Өз жанын кыйган келиндин созулган соту
Ноокат районунда тогуз жыл мурда асынып өлгөн келинге байланышкан сот иши али аягына чыга элек. Бул арада ушул эле Жаңы-Ноокат айылында дагы үч келин удаасы менен өз жанын кыйганы маалым болду. Серепчилер келиндердин өзүнө өзү кол салуусуна үй-бүлөдөгү зомбулук себеп болгонун белгилешет.