Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

Референдум: Алыс-жакындан айтылган сөздөр


Пан Ги Мун Кыргызстандагы референдум боюнча Нью-Йорктон атайын билдирүү жасады.
Пан Ги Мун Кыргызстандагы референдум боюнча Нью-Йорктон атайын билдирүү жасады.

Кыргызстандагы референдумга жана анын жыйынтыктарына өнөктөш өлкөлөрдүн айрымдары, эл аралык уюмдардын жетекчилери да мамилесин билдиришүүдө. БУУ, АКШ жана Евробиримдик референдумдун тынч өтүшүн кубаттады.

Пан Ги Мун – БУУнун башкатчсы:

-Мени шайлоочулардын катышуу деңгээли жана ал ирээттүү, өлкөдө акыркы апталарда орун алган кыйынчылыктарсыз өткөнү шыктандырды. Бул Кыргызстандын элинин тынчтыкка жана стабилдүүлүккө умтулуусун ачык көргөзүп турат. Жаңы Конституциянын жактырылышы - мыйзам үстөмдүгүн орнотуу жана мыйзамдуу, демократиялуу шайланган өкмөттү куруу жолундагы маанилүү кадам. Улуттар уюму Кыргызстанга жана анын элине ал быйылкы жылдын соңундагы парламенттик шайлоого даярданганда, жардам көргөзүүнү улантат. Биз кырдаал али туруксуз бойдон калып жатканын билебиз, Аймактагы жана дүйнөдөгү кызыкдар тараптардын чечүүчүлөрү менен бирге окуялардын өнүгүүсүнө байкоо салууну улантабыз.

Филип Кроули – АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы:

-АКШ Кыргызстандагы конституциялык референдум тынч жана ирээттүү өтүшүн кубаттайт жана ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча кеңсесинин оң баасын белгилейт. Ал убактылуу өкмөт жараянды шайлоочулардын жигердүү катышуусуна мүмкүндүк бергидей тынч уюштурганын жогору баалады.

АКШ убактылуу өкмөттү жана Кыргызстандын баардык жарандарын улут аралык ыраашкерчиликтин келечеги камсыздалуусу, Кыргызстан туруктуулукту, коопсуздукту, демократияны, республиканын бүткүл жарандарынын бакыбатчылыгын көздөй багыт алуусу үчүн бул мүмкүнчүлүктү элдешүү жана жоопкерчилик жараянын алдыга жылдыруу үчүн колдонууга чакырат.


Кэтрин Эштон - Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү:

-Мен Кыргызстанда 27- июндагы референдумдун тынч өтүшүн кубаттайм. Бул- конституциялык тартипти жана демократиялык жараянды калыбына келтирүү багытындагы маанилүү кадам. Ал Кыргызстандын элинин бекемдигин сынады жана алардын өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем пайдубал түзүү мүдөөсүн көргөзүп турат. Евробиримдик бул жараянда Кыргызстанга жардам берүүгө даяр. Мен Кыргызстандын бийликтерин жетишилген ийгиликке таянууга жана ЕККУнун байкоочулары аныктаган кемчиликтерди алдыдагы парламенттик шайлоого чейин жоюу үчүн дароо чара көрүүгө чакырам.

Давлат Назири – Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы:

-Кыргызстандын эли парламенттик системаны тандап алды. Бул алардын тандоосу. Тажикстан Кыргызстандын эли тандаган кандай өкмөт болбосун аны менен иштешүүгө даяр. Бизге коңшу жана бир тууган өлкөдө кырдаал мүмкүн болушунча тезирээк турукташуусуна каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG