Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө өкмөткө үч ай берип, Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди ратификациялады.

Жогорку Кеңеш Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарында төрт ГЭСти куруу боюнча кыргыз-орус келишимин экинчи жана үчүнчү окууда 21-февралда ратификациялады. Бул келишимге эки өлкө өткөн жылы сентябрда орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары учурунда жетишкен.

Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушу быйыл башталат

Азыркы мезгилде эки тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемесин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул үчүн орус тарап 15 млн. доллар бөлгөн.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн да үстөк пайызы 2.5% болгон насыяны Орусия табат. Насыянын өлчөмү 2 млрд. доллардын тегерегинде экени айтылууда.

Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов ГЭСтер өзүн качан акташы мүмкүн деген суроого мындай жообун берди:

- Эгерде тариф 1 сом 34 тыйын болсо, Камбар-Ата-1 ГЭСи 20 жылда, ал эми Жогорку Нарын 14 жылда актайт. Эгерде тариф 1 сом 92 тыйындан болсо, Камбар-Ата 14.5 жылда, Жогорку Нарын 10 жылда өзүн актайт.

“Ата-Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков ГЭСтердин курулушун колдоого алып, бирок келишимдеги айрым шарттарга нааразылык билдирди:

- Негизинен бул долбоор Кыргызстан үчүн керек. Бирок коммерциялык насыя алып жатып, салыктан бошотуу - кылмыш. Андай кылбаш керек. Коммерциялык насыя алынып жатат. Андан ары башкаруу үчүн 25% акцияны берип жатасыңар. Салыктан бошотуу үчүн кандай зарылчылык бар? Казынаны кантип толтурабыз?

Министр Автандил Калмамбетов Орусия да өзү алып келе турган жабдуулардын баарын салыктан бошотконун, бул чара долбоор өзүн тезирээк акташ үчүн керектигин билдирди.

Депутаттар Жылдыз Жолдошева, Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдырахманов келишим Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбей турганын, ага өзгөртүүлөр киргизилиши керектигин айтышты.

Депутат Жылдыз Жолдошева мына ошого чакырды:

- Экинчи, үчүнчү окуудан өткөрбөстөн, кайрадан кайтарып берип, азыркы айтылган сунуштардын баарын өкмөт кайрадан иштеп чыкса болот эле.

Депутаттар нааразы болгон жагдайларга токтоло турган болсок, ал орус тараптын 50% акцияга түбөлүк ээлик кылуусу, долбоор өзүн актаганга чейин башкарууну толук Москва жүргүзүүсү, суу саясатын Кремль көзөмөлдөп калат деген чочулоо болду.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мындай чочулоолорго жооп берип, суу саясаты Кыргызстандын колунда кала берерин айтып, аны мындай негиздеди:

- Бул эки каскад тең Токтогулдун үстүндө турат. Сууну жөнгө салган Токтогул. Ал мамлекеттин колунда. Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер да электр энергиясын иштеп чыгат.

Мына ушундай талкуулардан соң депутаттар маселени добуш берүү менен чечип, келишимди экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Эми Орусия парламенти аны ратификациялаш керек. Андан соң тараптар ички жол-жоболорду аткарып бүтсө, келишим күчүнө кирет. Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовдун айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу быйыл башталат.

"Центерра" менен сүйлөшүүгө үч ай берилди

21-февралда Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча Темир Сариев башында турган өкмөттүк комиссиянын корутундусуна карата өз токтомун кабыл алды. Кабыл алынган токтомдо комиссиянын корутундусу эске алынсын деп белгиленди.

Андан сырткары үч айдын ичинде “Центерра голд инк” менен сүйлөшүү жүргүзүп, Кумтөр боюнча 2003-жылга чейинки макулдашууга кайтып келүү тапшырылды.

Эгерде үч айдын ичинде сүйлөшүү натыйжасыз болсо, анда Кыргызстан келишимден чыгуу, Кумтөргө берилген жерлерди кайтаруу, экологиялык зыянды калыбына келтирүү боюнча соттук териштирүүлөрдү баштайт.

Жогорку Кеңештин токтомунда тартип коргоо органдарына да тапшырма берилди. Алар Кыргызстан үчүн зыяндуу болгон келишимди түзүүгө тиешеси бар жооптуу кызматкерлерди жоопко тартуу жана укуктук баа берүүнүн үстүндө иштөөгө тийиш.

Мына ушундай токтом долбооруна атаандаш долбоорду Акматбек Келдибеков жана Курманбек Осмонов сунуштады. Алардын долбоорунда Кумтөрдө алтын казууну тезинен токтотуп, 2009-жылкы келишимден он күндүн ичинде чыгуу сунушталды.

Акматбек Келдибеков өз сунушун мындайча негиздеди:

- Кумтөрдө 953 тонна алтын бар. 270 тоннасы алынды. 683 тоннасы казыла элек жатат. Ал бүгүнкү баа менен 34 млрд. долларды түзөт. 270 тоннадан 5 млрд. доллар акча табылса, анын 500 млн. доллары гана Кыргызстанга түштү. Быйылкы жылы бюджетке 6-7 млрд. сом түшөөрү каралган. Бир мөңгү менен кош айтыштык. Дагы эки мөңгүгө коркунуч түшүп турат. Ошон үчүн келишимди денонсация кылып, жаңы макулдашуу түзүүгө баралы.
Келишимден дароо чыгууну сунуштаган бул долбоор кабыл алынган жок.


“Центерра голд инк” да парламент тарабынан кабыл алган чечимдерге карата өз жообун берди. 21-февралда жарыяланып, “Центерранын” сайтында турган жоопто 2009-жылкы келишим мыйзамдуу деп аталган. Аны кыргыз өкмөтү, парламенти жана соту бекиткени белгиленген. Эгерде талаштуу жагдай улана турган болсо, ал эл аралык арбитражда чечилиш керектиги да эскертилген.

Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өткөн жумаларда “Центерра голд инктин” президенти Ян Аткинсон мырза да келип кеткен. Ал өкмөт башчы Сатыбалдиев менен жолугушкан. Бирок тараптар кандайдыр бир макулдашууга келгени кабарланган эмес.

Эки ача кетип жаткан тараптар үч айдын ичинде орток пикирге келише алары күмөндүү. Анткени Кыргызстан да, “Центерра” да өзүнүн гана позициясын жиреп баратат.

Атаханов кызматынан алынды

Узап бараткан аптада өкмөттүн жаңы структурасы бекитилди. Андагы олуттуу өзгөрүү катары жаңы вице-премьер-министр кызматынын киришин атасак болот. Жаңы вице-премьер-министр коопсуздук жана чек ара маселесине жооптуу болот. Андан сырткары миграция маселесине көңүл буруу максатында Жаштар жана эмгек министрлиги Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги деп атала турган болду.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өз чечими менен облус жетекчилерине губернатор наамын кайра кайтарып берди. Ошондуктан алар эми өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү деп аталбайт. Губернатор наамы менен кошо алардын ыйгарым укуктары да кеңейтилгенин Сатыбалдиев белгиледи:

- Губернаторлордун эч кандай ыйгарым укуктары калбай калды эле тартип коргоо органдарын координациялоо, кышка даярдык, жазгы талаа жумуштары, мамлекеттин эсебинен каржыланган бардык объекттерди көзөмөлгө алууну өткөрүп бергем. Мына, марттын башында акимдерди жазалоону да губернаторго өткөрүп беребиз.

Өкмөттүн жаңы структурасы каралып жаткан мезгилде өкмөт башчыга депутаттар тарабынан өкмөттүн курамы боюнча суроолор болду. Ага жооп кылган Сатыбалдиев март айында 2012-жылдын жыйынтыгы чыгарыларын, мына ошондо министрлердин ишине жараша баа берилип, милдетин дурустап аткара албагандар кызматтан бошотуларын билдирген эле.

Бирок баары Кудайдын колунда деп айтылгандай, Кыргызстанда президенттин эркинде болуп, 22-февралда эле президент өз жардыгы менен Шамил Атахановду ички иштер министри кызматынан бошотту. Анын ордуна Абдулда Суранчиевди дайындады. Шамил Атахановго жаңыдан түзүлгөн вице-премьер-министрлик кызмат сунушталышы мүмкүн. Бирок ички иштер министри кызматынан эскертилбестен эле бошотулганын билдирген Атаханов жаңы кызматка барабы деген суроо да чыгат.

Ички иштер министри кызматына өткөн жылдын соңунда дайындалган Атаханов реформаларды аягына чыгарганга чейин отурат деген премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин сөзү суу кечпей калганын 22-февралдагы дайындоолор көрсөтүп койду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG