Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Жапаров интернеттеги видео боюнча жооп кайтарды


Интернетте Орусиядагы жана Казакстандагы айрым эмгек мигранттары оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровду Кыргызстанга коштоп келип, аны колдоо планын талкуулаган видео тасма пайда болду.

"Эгемен" жана "Фабула" сыяктуу басылмалар "Садыр Жапаров бийликти басып алуу үчүн төңкөрүш даярдап жатат" деген мазмунда жазып чыгышты. Садыр Жапаров өзү коомчулукка видео кайрылуу жасап, ал бийликти басып албастыгын айтып, анын жактоочулары саясатчыны мыйзамсыз камакка алууга жол бербөө үчүн уюшуп баратканын билдирди.

Интернетке тараган бул видео тасмада Казакстандын Чымкент шаарындагы айрым эмгек мигранттарынын оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров менен жолугушуусу тартылган. Анда анын жактоочуларынын 25-мартта саясатчыны Бишкекке чейин коштоп баруу планы талкууланып жатканы көрсөтүлгөн.

Жолугушууда 22-марттан тарта Казакстандын жана Орусиянын шаарларында иштеген айрым мигранттар өз ара уюшуп алып, оппозиционер саясатчы Садыр Жапаровго колдоо көргөзүү үчүн Кыргызстанга барууга даярданып жатышканы талкууланган.

Жергиликтүү басылмалардын дүрбөлөңү

Өткөн жуманын аягында интернетке тараган видеодогу саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочуларынын чыныгы мүдөөсү боюнча бийликке жакын "Фабула" жана "Эгемен" сыяктуу басылмалар жазып чыгышты. Анда "Садыр Жапаров Орусиядагы жана Казакстандагы эмгек мигранттарын 25-март күнү Бишкекке туш тараптан учуп келүүгө үндөп, баш калаада башаламандык уюштуруу аркылуу мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга тукуруп жатат" деп баяндалган.

"Эгемен" саясий интернет-порталынын башчысы Адилет Калыгулов Жапаровдун айланасындагы "тыңчылардан" алынган жашыруун маалыматтар бар экенин, материал мына ошол булактарга таянып жазылганын белгиледи:

- Видео тасмадан корккон деле эч ким жок. Бирок эми ар кандай башаламандыктарды алдын алуу керек го. Өлкөдө эми гана тынчтык орногондо ал киши сыртта жатып алып, элди дүрбөтпөй, бул жакка өзү акырын келип, жөн эле сурак берсе болмок да.

Бийлик Жапаровду чек арадан күтөбү?

Бийлик Жапаровду чек арадан күтөбү?

Чек ара кызматынын оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровду чек арадан өткөрбөөнү тапшырган телеграммасынын көчүрмөсү интернетке жарыяланып кетти.

Бирок Садыр Жапаров интернетке тараган видеододо жактоочуларынын арасында алардын Бишкекке келип, башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу пландары тууралуу сөз болбогонун ырастайт. Мына ошол тасмага түшүп калган жолугушуунун мазмуну одоно бурмаланганын айткан Садыр Жапаров бийликчил басылмалар аны күн мурунтан эле оор кылмышка айыптап, каралап жатканына мындайча токтолду:

- Ошол жолугушуудан бийлик кыйкым издеп, "Садыр Жапаров бийликти басып алуу планын түзүп жүрөт" дешип, "Эгемен", "Фабула" дегендерге чыгарып, "видеосу тарады" деп жазып, чын эле ошол видеодо укмуш бир үрөй учура турган, "бийликти басып алабыз" деген чакырыктар бардай жазып, элдин башын айлантып жатышат. Ал эл менен жолугушууда болгон видео. Эгер чынчыл болсоңор, ошол тасманы толугу менен КТРКдан көрсөткүлөчү.

Буга чейин Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстанга кайтып келерин жарыялаган. Андан соң УКМК аны кайсы бир иш боюнча күбө катары көрсөтмө берүү үчүн ага чакыруу жөнөткөнү белгилүү болгон.

Чек ара кызматына "аны чек арадан өткөрбөй кармоо" боюнча көрсөтмө берилгени да интернетке жарыяланып кеткен болчу. Бирок Садыр Жапаровдун кайсы иш боюнча суракка чакыртылып жатканы белгисиз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. ​Жапаров өзү тергөөгө барып, кайсы иш болбосун сурак берүүгө даяр экенин айтат.

Бийлик партиясы чочубайт

Анткен менен Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровдун өлкөгө кайтып келишине байланыштуу соңку саясий билдирүүлөрүн популисттик кадам катары кабыл алды. КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков Садыр Жапаров мигранттардын артына жашынбай эле, өлкөгө кайтып келип, тергөөгө сурак берсе болмок деп эсептейт:

- Эмгек мигранттары ал жактарга саясат үчүн кеткен жок да. Алар тиричилик кылалы деп кетишкен. Анан алар бирөө барып "жүр" десе эле анын артынан ээрчип келе бермек беле? Кыргызстан мигранттардын өзүнүн ата-журту. Алар каалаган учурда өлкөгө келет. Алар Садыр Жапаров менен учуп келе коюшуп эле төңкөрүш жасайт бекен? Мен буга ишенбейм.

Оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров парламентте депутат кезинде Кумтөр алтын кени боюнча канадалык "Центеррага" доо коюп, аны мамлекеттин карамагына өткөрүү демилгесин көтөргөн. Буга байланыштуу 2012-жылы 3-октябрда болгон митингден чуу чыгып, бийлик "Ата-Журт" фракциясынан депутаттар Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду бийликти күч менен басып алууга даярданган деп айыптап, алар бир жарым жылга соттолушкан.

Сегиз ай тергөө абагында отурган ар бир күнү эки күнгө эсептелип, алар 2013-жылы эркиндикке чыгышкан. Мына ошондон кийин Садыр Жапаров чет өлкөгө чыгып кеткен болчу. Садыр Жапаров менен бирге камалган Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун соттуулугу 2015-жылы парламенттик шайлоонун астында жоюлган.

Садыр Жапаров Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин чет өлкөдө жүрүп негизги катмарын эмгек мигранттары түзгөн "Мекенчил" саясий партиясын түптөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG