Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Киевдеги кырдаалдын Кыргызстандагы талашы


Киевдин Көз карандысыздык аянтындагы түтүн. 20-февраль, 2014
Киевдин Көз карандысыздык аянтындагы түтүн. 20-февраль, 2014

Интернеттеги Фейсбук, Твиттер өңдүү социалдык түйүндөрдүн кыргызстандык колдонуучулары Украинадагы абалды талкуулоодо эки жаат болуп, талашып-тартышууда.

Алардын бир тарабы президент Виктор Януковичти колдосо, экинчи тарабы демонстранттарды кубаттап жатат. Украинадагы кырдаалды талкуулап, ага баа берүү кыргыз коомчулугундагы орусиячыл жана батышчыл делген пикирлердин кагылышын көрсөттү.

Украинадагы окуялардын түпкү себеби да батышчыл жана орусиячыл болуп бөлүнүп калуудан улам келип чыкты деген пикир басымдуу.

Орусия жана Батыш болуп бөлүнүү Кыргызстанда да бар

Саясат талдоочу Эмил Жураевдин пикиринде, Кыргызстандагы батышчыл же орусиячыл болуп бөлүнгөн идеологиялык көз караштардын кагылышы Украинадагыдай терең эмес.

- Албетте, Кыргызстанда деле Украинадагыдай саясий суроолордун үстүндө бөлүнүүчүлүк бар. Бирок Украинадагы бөлүнүү бир топ башка деңгээлде, тереңирек десек болот. Ал жердеги бөлүнүүчүлүк бир гана батышчыл же орусиячыл эмес, мурдатан келаткан Батыш Украина, Чыгыш Украина сыяктуу баскан жолунун, ошондой эле диндин негизинде да болуп келген.

Кыргызстанда карапайым калкта көп байкалбаганы менен орто катмарда, бизнес чөйрөсүндө жана саясатчыларда орусиячыл жана батышчыл болуп бөлүнүү бар экенин дагы бир саясий эксперт Марс Сариев кошумчалады.

- Интеллигенцияда, биснесмендерде жана саясатчыларда бөлүнүүчүлүк бар, бирок жалпы элде жокко эсе. Маселен, жыйырма жыл аралыгында Батышта окуп, Батыш менен бизнес кылган ишкерлер пайда болду. Ошол эле кезде Орусия менен тыгыз иштеген бизнесмендер да бар. Интеллигенция арасында дагы Батыштын демократиясын колдогондор, ошону менен бирге, тескерисинче Орусияны жактаган джа катмар бар.

Орусия менен тыгыз мамилени жактагандар арасында орус тилдүүлөр арбын.
Тарыхый жана экономикалык кызматташтыкты мисал тартып, ал жакта бир миллионго чукул кыргызстандык мигрант бар экенин айткандар Кыргызстандын келечегин Орусияга байлашат.

Экономист Жумакадыр Акенеев экономикалык кызматташтык боюнча Орусия биринчи орунда экенине токтолду:

- Инвесторлор да Орусиядан келип жатат. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын экспорту да Орусияга багытталган. Эң негизгиси, 700 миңдей эмгек мигрантыбыз Орусияда иштеп, мамлекеттин бир жылдык бюджетине караганда 1,5 эсеге көп акчаны Кыргызстанга которуп, анын эсебинен бул жакта экономикабыз кылдырап жатат.

“Же Орусия, же Европа”

Акенеев Украинадагыдай “же Орусия, же Европа” дегидей, Кыргызстанда тандоо жокко эсе деп эсептейт. Мындай пикирге Украинадагы окуяларга, Бажы биримдигине байкоо салып келаткан эксперт Денис Бердаков да кошулат.

- Бизде да келечекте “же Батыш, же Орусия” деген тандоо туруп калат деп ойлобойм. Анткени, Украина өзү Европада жайгашкан. Ал эми Европа кайда да, Кыргызстан кайда? Биз Европадан болгону баалуулуктарды гана алышыбыз мүмкүн. А Бажы биримдиги болсо экономикалык гана биримдик. Ал Кыргызстандагы демократиянын деңгээлине жана баалуулуктарына такыр таасир этпейт. Бул Путиндин саясий долбоору дегендер да бар дечи, бирок эми ар кимдин өз пикири болот да.

Ошол эле кезде Орусия менен өтө жакын ымала түзүү өлкөнү артка, диктатурага тартат дегендер да бар. АКШдагы, жалпы эле Батыштагы жетишилген демократиялык өнүгүүлөрдү өлкө турмушуна киргизгенде гана Кыргызстан өнүгөт деп, жар салып келаткандардын бири Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков. Ал жакынкы келечекте Кыргызстанда да демократия менен авторитаризмдин карама-каршылыгы күчөшү мүмкүн деген ойдо:

- Келечек бул Батышта эмес, келечек бул демократияда, келечек парламентаризмдин өнүгүшүндө болуп жатат. Биздин аң-сезимибизге Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары өздөрүнүн туура эмес түшүнүктөрүн, идеологияларын сиңирип ташташкан. Демократия десе эле бул жаман, Батыштыкы дешет. Ал эми бир адамдын көзүн карап отурсак, бул жакшыдай сезилет. Демократиялык мамлекет курабыз деген адамдар Кыргызстанда жетиштүү.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, эгер дүйнөлүк чоң оюңчулар кызыкдар болсо, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү же кирбөө маселесине геосаясий боёк сүртүлүп, өлкө ичинде саясий чыңалууга себепкер болушу мүмкүн.

Экономист Жумакадыр Акенеев болсо, жалпы улуттук маселелерде орток пикир табылбай эл эки жаат болуп калса, аларды референдумга алып чыкса да болот деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG