Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Обаманын сапары: Москва болк этсе, Кыргызстан солк этеби?


АКШ президенти Барак Обаманын Москвага алгачкы расмий сапары 6-июлда башталды. Эки чоң мамлекеттин талкуулай турган маселеси арбын. Алардын катарында Ооганстан, демек Кыргызстандагы Транзиттик борборго байланыштуу маселе да козголушу күтүлүүдө. Ал эми Россиянын “Тынчтык жана согуш” аттуу сайты "Манаста" Транзиттик борбордун түзүлүшүнө орус генералдары каршы болуп жатканын жазып чыкты.

Компьютер заманында АКШнын лидери Барак Обама Россия менен мамилесин жакшыртууну компьютер тили менен мүнөздөп, эки өлкөнүн мамилеси “кайра жүктөөгө”, же “перезагрузкага” муктаж экендигин билдирген. Бирок эки тараптын келише албаган жактары да арбын. Алар: АКШнын Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасын орнотуу планы, Ирандын өзөктүк программасы, Грузия жана башка эл аралык маселелер боюнча пикир келишпестиктер.

АКШ тарап азыркы мезгилде эки өлкөнүн стратегиялык чабуул жасоочу куралдарын кыскартуу жана Ооганстанга Россия аркылуу аскерий багыттагы жүктөрдү ташуу маселесин чечүүгө кызыкдар болууда. Россия өз аймагынан Ооганстанга аскерий эмес, гуманитардык жүктөрдү ташууга гана макулдугун берген.

Россиянын стратегиялык өнөктөшү болгон Кыргызстан ар кандай жүктөрдү ташууга америкалыктарга уруксатты берген.


Мындай уруксатты берер алдында Кыргызстан Москва менен кеңешкенин билдирүүдө. Москва өз кезегинде Транзиттик борборду түзүүгө макулдугун берүү менен АКШ менен соодалашып, Чыгыш Европага ракетадан коргонуу системасын курууну токтотуу талабын коет деген сөздөр айтылууда.

Кандай болгон күндө да Транзиттик борбордун түзүлүшү менен Кыргызстан эки улуу мамлекеттин өнөктөшү болуп турат. Ошондуктан Барак Обаманын Москвага сапары учурунда Кыргызстанга байланыштуу маселе да козголот дейт саясат таануучу Марат Казакпаев:

- Бизде эми Транзиттик борбор болот. Эми ошол боюнча Россия менен АКШ бир жыйынтыкка келиш керек. Эки тарап кандай жүктөрдү ташуу боюнча бир жыйынтыкка келиш керек. Россия аскердик эмес, гуманитардык багыттагы жүктөрдү ташууга уруксат берилиш керек деп турат. Бирок Америка Ооганстанга сөзсүз аскердик жүктөрдү жөнөтүш керек. Ансыз болбойт.

Транзиттик борбордун түзүлүшүн колдоодон баш тарткан Жогорку Кеңештеги Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев Транзиттик борбор, Кыргызстан маселеси Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусунда козголоорун белгиледи.

Бул арада Россиянын “Тынчтык жана согуш” сайты орус генералдары "Манаста" АКШ базасы калышына каршы болуп жатканын жазып чыкты. Исхак Масалиев расмий Москва Транзиттик борборду түзүүнү жактаганын, эгерде орус генералдары ага ачык каршы чыккан болсо, генералдар өздөрү кызматтан алыныш мүмкүндүгүн айтты:

- Москва генералитетти алмаштырат. Орус аскерлеринин жетекчилигинин позициялары мага белгилүү. Алар илгертен эле АКШнын таасирин кыскартуу үчүн күрөшүп келгендер. Генерал деген генерал да.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков да орус генералдарынын таасири олуттуу болбосун белгилеп, буларга токтолду:

- Эми бул Кыргызстанга өтө деле чоң таасир этпейт. Себеби дегенде генералитеттин бардыгы саясий жетекчилерге баш ийет. Ал эми жетекчилердин бүгүнкү кадыр-баркы, ишин алып барышы менен эл ичинде кадыр-баркы чоң болуп жатат. Эл аралык деңгээлде да абалы жаман эмес. Ошондуктан генералдардын таасири өтө көп деле тийбейт.

Исаковдун айтымында, Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусунда дүйнөлүк кризис, куралдарды кыскартуу, Ооганстанга байланыштуу маселелер талкууланат. Москва "Манастан" базаны чыгарууга жетишип, андан кийин Транзиттик борбор түзүүнү колдогондон кийин анын акысы үчүн өзүнүн маселелерин чечүүгө аракет жасайт.

АКШ президенти Барак Обаманын Москвага бүгүн башталган сапары үч күнгө созулары белгиленүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG