Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

"Таза коом" долбоору колдоо күтөт


Бишкек
Бишкек

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун жарыялады.

Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени айтылды. Сапар Исаков эл аралык донорлордон долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылык жана методологиялык көмөк көрсөтүүнү сурады.

Жаңы долбоордун бет ачары

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков 6-апрель күнү эл аралык каржы уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканда "Таза коом" жалпы улуттук долбоорунун бет ачарын тартуулады. Бул долбоор ишкердикке жагымдуу шарттарды түзүүнү, жарандарга мыкты кызмат көрсөтүүчү мамлекетти курууну көздөйт. Исаков долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын камсыздап, коррупцияга каршы тутумду калыптандыра турганын айтты. Долбоор жарандардын социалдык-укуктук маселесин жеңилдетип, алардын жашоо сапатын көтөрүп, коопсуздугун чыңдары көрсөтүлдү. Президенттик аппараттын жетекчиси аны ишке ашырууга айрым мамлекеттик органдар каршы чыгышы мүмкүн экенин белгиледи:

Сапар Исаков
Сапар Исаков

- Система өзгөртүлө турган тармактардагы кээ бир мамлекеттик аткаминерлер биринчилерден болуп бул долбоорго каршы чыгышы мүмкүн. Өзгөчө жанагы акчага жана мамлекеттик бюджетке байланыштуу тармактардан. Бирок биз ошол кадамга барууга даярбыз. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бизде жаштардан турган мыкты команда бар. Алардын көпчүлүгү мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. Алардын көбү өз күчү менен мына ушуга окшогон долбоорлорду ишке ашырган.

Бет ачардын жүрүшүндө президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков эл аралык донор уюмдарды долбоорду ишке ашырууга каржылык жактан гана эмес, методологиялык жактан дагы жардам берүүгө чакырды. Ал быйыл майда Бишкекте донордук конференция өтөрүн, анда "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардан конкреттүү колдоо-сунуштарды күтөрүн айтты.

Бул долбоор өлкөнү өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки стратегиясынын баштапкы бир бөлүгү катары жарыяланды. 2012-жылы дагы өнүгүүнүн 2017-жылга чейинки улуттук стратегиясы иштелип чыккан. Бирок анда коюлган көрсөткүчтөрдүн айрымдары аткарылбай калганы сынга алынып жүрөт.

Көчүрүлгөн долбоорлор

Талдоочу-экономист Азамат Акелеев ишке ашпай калган стратегияны жазгандар кайрадан экинчисин иштеп чыкканын мисал келтирип, долбоорлор менен программалар бири-биринен көчүрүлгөн жагдайдан кеп салды:

Азамат Акелеев
Азамат Акелеев

- Эң эле негизги маселе мына ошол иштелип чыккан стратегияларды, программаларды ишке ашырууда жатат. Мисалы, 2014-2015-жылдары "Өнүгүүнүн жол картасы" деген иштелип чыккан. Бирок кийинки келген өкмөт аны аткарбай койгон. Негизги иш-чаралар бардыгына эле белгилүү. Алар ар бир иштелип чыккан стратегиядан стратегияга эле көчүрүлүп келе жатат. Бирок аткарылган жок. Ошол эле туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын көптөгөн көрсөткүчтөрү максатына жеткен жок. Аны иштеп чыккан адамдар эми кайра эле жанагы 2040-жылга чейинки стратегияны ишке ашыра аларынан күмөнүм бар.

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков ири улуттук долбоорлор мурдагы бийлик режимдеринин тушунда дагы иштелип чыгып, бирок ишке ашуусу ийгиликсиз болгонун айтты. Исаков бул жолу "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу аркылуу өлкөнү коррупциядан арылтууга толук чечкиндүүлүк жана саясий эрк жетиштүү экенин белгиледи.


"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG