Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Акыркы убакта кыргыз президенти Атамбаевге каршы оппозициялык күчтөрдүн, өкмөттүк эмес уюмдардын нааразылыгы күч алууда.

Айрым уюмдардын расмий бийлик менен оппозицияны диалогго чакыруу аракетинен майнап чыкпады. Эки тарап эмне үчүн бири-бирин укпай жатат? Кырдаалды козутууга сырткы күчтөр кызыкдарбы? Кыргыз саясий элитасынын улуттук кызыкчылык үчүн өз алдынча саясат жүргүзүүгө дарамети жетеби?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз жана "Улуу биримдик" партиясынын лидери Эмил Каптагаев катышты.

“Азаттык”: Садык мырза, акыркы айларда айрым оппозициялык күчтөрдүн, бейөкмөт уюмдардын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге нааразылыгы күчөдү. Мунун негизи барбы же жаз келгендеги кыргыздын көнүмүш саясий акцияларынын бириби?

Садык Шернияз: Бул кыргыздын өзүнүн табиятындагы эркиндик сезиминин күчтүүлүгүнө байланыштуу нерсе, кыргыздар сынды дароо эле чоңдорго айтабыз. Чоңдор деп койсо аким, губернатор деп майдаланып отурбай премьер-министрге, парламентке жана президентке маселе коёбуз.

Мына 1,5 жылдан кийин Кыргызстанда президенттик шайлоо болот, ага даярдануу керек. Президентке сын мындан эки-үч жыл мурда айтылса орундуу болмок. Президент ансыз деле бийликти убагында тапшырары тууралуу айтып келет.

Азыркы күндө мамлекет башчыга сын айтуу эмес, эмки президент ким болот, кандай платформада, кандай вектордо саясат жүргүзөт деген багытта көбүрөөк сөз болсо жакшы болор эле.

Эмил Каптагаев: Учурда президентке айталган сындарда негиз бар, турмуш деген дайыма эле шайма-шай боло бербейт. Коомдо ар кандай маселелер боюнча нааразычылык чыга берет. Алардын көбүн тиешелүү мамлекеттик органдар чечиши керек эле, тилекке каршы баары келип эле президентке тийип жатат. Акыркы жылдары Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк өкмөттү кол жоолуктай алмаштырганы бийлик баркын төмөндөттү.

Азыркы Жогорку Кеңеш мурдагыны кайталап өкмөттү алмаштырганы эл арасында тескери пикирди жаратты. Парламент менен өкмөт маселе чечүүчү мамлекеттик жогорку орган эмес, экинчи, үчүнчү даражадагы эле орган катары кабыл алынып калууда. Ошондуктан бардык сын президентке айтылып жатат.

“Азаттык”: Анткен бардык маселени чечүүнүн негизги ачкычы президентте болуп жатпайбы деген пикирлер арбын...

Эмил Каптагаев: Акыркы жылдары ошондой сыпатталып жүрөт. Негизги конституциялык бийлик Жогорку Кеңеште, экономикалык бийлик өкмөттө. Эгер президенттин Жогорку Кеңеште өзүнүн партиясы, таянычы болбогондо бүгүнкү саясий абалыбызда таптакыр башкача көрүнүш болмок. Президенттин азыркы Жогорку Кеңеште таасири күч экени чын, ошондон улам баарын президент чечет, баарына президент күнөөлүү деген пикирлер жаралууда...

Бийлик оппозиция менен сүйлөшүүсү керек. Оппозиция деген сөзсүз эле парламентте эмес, коомдо оппозициялык маанайда ар кандай күчтөр болушу мүмкүн. Оппозиция деген эл арасында мобилизациялык таасирдүү күчкө айланышы зарыл. Андай болмоюн алар менен эч ким сүйлөшпөйт.

Акыркы жылдары Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк өкмөттү кол жоолуктай алмаштырганы бийлик баркын төмөндөттү.

“Азаттык”: Эки жума мурда айрым саясатчылардын бийлик менен оппозициянын диалогун уюштурууга болгон аракетинен натыйжа болбой калды. Ага Жогорку Кеңеш депутаттары, министрлердин бири да басып келбегендиктен күн тартибиндеги суроолор жоопсуз калды, чыңалган кырдаал жеңилдеген жок.

Садык Шернияз: Бизде демократия өтө ашынган формада десем болот. Мисалы, милицияны жакадан алып каалаганыбызды кылабыз. Ал эми АКШда полицияны ошентип көрүңүзчү, аягы жаман болот. Демократияны өнүктүрүү коомдогу ар бир катмардын жоопкерчилигиндеги маселе.

“Ата Мекен” фракциясынын көпчүлүк коалицияда болгону менен президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кенештин иши, саясаты боюнча принципиалдуу көз карашы бар. Оппозициялык пикирлерди, сындарды дагы эле айтып келатат.

Эмил Каптагаев: Оппозициялык кандай сын, ой-пикир айтылбасын сүйлөшүү керек. Бизде сүйлөшчү киши көп, маселе чече турган мамлекеттик стуруктуралар көп. Сөзсүз эле президент менен сүйлөшүү керекпи?

“Азаттык”: Маселени президент гана чече тургандан кийин ошондой талап болуп жатпайбы?

Эмил Каптагаев: Президенттин дараметиндеги, мамлекеттик саясатын аныктаган маселелер аз эле. Өлкөнүн социалдык-экономикалык саясатын өкмөт жүргүзөт. Президенттин министрлерди чакырып алып тапшырма бергенге укугу жок. Президентин жанында тургандар, андан кийинкилер мамлекет башчысынын атына жамынбаш керек. Ар ким тейлеген тармагы боюнча элге чыгып, жооп бериши керек, оппозицияга да жооп бериши керек.

Өкмөт башчы, вице-премьер-министрлер, губернаторлор эмне үчүн сүйлөшпөшү керек? Президенттин аппаратында чоң-чоң кызматтарда отургандар бар, алар эмне үчүн элге чыкпайт? Эмне үчүн баары президенттин артына жашынып отурушат?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG