Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Четтеги кыргыздар Талиевага нааразы


Камила Талиева парламентте ант берип жаткан учур.
Камила Талиева парламентте ант берип жаткан учур.

Казакстан, Орусия жана Түркиядагы Кыргызстандын диаспора өкүлдөрү маданият министри Камила Талиевага бойкот жарыялашты.

Алар мындан ары Талиеваны министр катары эч кандай иш-чарага чакырышпайт жана ал уюштурган иш-чараларга өздөрү да барбайт. Буга 3-майда Астана шаарында Токтогул Сатылгановго арналып уюштурулган иш-чаранын уюштуруучулары боюнча маалыматты Камила Талиеванын бурмалап бергендиги башкы себеп болгону айтылып жатат.

Министр мааракени өзүнө ыйгаргысы келгенби?

Казакстан, Орусия жана Түркияда жашап-иштеген диаспора өкүлдөрү вице-премьер-министр Элвира Сариевага ачык кат жолдошуп, маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиевага нааразы экендигин кабарлашты. Алардын нааразылыгына 3-майда Астана шаарында өткөн Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси себеп болгон. Сатылгановго арналган “Ала Тоо булбулу-Токтогул” аттуу иш-чараны Казакстан эл ассамблеясынын мүчөсү болгон “Кыргызстан-Астана” этно-маданий биримдиги уюштурган. Аны өткөрүүгө Астана шаарынын акимчилиги, Түрк академиясы жана ТҮРКСОЙ уюму колдоо көрсөткөн. Аталган иш-чарага маданият министри Камила Талиева конок катары чакырылган. Мааракенин уюштуруучусу, “Кыргызстан-Астана” этно-маданий биримдигинин жетекчиси Шавкат Исмаиловдун айтымында, Талиева Кыргызстанга келгенден кийин маалымат каражаттарына сүйлөп, ал иш-чараны өзүнө ыйгарып алган жана чыныгы уюштуруучуларын унутта калтырган.

- Биз эки айдан бери чуркап жүрүп, ошонун баарын уюштурганбыз. Жок дегенде уюштуруучулар ушулар деп, атыбызды айтып койбойбу. Менде “Замананын” жаздырылган берүүсү турат. Ал жерде да “биз өткөрүп келдик” дейт. “Өткөрүп келдик” дегени “мен барып өткөрдүм” деп айтып жатканы да.

Шавкат Исмаилов бойкот жарыялоо үчүн башка да себептер болгонун кошумчалады. Ушундан улам Казакстан, Орусия жана Түркиядагы Кыргызстандын диаспора өкүлдөрү мындан ары министр Камила Талиева менен кызматташуудан баш тартышты.

- Бойкот дегенибиз, эгер Камила Талиева бир иш-чара уюштурса барбайбыз. Эмне үчүн барбай тургандыгыбызды да ачык жарыя кылабыз. Анан өзүбүз дагы ушул сыяктуу дагы бир иш-чара уюштура турган болсок, башкасын чакырсак да, Талиеваны чакырбайбыз.

Диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, Сатылгановдун мааракесине 15 миң доллар каражат жумшалган. ТҮРКСОЙ быйылкы жылды “Токтогул Сатылганов жылы” деп жарыялаган болчу. Ага байланыштуу Кыргызстанда жана жалпы түрк мамлекеттеринде бир катар маданий иш-чаралар өтүүдө.

Камила Талиева эч кимди унуткан эмес

Ал эми Камила Талиевага айтылган дооматтар боюнча министрликтин басма сөз катчысы Марлен Соляной “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Ал уюштуруучуларды унутуп коё алмак эмес. Министр уюштуруучуларга Астанадан эле ыраазычылыгын билдирген. Ошондуктан, ал унутуп коё алмак эмес. Биз министрликтин атынан тараткан маалыматта да уюштуруучулар кимдер экенин айтканбыз. Балким министр сүйлөп жатканда техникалык же мазмундук ката кетирип алган болсо керек. Алар ушундайды көрүп алып айтып жатышкандыр. Бирок министр уюштуруучуларды унутуп койду деген туура эмес.

Казакстан, Түркия жана Орусиядагы кыргызстандыктар ачык катты вице-премьер-министр Элвира Сариевага жолдогон. Ал бул боюнча министр менен сүйлөшө турганын айтты:

- Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар бизге чоң жардам берип жатат. Токтогул Сатылгановдун мааракесин, аны тааныткан иш-чараларды өткөрүүгө жана башка демилгелерге кошкон салымын биз сөзсүз баалайбыз. Ал эми ачык кат боюнча айтсам, маданият министри менен мен жолуга элекмин. Жакынкы күндөрү бул маселени сөзсүз талкуулайбыз.

Камила Талиева мурдагы өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болуп иштеген. Апрель айында жаңы өкмөт куралганда маданият министри болуп дайындалган. Бирок анын маданият тармагын жетектешине каршы болуп, жаш акын, жазуучулар, театр ишмерлери маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Андан кийин жалпы эле маданият ишмерлери “маданият өлдү” дешип өкүрүшкөн болчу. Бирок өкүрүк салгандар ал нааразычылык жалпы өкмөткө багытталганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG