Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

"Парламент компромат майданына айланды..."


Кыргызстандагы соңку саясый кырдаалга байланыштуу саясат таануучу Санжар Тажыматов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Апрелдеги талоончулук боюнча парламенттеги талкуунун жүрүшү жана Ак үй алдындагы митингге байланыштуу соңку абал саясий кризистин башаты болот деген кооптонуу канчалык негиздүү?

- Митингдердин болушу – демократиялык жараян. Бирок бул маселеге чекитти ачык, коомчулук үчүн айкын жүргүзүлгөн сот коюшу керек болчу. Бүгүн бизде сот бийлиги толук кандуу таза иштебегендиктен мунун баары чыгып жатат.

Окуяларга саясий баа берилип жатат, ал эми соттук чечим жок. Митингди тигил же бул саясий күчтөрдүн “биздин артыбызда эл турат” деп, күчүн көрсөткөнү катары да баамдаса болот. Ар бир фракция азыркы кезде өзүнүн тарапкерлерин Ак үйдүн алдына алып чыкканга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок "көчө демократиясы” аркылуу азыркы маселелерди чечүү жакшы натыйжага алып келбеши мүмкүн.

- Кезектеги саясий чыңалуу пайда болобу?

- Мүмкүн, эгерде митингдер жолу тандалса. Бирок бул маселелерди сот аркылуу, мыйзам жолу менен чечсе болот. Тилекке каршы азыр сотко элдин ишеними өтө төмөн.

- Кандай актанган күндө да “атамекенчилердин” аты булганды деген сөздөр айтылып жатпайбы парламенттик оппозиция тарабынан... Эгер сот акыр-аягында алардын талоончулукка тиешеси жок деген чечим чыгарса, бул партия жана лидери Өмүрбек Текебаев ошондой аттан арылышы мүмкүнбү эми?

- Сөзсүз мүмкүн. Менимче, азыр парламент негизги ишинен оолак болуп эле компроматтардын согуш майданына айланып кетти. Компромат деген экинчи орунда болушу керек. Биринчи кезекте депутаттар өлкөнүн тагдырын ойлоп, мыйзам чыгаруу менен көбүрөөк алек болсо болот эле. Эгерде сот адилеттиги орноп, “атамекенчилердин” күнөөсү жок экени далилденсе, бул партиянын кадыр-баркы өсөт деп ойлойм.

- Парламент демекчи, оппозициячыл депутаттар жыйындан протест көрсөтүп чыгып кеткени Жогорку Кеңешти таратыш керек деген сөздөргө кошул-ташыл болуп парламенттик кризиске алып келбейби?

- Конструктивдүү иштегенге жол болбосо, азыркы чакырылыштагы парламенттин таркашына алып келиши мүмкүн. Экинчиден, бул чоң башаламандыкка да алып келиши ыктымал. Себеби ар бир фракция өз тарапкерлерин көчөгө алып чыга турган болсо, жарандардын ортосунда кагылышууга чейин алып барышы мүмкүн. Менимче, буга жетпейбиз. Парламентте оппозиция, түрдүү көз караш болуш керек, бирок маселелер демократиялык консенсус жолу менен чечилиши зарыл.
XS
SM
MD
LG