Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Кыргызстан менен Венгрия экономикалык мамилени жакшыртууга кызыкдар


Бул туурасында президент Роза Отунбаеванын Венгриянын президенти Пал Шмитт менен болгон жолугушуусунда айтылды. Тараптар айыл чарба, сырткы соода, эл аралык жүк ташуу, парламент аралык байланыштарды бекемдөө жаатында кызматташуу башкы максат экендигин белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир нече эки тараптуу документтерге кол коюлду. Роза Отунбаеванын Венгрия Республикасына болгон расмий сапары кечээ башталган. Бүгүн Роза Отунбаева Австрияда өтө турган Европа жана Борбордук Азия боюнча бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга да катышары күтүлүүдө. Бул сапардын алкагында Отунбаева Бруно Крайский атындагы Эл аралык диалог форумунда чыгып сүйлөөсү, андан тышкары, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландалууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG