Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Бул жолку президенттик шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү туурасында саясат таануучу Санжар Тажиматов ой бөлүшөт.

- Президенттик шайлоо күнү белгилүү болду, азыр талапкер болуп кимдер чыгары болжолдуу билинип калганы менен толук айтыла элек. Айрым лидерлер жер-жерлерде жолугушууларын эбак өткөрүп, курултайларын өткөрүүгө камынууда. Эл аралык эксперттер болсо быйылкы президенттик шайлоо өнөктүгү мурдагыларга салыштырмалуу катуу болорун айтууда. Сиз эмнеси менен өзгөчөлөнөт деп ойлойсуз?

- Алдыдагы шайлоонун көрүнүп турган жагын алып карасак - бул элдин эркин билдирүүчү майрам катары болушу керек. Саясий партиялардан түрдүү лидерлер катышууда. Бирок биз айсбергдин көрүнбөй турган жагын да эске алышыбыз керек.

Биринчиден, саясий партиялар кандай жол аркылуу эл менен иш алып барууда, саясатка катышуунун кандай активдүү жолдору бар деген чоң маселелери бар. Ал эми саясатка активдүү катышуунун бир жолу – саясий партия. Тигил же бул жаран саясий партияга кирүү менен активдүү катышса болот деген жерлери бар.

Чындыгында бизде саясий партиялардын партиялык курулуш процесси жакшы деңгээлде жүргөн жок. Ошондуктан Жогорку Кеңешке келген адамдардын негизги бөлүгү, партиянын лидерлери лидер катары, ал эми калган мүчөлөрү тигил же бул региондон белгилүү бир добуш алган үчүн депутат болуп отурушат. Демек биз пропорционалдык системаны киргизген менен можаритардык системанын элементтери бүгүнкү күнгө чейин жашап келет.

Шайлоо чоң саясий окуя. Бирок Батыш изилдөөчүлөрүнө белгилүү кооптонууларды жараткан регионализм маселеси болууда. Мисалы, элди саясатка этникалык негизде мобилизациялоонун артынан өлкө түштүгүндөгү кайгылуу окуялар келип чыкты. Эгерде президенттик шайлоо учурунда да саясатка элди аймактык, жердешчилик негизде пайдаланса чоң кооптонууну жаратат. Жогорку Кеңеште 7-апрель жана июнь окуясын кароо мезгилинде бул оор маселелердин бири экени көрүнүп калды.

- Коомчулукта, маалымат каражаттарында сырткы өлкөлөр Кыргызстанда президенттикке ат салышар бир эмес бир нече адамды сүрөшү мүмкүн деген сөздөр болууда. Сырттан кандай таасир болот деп ойлойсуз?

- Парламенттик шайлоодо дагы тышкы өлкөлөрдөн таасир болгону белгилүү. Президенттик шайлоо маалында да айыркча дүйнөдөгү чоң саясий борборлор таасир жасаганга аракет жасашат. Анткени Кыргызстандын жайгашкан өзгөчөлүгү, геосаясий жактан алганда ким президент болору аларга маанилүү.

- Кайсы өлкөлөр таасир этиши мүмкүн?

- Биринчиден, баарыбызга белгилүү Орусия. Экинчи Кытай, анан АКШ. Бул мамлекеттер үчүн Кыргызстандагы кырдаал, саясий процесстер кайдыгер калтырбайт. Себеби бул жердеги маселелер өздөрүнүн кызыкчылыктары менен да белгилүү деңгээлде байланышы мүмкүн.

- Бийлик ресурсун пайдалануу маселеси кандай болушу мүмкүн? Былтыркы референдум учурунда жана ЖК депутаттарын шайлоо маалында административдик ресурс колдонулбаганын бийлик айткан менен коомчулукта башка пикирлер да айтылган болчу.

- Эгемендүү Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү бир канча болуп ирет өттү. Ар бир шайлоо өнөктүгүндө электоратта белгилүү бир өзгөрүүлөр болот. Алдыдагы шайлоо маалында салыштырмалуу административдик ресурстарды пайдалануу азыраак болушу мүмкүн. Бирок ыктымалдыгы бар.

- Саясий лидерлер бириге алабы?

- Сөзсүз биригиши керек, антпесе болбойт. Анан жердешчилик, аймактык негизде элди саясатка мобилизациялоону колдонбосо эң сонун болот эле.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG