Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Түрмө, парламент, кошомат...


«ПолитКлиника» гезити президент Алмазбек Атамбаевдин атына Ысык-Көл тургуну Баймуратов Зарылдын катын жолдоду.

“Биздин Кыргызстанда коррупция менен күрөшкөнгө болобу? Анткени биз мыйзамдарды бузуп жаткан чиновниктердин мыйзамсыз иштерин ачып, иш козготуп атсак, ал иштер аягына чыкпай эле кимдир бирөөлөр тарабынан жабылып калууда”, - деп башталат Зарыл Баймуратованын "ПолитКлиника" гезитиндеги каты. Катта аңчылык кыла турган жерлердеги коррупциялык схема баяндалган.

Ушул эле гезит “Түрмө коопсуздугу сакталбаса, мамлекет коопсуздугу кайдан сакталсын?” деген макала басып, Чүйдүн төмөнкү Нооруз айылындагы №50 түрмө өмүр бою кесилгендердин түрмөсү экенин, колго түшкөн качкындын бири Музафар Уринов деген кылмышкер кезинде таксистти өлтүрүп 20 жылга кесилип, кайра мунапыс менен бошотулуп, дагы бир таксисти өлтүрүп түрмөгө түшкөнүн, калгандары да ушундай эле оор кылмыш жасагандарга кирерин, баары тыюу салынган “Жайшүл Махди” деген диний уюмдун мүчөлөрү болорун, алардын ар бири өзүнчө камерада жатканын, эмнегедир ошол күнү эшик бузулбай ачкыч менен ачылганын, видеобайкоо системасы иштебей калганын, себеби эки күн мурда эле системалык блогу жарактан чыгарылганын, ал эми “Түндүкэлектрдин” билдириши боюнча ал күнү 50-түрмөдө жарык өчүрүлбөгөнүн жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезитинин башкы редакторунун милдетин аткара баштаган Назгүл Калмамбетова “Вечерний Бишкек” медиа холдингинин жетекчиси Александр Рябушкин менен маек куруп, “Жаңы агым” гезитинин мындан аркы иштери кандай болорун сурамжылаган. Гезитке жаңы редактор жана журналисттер келсе жаңы пландар менен чыгып, ойдон чыгарылган божомолдордон, ушактардан арылат деген ойлору барын, гезиттин айлыгы азаят деген сөзгө ар бир кызматкер таман акы маңдай тери менен акча иштеп табуусу керек деп, азыр “Агымдагы” журналисттер бир жылдык келишим менен иштеп жатканын, бир жылдан соң жасаган иштерине жараша баа берилерин айтып берди.

“Жаңы агымдын” жаңы санында “Уламышка айланган улуу ырчы” деген аталыш менен Мыскал Өмүрканованын жүз жылдыгы белгиленип жатканын, улуу ырчы тууралуу журналист Айбек Шамшыкеев “Кылымдын авазы” деген китеп жазганын, гезиттин ушул бетиндеги макала менен маектер Айбектин китебинен алынып жарык көргөнүн кабарлады.

“Баягы асаба” гезити да биринчи бетине түрмөдөн качып чыккандар тууралуу маалыматты жарыялады. Мындан тышкары саясатка саресеп салган майда-чоң маалыматтардан тышкары Салима Жакшылык кызынын Мыскал Өмүрканова тууралуу баяндамасы бар. Анда белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиев, Кыргыз эл артисти Нуржамал Табалдиева, искусство илимдери боюнча доктор Камчыбек Дүйшалиев, тарых илимдеринин кандидаты Күлбүбү Бектурганова, Кыргыз эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев кеп салып беришти.

Акын кызыбыз Айсулуу Көкөеванын жаңы ырлары да ушул санда.

“Асман плюс” гезити Бектур Асанов менен маегин тартуулады. Андан кийинки майда макалаларда парламентке келе турган фракциялардагы кутумчулуктар жөнүндө сөз болот. Мисалы Ат-Башыдан Аида Салянова “Ата Мекен” партиясы үчүн 1021 гана кишинин добушун алып бергенин, эми ал депутат болбой калышы да мүмкүндүгүн, өкмөт башына келүү үчүн Атамбаевге кошомат кылгандар көбөйгөнүн, алардын бири Бабанов болуп жатканын маалымдады.

Бир топ күн ызы-чуу болуп барып токтогон жаңы депутат болчулардын отургучу тууралуу айрымдардын ойлоруна орун берилди. Жанар Акаев, маселен, 22 миң сомдук креслонун ага таптакыр кереги жоктугун айтса, Жылдыз Мусабекова эгер эле Жогорку Кеңеш креслого муктаж болуп калса үйүндөгү креслосун деле көтөрүп келип отурарын айтты.

Журналист Динара Бейшеналиеванын “Назбүбү менен Жолдошбек” деген баяны басылып, анда бактылуу үй-бүлө, экөө тең акын Жолдошбек Бузурманкулов менен анын жубайы Назбүбү Эгембердиева жөнүндө сөз болот.

XS
SM
MD
LG