Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:31

Апта: уулуу көмүрдүн чуусу, коррупцияга укурук...


Бишкек жылуулук борборунда сакталып турган уулуу көмүр.

Бишкек жылуулук борборунда сакталып турган уулуу көмүр.

Уулуу көмүр Чүйдөгү 14 мектепке жана бала бакчага таратылып кеткени маалым болду. Оппозициялык күчтөр бириге баштады.

Өткөн жылы Казакстандан Кыргызстанга алып келинген радиациясы ашып-ташыган Кулан көмүрү Чүй облусундагы айрым мектептерде жагылып кеткен. Кулан көмүрү күйгүзүлбөй турганда радиациясы анчалык коркунуч туудурбай, бирок күйгүзгөндө жана андан кийин күлүндө радиация абдан күчтүү болоору адистер тарабынан аныкталган.


Радиациялуу көмүрдү Казакстан кайра албайт


“Таза табият” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева балдар ушул кезге чейин ууланып жатканын билдирди:

- Эгер 14 мектепти жана 1 балдар бакчасын эсептей турган болсок, азыр 5000ден ашык окуучу радиацияга ууланып жатат. Муну менен катар бул көмүрдү жаккан соң анын күлүнүн радиоактивдүүлүгү 3-4 эсе көп болот экен. Муну мекемелер аралык комиссиянын 30-декабрдагы жыйынтыгы да далилдеди.

Бул жеткинчектерге карата жасалган оор кылмыш. Радиация айыкпас дартты жаратаары баарына белгилүү. Мына ушундай коркунучтуу көмүрдү коопсуз жерге чыгарууга өкмөт эмне үчүн токтоосуз киришкен эмес?

Отун-энергетика боюнча адис Расул Үмбөталиев ууланган көмүр дароо мектептерден алып чыгарылып кетиш керек эле дейт:

- Тездик менен ошондой кылыныш керек эле. Үч ай мурун, төрт ай мурун жасалыш керек эле. Билингенде эле аракеттениш керек эле. Себеби радиация баарын уулайт.

Башкы прокуратура радиациялуу көмүрдүн алып келиниши боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок ал Бишкек жылуулук борборуна алып келинген көмүр боюнча. Бул иш иликтенип бүтүп, ал боюнча бир дарыгер жана бажы кызматынын майда кызматкери жооптуу болуп чыгууда. Ал эми мектептерге радиациялуу көмүрдүн таркатылышы боюнча Башкы прокуратура 2-февралда гана маалымат таратты.

Азыркы кезде Энергетика министрлиги радиациялуу көмүрдү Казакстанга чыгарууга аракет жасап жатат. Бирок Казакстан мыйзамдары радиациялуу заттын кирүүсүнө жол бербейт. Ошондуктан өкмөттүн аракетинен майнап чыгышы күмөндүү.

Мындай шартта Кыргызстан ал көмүрдү жерге көмүп, бетондоп салыш керек дейт Расул Үмбөталиев.
Булар көбүнчө саясий куугунтук менен алек болуп, бири-бирин жактап, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деп жатышпайбы. Маселенин баары ошол жакта.

Оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев радиациялуу көмүрдүн алып келинишине өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду айыптап, көмүр сатып алуу боюнча расмий тендердин жыйынтыгын Бабанов бузуп, өзүнүн жеке чечими менен Кулан көмүрүнүн алып келинишине уруксат берген деп билдирүүдө. Өкмөт башчынын дарегине карата мындай айып “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов тарабынан да айтылган. Албетте өкмөт башчы жана анын жардамчылары бул айыптоолорду төгүндөп, тиешеси жоктугун айтууда.

Башкы прокуратура бул ишти иликтөөдө азуусуздугун көрсөтүүдө. Мүмкүн президенттин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасы эми аларга өбөк болоор. Анын үстүнө “Ата Мекен” фракциясы 3-февралда билдирүү таратып, эгерде радиациялуу көмүргө байланыштуу иш аягына чыгарылбаса, коррупцияга каршы жарыяланган күрөш бекер болуп каларын эскертти.


УКМК укуругуна Бабановдун кадрлары илинди


Коррупцияга каршы күрөш демекчи, узап бараткан аптада бул багытта коомчулукту опур-топурга салган бир топ сөздөр айтылды, президент тарабынан тапшырмалар берилди. Ал эмес, камакка алуулар болуп кетти.

Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы антикоррупциялык кызматтын укуругуна адегенде Улуттук электр станциялар акционердик коомунун төрагасынын орун басары Кеңешбек Мурзакматов, андан кийин чуулгандуу “Мегакомдун” жетекчиси Азамат Мурзалиев, кеңешчиси Алмаз Абеков жана “Мегаком” менен байланышы бар “Новострой сервис” фирмасынын жетекчиси Аман уулу Кенжебек илинди. Алар өз ара сүйлөшүп алып, мамлекетке 142 млн. сом зыян келтирген деп айыпталууда.

Коомчулуктун бир бөлүгүндө бул камакка алуулардан президент менен өкмөт башчынын ортосундагы күрөштү көргөндөр да жок эмес. Эки жетекчинин командасынын ортосунда ачык тирешүү болбосо да түртүшө кетүүлөр байкалып келатат. Маселен, президентке баш ийген Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Шамил Атаханов анын мекемеси менен Финансы полициясынын ыйгарым укуктары кесилишип баратканын билдирген. Финансы полициясы болсо өкмөт башчынын колунда. Акыркы камакка алуулар Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан жасалып, ал Өмүрбек Бабановдун кишилерине тийүүдө.


Уячалар иши саясий уялаштарга тийбейби?


Президенттин жардыгында коррупцияга каршы күрөш эле эмес, жакынкы өткөн мезгилдеги кандуу окуяларды, банктардын уячаларынан акча, алтындардын алынышын иликтөө Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети жана Ички иштер министрлигине тапшырылды.

Банк уячаларынан акча жана алтындарды алуу иши Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровго барып такалат. Бул боюнча азыркы президент Атамбаев да 2010-жылы май айында билдирген. Ал билдирүү Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун Атамбаевге катуу каршылыгын пайда кылган. Бирок андан бери мезгил өтүп, саясий максаттарга байланыштуу Бекназаров да, Сариев да Атамбаевди президенттик шайлоодо колдоп чыгышты.

Азыркы кезде Темир Сариев Алмазбек Атамбаевдин каалоосу менен түзүлгөн өкмөттүн бакандай мүчөсү. Ошондуктан банк уячаларын иликтөөдө президент үчүн татаалчылык чыгат.

Жаңжалды күчөткөн жагдай банк уячаларынан алынган акча Убактылуу өкмөт маалымдагандай, 20 млн. доллардын тегерегинде эмес, 100 млн. доллардын тегерегинде болуш мүмкүндүгүнөн чыгууда. Акча алынып жаткан мезгилди жазган дисктерди прокуратура кызматы жоготуп жиберген. Бул атайлап жасалганы эч кимге деле жашыруун эмес.

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов бул маселе боюнча кезинде​ кылмыш ишин козгогонун эскерет:

- Мен дал ушул маселе боюнча иш козгогон элем. Хегай деген тергөөчү тогуз токтом чыгып, жазып алган тогуз дискти алып кетип, ошол бойдон жоголду деп чыккан. Ошол боюнча мен кылмыш ишин козгоп, тергеле баштаган. Эми болсо акталып кайра келишти деген маалымат чыгып жатпайбы. Алар тергөө учурунда туура эмес жасагандыгын, дисктерди жоготкондугун мойнуна алган. Анан булар көбүнчө саясий куугунтук менен алек болуп, бири-бирин жактап, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деп жатышпайбы. Маселенин баары ошол жакта.

Азыркы башкы прокурор Аида Салянова банктан акча алуулар боюнча иште жылыш жоктугун 2-февралда билдирди:

- Уячалар боюнча депутат Акматбек Келдибеков бир нече ай мурун билдирүү жасап, андан ашык акча болгон эле деген эле. Мен ошол эле күнү тергөөчүлөрдү жиберип, Акмат Келдибекович, бизге диск болсо, маалымат болсо берсин дегем. Анткени бизде андай маалымат жок. Ал киши жооп берүүдөн баш тартты. Менимче, эртең ошондой эле кишилер чыгып, алардын колунда диск болушу же дагы бир башка нерсе болушу мүмкүн. Эгерде андай маалыматтар, далилдер болсо алардын үстүнөн иштей беребиз. Ошон үчүн бул иштер толук бүттү деп айта албайм.

Алмазбек Атамбаевдин жардыгында уячалардын алынган акчаларды таратуу жана аларды пайдалануу жагын да иликтөө тапшырылган. Белгилүү болгондой, ал акчалар ошол кездеги кырдаалды жайгаруу үчүн жумшалганы айтылып келет. Ал эми коомчулукта болсо акчалар дарегине жетпей, жетекчилердин жеңинде кете бергени туурасында ишеним күчтүү. Бул ишти иликтөөдө Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Эмил Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаевдин ысымдары чыгышы күтүлөт.

Марс Сариев

Марс Сариев

2010-жылдын апрелинде орун алган бул иштерди акыр-аягына чейин иликтөө Кыргызстанды аңтар-теңтерге салганга барабар. Ошондуктан президент акыр аягына чейин бара алабы же бул да кезектеги кур сөз болуп калабы деген шектенүү күчтүү.

Саясат таануучу Марс Сариев президент Атамбаевде мыйзам жолу менен баруудан башка арга жок дейт:

- Атамбаев мыйзам жолу менен барат. Анда башка арга жок. Анткени эл жазында жарылып кеткенге даяр турат. Анын үстүнө баалар дагы көтөрүлүп, жашоо кыйын болуп кетти. Эл коррупцияны көрүп турат. Ошон үчүн Атамбаевде мыйзам жолу менен барыштан башка айла жок. Туура, пикирлештерине тиет. Алар да “ыйык уй” болбош керек. Ошон үчүн азыр абдан татаал мезгил. Мыйзам жолу менен жүрүш керек же башкача болуш керек. Аны тандап, чечиш керек. Ошон үчүн кантип, эмне болуп кетерин айтыш кыйын. Бирок кырдаал ушуга түртүп жатат. Өкмөттө башка жол жок.

Ошентип президент Алмазбек Атамбаев күчтүү жардыгын чыгарды. Мамлекеттин өзү коррупияланып калганын жарыялады. Эгерде Атамбаев коррупцияга каршы күрөштө эркин көрсөтсө, анда аны эл өзү колдоп да, коргоп да алары шексиз.


Оппозициялык партиялар бириге баштады


Кыргызстан саясатынын оппозициялык канатында орчундуу өзгөрүү болду. Алдыңкы оппозициялык партиялар “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” биригүү келишимине жетишти. Келишимге эки лидер - Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев кол койду. Эми бул биригүү боюнча партиялардын курултайлары чечим кабыл алыш керек. Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө караганда, эки тарап азырынча кандай формада биригүүнү чече элек.

Президенттик шайлоонун алдында ыңкылапчыл күчтөр биригип, Алмазбек Атамбаевди колдоп чыккан эле. Ал өз натыйжасын берди. Бирок ыңкылапчылардын бир саясий партияга биригүүсү жөнүндө сөз боло элек. Оппозициялык партиялар биригүү багытында эми кадам таштай башташты.

Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевдин биригүүсү “Бүтүн Кыргызстан” партиясында каршылык жаратпашы мүмкүн, бирок “Ата-Журтта” бир топ оош-кыйыштарга алып келиши ыктымал. Анын үстүнө чечим “Ата-Журттун” лидерлеринин бири Акматбек Келдибековдун АКШда сапарда жүргөн мезгилинде кабыл алынып калды. Камчыбек Ташиевдин жаңы партия түзүлүш мүмкүндүгүн айтканына караганда, айрым санаалаштарынын каршылыгы эске алынып турат.

Камчыбек Ташиев санаалаштарын менен биригүү менен катар өкмөткө сокку урууну күчөтө баштады.

Радиациялуу көмүрдүн төрт айдан бери мектептерде жатышы Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнө олуттуу сокку болот. Муну “Ата-Журт” фракциясынын лидери Ташиев илгиртпей илип, Бабановду кызматтан кетүүсүн талап кылып чыкты.

Башкаруучу коалицияда турган “Ата Мекен” фракциясынын радиациялуу көмүр боюнча билдирүүсү да буга кошул-ташы болуп, өкмөттүн башына кара булут айлана баштады.

Жаз алдында өкмөттүн абалынын мына ушундай туруксуздугу жана толкундоолор болуш мүмкүндүгү жөнүндөгү сөздөр саясий кырдаал курчуп баратканынан кабар берет. Дал ушуларды эске алган жагдай президенттин 1-февралдагы жардыгында да камтылган. Жардыкта мамлекеттик маанилүү объекттерди кайтарууну күчөтүү, элдик кошуундарды түзүү жана аларды колдоо жагы бекеринен көтөрүлбөгөн болуш керек.


Москвага жагынууда ким озунат...


Сырткы таасирлүү оюнчулар да Кыргызстанга кастарын тигип турат. Алмазбек Атамбаевдин Түркияга сапары учурундагы Транзиттик борборго байланыштуу карама-каршылыктуу сөздөрү Кремлде түшүнбөстүктү пайда кылгандай. Аны жайгаруу үчүн президент Атамбаев 1-февралда АКШ элчисин кабыл алууда Транзиттик борбор 2014-жылга карай чыгыш керектигин дагы бир жолу атайын эскертти окшойт.
Эгер 14 мектепти жана 1 балдар бакчасын эсептей турган болсок, азыр 5000ден ашык окуучу радиацияга ууланып жатат.

Москванын көңүлүн алуу үчүн президент Атамбаев эле эмес оппозициялык “Ата-Журт” фракциясы да катуу аракетин көрдү. Бул фракция Транзиттик борборду чыгаруу маселесин парламентке алып чыгууну 3-февралдагы отурумунда чечти. Бул чечимдерге чейин бир катар жарандар АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыгып, Транзиттик борборду жабуу талабын коюшту.

АКШ тарап да жөн жаткан жок. Мына ушул аптада Американын аскердик командачылыгынын делегациясы Бишкекке келип, алдыдагы кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү. АКШ тарап Транзиттик борбор үчүн азык-түлүктөрдү Кыргызстандан сатып алууга даярдыгын билдирди. Буга чейин андай болгон эмес эле.

АКШнын Кыргызстанды стратегиялык аймак катары карап жатканы элчиликтин жаңы имарат салуу аракетинен да байкалып турат. Кошмо Штаттар Бишкекте элчилигинин жаңы имаратын салуу үчүн 145 млн. доллар бөлөт. Ал элчиликте 320 дипломат эмгектенет. Бул сандар көп нерседен кабар берет.

Мына ушундай саясий кымкуутта кыргыз саясатчылары акылын жоготуп, анда мамлекет жана эл жабыркап калбаса болгону.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG