Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

"Ата Мекен" Текебаевди президенттикке көрсөттү


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

"Ата Мекен" партиясы 5-мартта чукул курултайга чогулуп лидери Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү.

19-ноябрга белгиленген президенттик шайлоого Өмүрбек Текебаевдин катышар-катышпасынын укуктук жана саясий жагы коомчулукта талкуу жаратты.

26-февралдан бери атайын кызматтын тергөө абагында отурган Текебаев "коррупция" жана "алдамчылык" беренеси боюнча айыпталууда. Бул оор кылмыш болуп эсептелет жана күнөөсү далилденсе, 20 жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жаза каралган.

Партиянын чечими

"Ата Мекен" партиясы 5-мартта Бишкектеги курултайында камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүүнү, аны чукул арада бошотууну бийликтен талап кылууну чечти.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов жер-жерлерде тынчтык митингдерин өткөрүүгө камылга башталганын "Азаттыкка" кабарлады:

- Биздин партиянын саясий кеңешинин чечими менен республика боюнча партиянын бөлүмдөрү, штабдары, активисттери жанданат. Конституциядагы укугубуздан пайдаланып, демократияны коргоого, саясий куугунтукту токтотууга багытталган тынчтык митингдерин өткөрүүгө даярданабыз.

Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигинин президенттикке көрсөтүлүшү түрдүү пикир жаратты. БШКнын мурдагы мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков анын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу буларды айтты:

- Президенттик шайлоо башталарына үч ай калганда өнөктөштүк башталат. БШК талапкерлерди каттай баштайт. Талапкерлер документтерди тапшырат, кол топтошот, кыргыз тилинен сынактан өтүшөт. Мына ушул жол-жобонун баарын аткаргандан кийин БШК юридикалык күчкө ээ "талапкер" деген күбөлүк берет жана кол тийбестикке ээ болот. Ошол учурда тергөө абагында болсо, камактан бошотулат. Азырынча Текебаев талапкерлиги көрсөтүлгөнү менен иммунитетке ээ боло элек.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

Кыргызстандын шайлоо тарыхындагы окуялар

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов сот чечимине байланышкан жагдай тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, өкүм экинчи инстанциядан кийин толук күчүнө кирет:

- Сот айыптоо өкүмүн чыгарып, ал күчүнө киргенден кийин гана ошол адамды күнөөлүү десе болот. Ага чейин ал адам мыйзам боюнча күнөөлүү эмес болуп эсептелет. Экинчиден, апелляциялык инстанцияда каралгандан кийин гана сот өкүмү күчүнө кирет. Жогорку Сот көзөмөл иретинде эле карайт. Соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирмейинче БШК талапкер кылып каттабай коюуга укугу жок. Кайсы бир жылы Ишенбай Кадырбеков тергөө абагында жатканда депутаттыкка талапкер болуп катталып, Нарынга барбай туруп шайлоодон жеңип депутат болгон. Негизи эл камакта жаткандарды жакшы колдойт.

Эгемен Кыргызстандын саясий турмушунда тергөө абагында отурган саясатчынын президенттик шайлоого катышкан учуру болгон эмес.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бөдөш Мамырова "Ар-намыс" партиясынын төрагасы Феликс Куловго кылмыш иши козголуп, айып тагылып жатканда президенттик шайлоого талапкер болгонун эстеди:

- Феликс Кулов 2000-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин эркинен ажыратылган. Жаңылбасам 20-март болчу. Бирок 9-июлда биринчи инстанцияда Аскердик соттун судьясы Нурлан Ашымбек уулу аны актап чыгарган. Андан кийин президенттик шайлоо өнөктүгү башталганда, биз анын талапкерлигин көрсөткөнбүз. Бирок ал БШКдан каттоодон өткөн эмес. Анткени тил комиссиясы деп мыйзамга киргизе коюшканда ал Куловго каршы жасалгандай болуп калган. Кулов ошого каршылык көрсөтүп каттоодон өтүүдөн баш тарткан.

Бөдөш Мамырова.
Бөдөш Мамырова.

Юрист, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, Текебаевге коюлган айыпты далилдөө жеңил болбойт. Бирок Кыргызстанда сот процесстеринде далили жок болсо деле айып таккан, өкүм чыгарган тажрыйба бар экенине токтолду:

- Текебаевди шайлоого жеткирбей эле соттоп коюшу мүмкүн. Анткени азыркы бийлик баш оорутуп отургусу келбейт. Менимче, Текебаевге каршы дагы башка эле кылмыштарды таппаса, азыркы коюп жаткан доо боюнча кошумча далилдерди таба алышпайт, издеп деле убара болушпаса керек. Негизи сот ошол кылмыш боюнча далил буюмдарды талап кылат. Сотто далилди сөзсүз сурашат. Ким акча берген, ким алган, аны ким көргөн - баары суралат. Биздин сот жараяндарында пара берилген-берилбегенин, алган-албаганын көрбөй туруп, көрсөтмөлөрдүн негизинде эле соттоп келген. Текебаевди деле ушул ыкма менен соттоп коюшу толук мүмкүн деп айтсак болот.

Өмүрбек Текебаев 26-февралда чет өлкөдөн учуп келгенде "Манас" аба майданынан камакка алынган. Ага орусиялык ишкер Леонид Маевский мындан жети жыл мурун "Мегаком" компаниясын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергени тууралуу көрсөтмөсү негиз болгон.

5-мартта Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков баштаган төрт фракциянын лидери - "Ата Мекен" фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков, "Бир болдун" төрагасы Алтынбек Сулайманов жана "Өнүгүү-Прогресстин" жетекчиси Бакыт Төрөбаев тергөө абагындагы Текебаев менен жолугуп чыкты. Алардын арасында Социал-демократтар менен "Республика - Ата Журт" фракцияларынын лидерлери Иса Өмүркулов менен Өмүрбек Бабановдун болбогону бир топ сөз жаратты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG