмес. Мына биз көрдүк, Спорт сарайы толдубу? Толгон жок. Демек жанагы аргумент, Спорт сарайына өтпөсө эл батпай калат деген – калп. Башка сот процесстери өтүүчү нормалдуу имараттарыбыз бар, ошол жерге телекамераларды коюп алып тынч өткөрсө болмок.

Осунбек Жамансариев: Ошондо сиз айтып аткан шоу болмок. Отургузуп коюп, мыйзамдын талаптарын бузуп, анан жасалма түрдө телевизорго берүү.

Эдил Байсалов: Ачык процесс болуш керек, айкын өтүш керек, бардыгыбыз көрүшүбүз керек жанагыдай далилди, күнөө дооматты.

«Азаттык»: Эдил мырза, сиз өзүңүзгө карама-каршы келген жоксузбу? Сыналгы аркылуу түз эфирден көрсөтүү анык шоу болмок да, чын эле.

Эдил Байсалов: Бул форма. Формасы боюнча түз эфирде телевизиондук процесс кылса болмок.

«Азаттык»: Ал кандай кесепеттерге алып келмек?

Осунбек Жамансариев: Ошол шоу.

Эдил Байсалов: Спорт сарайынын өзүнүн аурасы бар, ал жерде оюн-зоок болобу, кикбоксинг, бокстор өтөбү, ошол жерде кыйкырып, караңгы болуп турат. Ал жерде акыйкаттыктын жыты да жок. Бардыгы айыптоого басым жасоо менен кетип атканы, мен адвокаттарга кошулам.

Осунбек Жамансариев: Сиз бир өңчөй ойлонуп атасыз. Сот органдары, биз да айтып атабыз, силер айтып аткан эл сыналгыдан көрүш керек деп, ошол шоу. Жабык сот, ачык сот деген бул эмне? Ар бир ишке тиешеси жок кишилер келип көрсө болот.

Эдил Байсалов: Анда кеп формасында эмес экен, кеп жайда эмес экен. Кеп анда сиздерде, публикада экен да.

Осунбек Жамансариев: Сиздин оюңуз боюнча, экөөбүз соттошуп атабыз, сот отурат, сиз айтып атасыз, сиз соттолуучу болуңуз, мен жабырлануучумун. Сиз айтып атасыз, Жамансариевди чыгарып эле коюп, сот экөөңөр телевизор менен соттошушуңар керек деп. Андай болбойт. Кылмыш иш боюнча 306 ок жеген адамга шоу катары көрүнгөн жок, колунан, бутунан, башынан ок жеген адам силердей шоу деген жок, алар акыйкат издеп келишти. Ал эми тууганын жоготкондор ойлонуп атышат, эгер сот отуруму болуп өкүм чыга турган болсо бизге жол ачылат Бакиевдерди экстрадиция кылганга деп, бул бир. Экинчиси, силер бейөкмөт уюмдар менен чогулуп айтып атасыңар, бул шоу, айыптоочу багыт менен кетти деп. Айыптоо багыты эмес, азыр даярдык бөлүгү араң бүттү. Бүгүн жалаң гана айыбы угузулуп атат. Ал эми териштирүүгө келе элекпиз. Силер атайлап ушундай маанай түзүш үчүн иштерди жүргүзүп атасыңар.

Эдил Байсалов: Кеп анда он чакты адамдын тартипсиздигинде болуп атат. сиздердин маданиятсыздыгыңардан болуп атат.

«Азаттык»: Ушул теманы улантсак. Себеби бул сот аябай эмоционалдуу өтүп жатат, эки ача пикирди жаратып жатат. Негизги себеп кыйкырыктар, толеранттуулуктун жоктугу. Албетте адамдар ызаага алдырат, менин жакыным жоголсо деле аябай жаман болмокмун. Бирок ошентсе да, сиздер ушул боюнча алдын ала иштерди жүргүздүңүздөрбү? Сот деген сот да. Эмоция жок болуш керек, чечимди күтүш керек.

Осунбек Жамансариев: Бул жерде күйгөн адамдар көп да. Марат Шамбетов деген жигит жалгыз баласын жоготкон. Адамдар ал жерде толеранттуу көрүнөйүн дешкен жок. Алар айтылган сөздөргө кыжыры кайнаганынан, ачуулары келгенинен кыйкырып чыгып атышат. Эмнеге кыйкырып чыгып атышат? Алар айтып атат тогуз балага ок атылыптыр деп. Анан Эдил мырзага окшогондор, ошол жерде отуруп алып шоу деген сөздү айтып атат. Ал жерде биз шоуда отурган жокпуз, биз ал жерде сот өтсүн деп отурабыз.

«Азаттык»: Осунбек мырза, айтсаңыз, сиз өзүңүз 7-апрелде жакыныңызды жоготтуңузбу?

Осунбек Жамансариев: Ооба, Мирлан Жамансариев деген 25 жаштагы иним, агамдын баласы жок болду.

Эдил Байсалов: Биздин да инибиз. «Мекен шейиттери» сиздердин уюмуңуздарга мен мурун эле кайрылдым эле. Бул жалпы улуттук трагедия, булар бардыгыбыздын бир туугандарыбыз, жигиттерибиз элибиз деп. Сиздер болсо…

Осунбек Жамансариев: Жакшы сөз айтып коюп, кайра шоу деп айтканыңыз, мен сизди сыйлайм, бирок ал болбойт.

Эдил Байсалов: Жок-жок, агай зыян келтирилип атат.

Осунбек Жамансариев: Бизге шоу керекпи? Ошону айтыңызчы!

Эдил Байсалов: Биз бир тарапта эле болуп атабыз. Жанагыдай сыртта турган чет өлкөлүктөр, биздин достор болобу, душмандар болобу, ушул соттун башталышынан кийин жапайычылык деп айтып атат. Буларга өткөрүп берсек, булар таландыга калат, булар акыйкаттык, мыйзам менен өткөрбөйт, өлтүрүп коёт дейт.

Осунбек Жамансариев: Эмнени өткөрүп берсе?

Эдил Байсалов: Мисалы жанагы эле Максимди, Марат, Жаныш, Курманбектерди кайра берсе, буларда мыйзам менен өтпөйт, таландыга алып туруп эле, толпа менен атып салат деген болуп атат. Ошондон коркунуч, менин ошон үчүн ичим күйүп атат.

Осунбек Жамансариев: Эгер ичиңиздер күйсө, анда мындай. Бул жерден пиар кылбай, бул шоу экен деп талкууга албай, тескерисинче, мисалы формалдуу түрдө эле өтүнүчтөр кирип атат, ошону алып бардык шарттарды, жолдорду издеп атышат, ушул ишти бузасың деп. Мисалы Аксы окуясы да башында ушинтип башталган.

«Азаттык»: Узарып, анан аягына чыкпай калат...


Осунбек Жамансариев: Сиз айтып атпайсызбы, шоу деген сөздөрдү илип туруп, биз жабырлануучу болуп атпайбызбы, биздин шайыбызды оодарып, актуалдуулугун жоготуп, тажатып, 1-2 ай, ал жылга айланып кетип, эң аягында балдарды аткандардын эч кимиси жаза албастан, шарттуу түрдө эки жыл кара жумуш алгандар болгон.

«Азаттык»:
Эдил мырза, ушул суроого жооп берип койсоңуз?

Эдил Байсалов: Токтогула. Аксы окуясы боюнча сотту сиз мага түшүндүрбөй эле койсоңуз болмок. Мен ал жакта коомдук жактоочу болгомун.

Осунбек Жамансариев: Ыңгайы келгенде чет мамлекеттиктер андай деп айткан эмес. Чет мамлекеттиктер эмне деп ойлойт дейт. Бизге ойлогондун кереги жок. Бизге…

Эдил Байсалов: Аксы сотун мага эстетпей эле коюңуз, ошол жерде мен коомдук жактоочу болчумун. Аны мен жакшы билем. Бул жерде эмне үчүн чет өлкө болуп атат? Анткени ошол жерде ошонун башында турган үй-бүлө мүчөлөрү, Суталинов, Үсөнов сыяктуулар бардыгы четте жүрөт. Экстрадиция боюнча биз документтерди жөнөтүп, бизге жөнөткүлө, биз соттойлу, жазасын берели дегенге, мен эл аралык нормаларды билген киши катары айтып атам, ошон үчүн ичим күйүп атат. Ушул соттун 1-2-3- күнүнөн кийин…





“7-апрелдеги окуя - улуттук трагедия, бирок биздин улутубуздун кайра жаралышы”


«Азаттык»: Такыр өзгөрүп кетти маанай. Эдил мырза сиздин сөзүңүздү бөлүп койдум, сиз айтып атасыз, аябай саясатташып кетти, шоу деп.

Эдил Байсалов: Шоу деген сөз балким туура эмес. Мен ал үчүн кечирим сурайм.

«Азаттык»: Эми укуктук жагы кандай болуш керек жана кандай жыйынтыктарга келишибиз керек?

Осунбек Жамансариев: Мен да сизди туура эмес көрүп атам, кайдагы шоу бизге, биз азыр ыйлап отурабыз, билбесеңер. Силер айтып атасыңар, биздин да бир тууган деп. Бир тууганыңар болсо, тескери шоу деген сөздү колдонбош керек ал жерде.

Эдил Байсалов: Жазасын берели. Бирок акыйкат, тынч, мыйзамдуу жол менен.

Осунбек Жамансариев: Бергенге чейин пиарит этип атпайсыңарбы?

Эдил Байсалов: Анан жанагыдай буларды атыш керек деген болбойт.

Осунбек Жамансариев: Атыш керек деп биз айткан жокпуз. Тескерисинче биз мындай деп айтып атабыз, эгерде күнөөсү жокпу, жанагыдай силер айткан шоуларды кылбай, формалдуу бир нерселерди жасабай, жактоочулар пиарит этип атышып өздөрүнүн сотолуучуларын бизге каршы коюп атышат.

Эдил Байсалов: Мисалы мен снайперлердин бардыгы күнөөсүз, таптаза дегенге кошулбайм. Ок аттыбы, бардыгы жооп берсин. Кыргыздын жигиттери өлтүрүлүп атат. Ким жооп берет? Ошолор жооп берет. Бизге буйрук берди эле дегени абдан туура эмес. Буйрук бердиби, ошону кантип аткарды, жооп бериши керек. Бирок андан тышкары негизги максат, милдет, бул четте качып жүргөн адамдарды кайра кайтарып келип, ошолорго жазасын беришибиз керек. Сиздер кантип түшүнбөй атасыздар, менин ичим күйгөнү, ушул соттун башталышы, сценарийи, аурасы, ошол жактан маалымат кетип атканы, чет өлкөлүк, биздин мекенибиздеги ММКлардан кандай чагылдырылып атканы, туура эмес жагдайды түзүп койду.

«Азаттык»: Осунбек мырза, Элид Байсалов айтып аткан негизги аргументтерди айтып кетсем. Ушуга чейин «Мекен шейиттери» чоң саясатка аралашып кетти. Ошол себептен ушундай кабыл алуу болгон жокпу. Эмне себептен сиздер саясатка аралашып кеттиңиздер? Булардын артында кимдин кызыкчылыгы бар деген да суроолор болуп атпайбы коомчулукта. Ошол себептен ушундай маанайлар жаралып, өлгөн жигиттердин атын жамынып алып, саясий оюндар башталды деген сөздөргө чейин жетип кетип атат?

Осунбек Жамансариев: Ар кандай сөз болушу мүмкүн. Биздин талабыбыз мындай болуп атат, Бакиевди кайра алып келиш, булар жаза алсын деп атабыз. Ошонун ортосунда шоу деп ар кандай сөздөр, биз ойлобогон нерселер чыгып атат. Жаман көрүп атканы, ичтен күйүп аткандары бул турганы турган. Эмоция биринчи күндө болуп атканы булл мыйзам ченемдүү эле иш. Күйүп аткандардын ою мындай, унчукпай отуруш керек бир үйдүн чатагы болуп аткандай болуп. Андай эмес. Анан сот өтөт да.

Эдил Байсалов: Сотту сыйлаш керек.

Осунбек Жамансариев: Сотту сыйлайбыз.

«Азаттык»: Бирок жанагы атып салыш керек деген сөздөр болгон жок, бирок өрттөп, өлтүрөбүз деген сөздөр болду да.

Осунбек Жамансариев: Элдин бары тең бирдей эмес да. Ар кандай сөздөр болот, айтылды ошондой сөздөр. Анткени күйгөндөр бар. Алар чын айттыбы, же калп айттыбы, биз айта албайбыз. Бирок биз чогулуп алып мындай кылалы деп бир чечимге келди деген сөз жок. Балким чагымчылар отурат.

Эдил Байсалов: «Мекен шейиттерине» мен мурда деле айттым эле, азыр да сизге айтам, 7-апрелде болгон окуя бул - улуттук трагедия, бирок биздин улутубуздун кайра жаралышы. Жалпы улутка тийиштүү, кыргыздын тарыхына тийиштүү окуя. Бул биздин баатырларыбыздын элеси. Үй-бүлө тарабынан болобу, же коомдук бирикме тарабынан болобу, силер менчиктештире албайсыздар. Айтып атпайсыздарбы, ошону жамынып алып эле, догурунуп эле, 7-апрелдин атынан «Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо» эле сүйлөйт экен деп. Бул туура эмес. Бул калп. Анан дароо бизге айтасыздар, силер кимсиңер, силердин тууганыңар өлгөн эмес деп. Жалпы бардыгыбыздын туугандарыбьыз, жалпы кыргыздын уулдары ошол жерде окко учкан.

Осунбек Жамансариев: Бир жакшы сөз айтып туруп, кайра экинчи сөз менен сылаган болбойт. Биз шоумен эмеспиз деп айтып атабыз.

Эдил Байсалов:
Шоуну унутуңуз. Мен «Мекен шейиттерин» айтып атам. Сиздин коомдук бирикмеңизге тийиштүү эмес 7-апрель, менчигиңиз эмес. Бардыгыбыздын ичибиз күйүп атат, бардыгыбыз кан жутуп отурабыз ушул жерде.

Осунбек Жамансариев: Кан жутуп турган кишилер минтип айтпайт…

Эдил Байсалов: Ошол жерде кыйкырышыбыз керекпи?

Осунбек Жамансариев: Силерди биз кыйкыр деген жокпуз. Сиздерди ары-бери буруп, элди нааразы кылсын деп да айткан жокпуз. Биздин талабыбыз - бийлик үстүндө турган адамдарды, аткарган, ошону уюштурган кишилердин бары тең жоопко тартылып, чекит коюлуш керек. Эгерде жазаланган болсо, чоңдорго, иштеп аткандарга дагы жоопкерчилик болот. Ошондо коом өзү тарбияланат.

«Азаттык»: Айтсаңыздар, соттун жүрүшүнүн укуктук жагын гана алалычы. Эмне менен аяктайт жана эмнени күтөсүздөр?

Эдил Байсалов: Укуктук жагын да айтаармын. Бирок бул жерде мындай бир сөз менен айтаар элем, тилекке каршы, «Мекен шейиттери» чектен ашып догурунганы, ызы-чуу кылганы элди кайра нааразы кылып, 7-апрелдин жаркын элесине керек болсо шек келтирилип атат.

Осунбек Жамансариев: Айтыңызчы, Токтайым Үмөталиева экөөңөрдүн оюңарда кандай болуш керек?!

Эдил Байсалов: Токтайымды коюңуз...

Осунбек Жамансариев: Оюңуздарды айтсаңыз, сунушубуз мындай деп. Сиздин сунушуңузду мен соттон барып айтайын.

Эдил Байсалов:
Биз 6-7 айдан бери байкап атабыз. Тилекке каршы 7-апрелди силер менчиктештирип алдыңар, 7-апрель десе эле сиздер чыгасыздар. 7-апрелде миңдеген адамдар аянтта болгон. Алар эмне үчүн унчукпай турат?

Осунбек Жамансариев: Миңдеген эмес. Биздин шаарда азыр 43 миң киши биздин айткан сөздөрүбүздү колдоп, биз менен байланышып турушат.

Эдил Байсалов:
Сиздин бирикмеңиздин арасында абдан чыр-чатактар болуп атат. Анткени кээ бирлериңер мамлекеттик кызматты алып атасыңар, мен сиз деп айтпайм, айрымдарыңар чоң-чоң бизнесмендерге барып акча өндүрүп атасыздар.

Осунбек Жамансариев: Сиз болгон факты болсо айтпайсызбы?

Эдил Байсалов: 43 миң тургай жанагы сиздин бирикмеңиздеги 43 кишинин араңыздарда чыр-чатак көп.

Осунбек Жамансариев: Негизги башта, өзөктү түзгөн биз туруп атабыз да. Эч кандай чагымга берилбей, сиздер айткан чөнтөккө да кызыкпай туруп атабыз. Биз аягына чекит коюп алсак, ошондо биз эс алабыз. Бир тууганын жоготпогон кишилер аны жасабайт. Мисалы аянтта сиз турбайсыз.

Эдил Байсалов: Биз турабыз, туруп келгенбиз, Аксы окуясында да турганбыз.

Осунбек Жамансариев: Айлап турбайсыңар суук болсо да, ысык болсо дагы. Биз турушубуз мүмкүн.

«Азаттык»: Осунбек мырза, ушул сот жараяны эмне менен аякташы керек, кантип аяктайт, эмнени максат кылып атасыздар. Үч адамдын качып кеткенинен кийин кандай сабак алдыңыздар?

Осунбек Жамансариев: Тилекке каршы качып атат. Буларга өкмөт да, сот органдары да мыйзамдуу жол ачып беришти.

«Азаттык»: Мыйзамдуу жол ачып беришти деген эмне?

Осунбек Жамансариев: Тырнакчада айтып атам. Кечээ эмне үчүн биз өтүнүч келтирдик, баш коргоо чараларын өзгөртүп бергиле деп. Эми сот, отурган кишилер кийин бирөөгө жоопкерчилик болуш керек. Жети айдан бери биз ойлодук, бизде жоопкерчилик жок.

«Азаттык»: Акырына чыгыш үчүн, чекит коюш үчүн сиздер кандай аракеттерди көрөсүздөр?

Осунбек Жамансариев: Аракетибиз, өзүбүздү азыр тынч алып жүрүп, сурак жүрүп атканда дагы кыскача айтып, убакытты үнөмдөгөнгө аракет кылабыз, далилдер барбы, ошолордун үстүнөн иштеп…

«Азаттык»: Негизги күнөөкөрлөр жок болуп атпайбы, алардын сырттан айыптылып жатышына кандай карайсыз?

Осунбек Жамансариев: Сырттан чечим чыгарганын туптуура деп карайм.

«Азаттык»: Алардын үндөрү угулбай калып атпайбы?

Осунбек Жамансариев: Мыйзамда так жазылган, эгерде алар чет мамлекетте боло турган болсо, келүүдөн баш тартып атышса, сырттан карап, чечим чыгарса болот деп. Ал эми бул жерде отургандарга, мен пайдаланып айтып кетет элем, биз аларды алдын ала күнөөлөп, өлтүрөбүз деген сөз жок. Муну ортодон ойнотуп атышат. Биз айтып атабыз, күнөөсү барлар далилденсин, ошондо эл да, биз да ыраазы болобуз деп. Эгерде далили жок боло турган болсо, кээ бирлери болушу мүмкүн да, мисалы мен бир баланы угуп атам, мылтыктан бир дагы ок атылбаптыр деп. Аны дагы биз далилдейбиз, канча ок алып кеткен, канчасын тапшырды, мылтыгынан атылган жокпу, атылдыбы, же мылтыгын тазалап койгонго жетиштиби. Ушулардын баары тең текшерилиши керек.

«Азаттык»: Ушуга чейин «Ата-Журт» партиясына «Мекен шейиттери» көп дооматтарды артып келди. Эмне себептен силер өкмөттө турган кезде Бакиведерди качырдыңар деген суроо менен ушуга чейин Атамбаевге, Сариевге, же ошол эле Бекназаровго кайрылбайсыздар?

Осунбек Жамансариев: Башында турган кишилер, Атамбаевдер деле айтып атышпайбы, ошол учурда абал ошондой болгон, урушуп, кан чыгып кетпесин деген ойдо деп. Жакшы ойлор болгонуна биз деле ишенебиз. Себеби аларга каршы чыгышкан, ошолор бийликти алып түшүштү да, ошонун башында туруп беришти.

«Азаттык»: Эдил мырза, сиз Осунбек мырзанын суроолоруна жооп берген жоксуз, шоу, дагы көп нерсени айттыңыз. Сиздин оюңузча, сот жараяны кандайча өтүш керек эле?

Эдил Байсалов: Менин оюмча, нормалдуу сот процесси өтүш керек эле.

«Азаттык»: Нормалдуу деген кандай?

Эдил Байсалов: Нормалдуу деген соттун эле имаратында. Албетте жабыркагандар толтура, бирок дүйнөдө кээде тукум курут боюнча сот иштери болот, ал жакта жүз миллиондогон кишилер болот керек болсо, соттун эле имаратында өтөт. Телевизиондук процесс, телекамералар болуш керек.

Осунбек Жамансариев: Ошондо эл аралык коом биздин жакшы көрөт...

Эдил Байсалов: Кеп жакшы көргөндө эмес. Жанагыдай канкорлорду кайра кишендеп бул жака алып келишибиз керек. Ошол биздин улуттук кызыкчылык.

Осунбек Жамансариев:
Сунуш кылбайсыңарбы, силер да чекит коюшуңар керек да. Сунушуңар мыйзамга ылайык келиш керек.

«Азаттык»: Бөлүп өткөрүш керекпи сотту?

Эдил Байсалов: Бөлбөй эле коюш керек, бир комплекс болуш керек. Анткени кылмыштын курамы бир.

Осунбек Жамансариев: Абдан туура айттыңыз.

Эдил Байсалов: Бирок атайын соттук процессти өткөрбөй эле коёлу. Чоң-чоң залдар бар Жогорку Сотто деле, башка жерлерде деле. Муну чоң концерт залында кылбай эле коёлу.

«Азаттык»: Эдил мырза, мен сизге каршымын, сиз түз эфирде комментарийсиз деп атпайсызбы. Бул өтө опурталдуу болмок азыркы абалда.

Эдил Байсалов: Эмнеге опурталдуу?

Осунбек Жамансариев: Эшикте турушмак. Бул жактын айтканы боюнча болгондо даана кырдаал курчумак. Теңи кире албай эшикте болуп, ызы-чуу болуп, анан кирип мушташып...

Эдил Байсалов: Кеп анда эмес, сыналгыны көрө бериңиздер. Бирок мындай, жанагы ок атты деген адамдардын күнөөлөрү жалпы элге маалым болуп, факт менен далилениш керек. Бардыгыбыз ошого күбө болсок, ошого катышсак, ошол жерде 20 жылга соттолобу, же башка болобу, бардыгыбыз ошого баш ийип бермекпиз. Азыр сиздер көрүп атасыздарбы, өзүңүздөрдүн эле казаныңарда кайнап атасыздар, биз, эл аны көргөн жокпуз. Кочкордогу, Нарындагы, Токтогулдагы туугандар кантип көрүп атат?

Осунбек Жамансариев: Маалыматтар болуп атат. Азыр соттун даярдоосу болуп аткан учурда эле, Спорт сарайында болот дегенде эле сөз башталган. Эч кандай биз кыйкыра электе эле, эл аралык уюмдар бизди жакшы көрүп, жаман көрүп айта электе эле сиздер баштагансыздар.

Эдил Байсалов: Сиздин оюңузча, майда-чүйдөлөрүн камайлы, буйрук бергендер Европада баш паанек алып жата беришсинби? Ушундай болуп атат да.

Осунбек Жамансариев: Анда сиздин оюңузча, Бакиевдерди кармамайынча булар жүрүп туруш керек.

Эдил Байсалов: Жок, соттош керек. Бирок аларды бизге ким кайтарып берет?

«Азаттык»: Осунбек мырза, бул программага чейин сүйлөшүп атканда, сиз Бакиевдин экстрадицияланышына ишенесизби десек, сиз айттыңыз, Лукашенко өтпөйт, ошондо келет деп. Бирок бул күчтүү аргумент эмес. Системага, укукка ишениш керек да. Нормалар бар...

Осунбек Жамансариев:
Укукка ишенсек, азыр так даана эл аралык мамилелердин, пакттардын негизинде чыгаргандан кийин жол ачылат.

«Азаттык»:
Бакиев күнөөлү деп ушул сот чечим чыгарса, алардын алынып келишине сиз ишенесизби?

Осунбек Жамансариев: Мен ишенем.

«Азаттык»: Сизчи, Кыргызстанга келеби?

Эдил Байсалов: Али кеч эмес, 2-3 эле күн өттү. Бул сотту да оңдосок болот маданияттуулугубузду, айкөлдүгүбүздү көрсөтүп.

«Азаттык»: Сиз өзүңүздүн партияңызды рекламалап атасыз?

Эдил Байсалов: Жок, айкөлдүктү көрсөткүлө, сабырдуу болуш керек.

Осунбек Жамансариев: Жок, биз жасалма түрдө айкөл болалбайбыз. Болгон иш болгондой, элибиз кандай болсо ошондой эле болобуз.

Эдил Байсалов: Мен силерге бир сырды айтайынбы? Эл аралык коомчулуктан тышкары Бишкектеги эле, жалпы кыргыздын элине деле көп жакпай турат. Мына мен айтып атам. Сиз айтып атпайсызбы, туура эмес сөздөр айтылып кетти деп. Сиз кимсиз? Сот процессин сиз сыйлабай атпайсызбы. Анда сиз соттоңуз! Сиз туура эмес айтып атасыз. Туура сөз сүйлөйбү, туура эмес сүйлөдүбү ал жерде бардыгыбыз баш ийип беришибиз керек.

Осунбек Жамансариев: Жактоочулардын ишмердиги жана этика деген бар. Сот отурумундагылар, тигилердин жактоочулары тескерисинче ишти тура башташы керек. Иштин мерчемдүү жерлери менен алек болуш керек. Алар соттон чыгып атышпайбы, полемика, реплика кылып атпайбы, тогуз гана киши ок жеген деп. Же болбосо сиз айткандай шоу кылып атасыңар деп. Түшүнүп атасыңарбы, башача айтканда, бул жерде бириккен байланыш бар.

«Азаттык»: Жакшы тон менен, маданияттуу жооп берсе болот эле да?

Осунбек Жамансариев: Алар ошону айтпаганда тынч өтмөк. Биринчи күнү ошону айткан үчүн жанагыдай сөздөр чыкты.

Эдил Байсалов:
Жактоочулар албетте аппагым, күнөөсүз дейт!

Осунбек Жамансариев: Конкреттүү далилдерди келтирип, ошонун үстүндө иштеш керек эле. Булар андай иштешкен жок, пиар.

Эдил Байсалов: Күнөөлүү деп салып бериш керек беле?

Осунбек Жамансариев: Жактаганга убакыт келе элек, жактай электе эле шоумендер ошол жерде бар экен. Чолпон Жакупова деген айым бар экен, ал дагы ошол сөздү айтты да, шоу деп туруп, демарш кылып чыгып кетип атышпайбы.

«Азаттык»: Осунбек мырза, айтсаңыз, бирок биздин ушул соттон күткөнүбүз, - конструктивдүүлүк, сабырдуулук, мыйзамды урматоо.

Осунбек Жамансариев:
Биз аракет кылып атабыз. Азыр имаратты которгондо деле болбойт деп ойлоп атам. Себеби бүт эле туура кетип атат. Коопсуздукту камсыз кылыш керек деди, камсыздалып турат. Айыбын бүгүн бүтүшөбү, эртеңден баштап далилге келгенде биз баарыбыз ошол далил менен алек болуп калабыз, ошондо иш жүрөт, анан аягына чыгат.

«Азаттык»: Эдил мырза, сизге темага тиешелүү эмес суроо. Парламенттик шайлоо өттү, эми «Айкөл Эл» жумушун улантабы жана кийинки парламенттик шайлоого барабы, же ушул эле шайлоого катышыш үчүн түзүлдү беле?

Эдил Байсалов: Эл өзүнүн сөзүн айтты, биз баш ийип бердик. Мен жеке өзүм он жылдан бери күрөшүп келдим эле, ошол күн келди, кудай буюрса мекенибизге демократия орноду. Бирок ошол деңгээлге өзүбүз жооп бералгандай болушубуз керек. Биз көчө демократиясынан алыстап, мыйзамдуу жолго түшүшүбүз керек. 7-апрелде биздин каарман баатырларыбыз ошол үчүн өмүрлөрүн кыйып беришкен. Мыйзам орносун. Ошол жүктү, жоопкерчиликти биз көтөрө алышыбыз керек.

«Азаттык»: Рахмат сиздерге.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG