Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Депутат балак уруп жазалоону сунуштады


Балак уруп жазалоо орто кылымда кеңири жайылган ыкмасы болгон.
Балак уруп жазалоо орто кылымда кеңири жайылган ыкмасы болгон.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги депутат Дастан Бекешевдин балак уруу өңдүү жазалоо ыкмасын киргизүү сунушун четке какты.

Министрликтин түшүндүрмөсүнө ылайык, бул өлкөнүн Конституциясына жана эл аралык укуктун жол-жобосуна каршы келет.

Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Дастан Бекешев анча оор эмес кылмыш кылган жарандарды түрмөгө кеспей, балак уруп жазалоо ыкмасын киргизүүнү сунуштап жатат.

Депутат Дастан Бекешев балак уруп жазалоо ыкмасын сунуштап жаткан себебин “Азаттыкка” түшүндүрүп берди. Ага ылайык, бул эң ириде түрмөгө түшкөн адамдардын жана абактардын абалын жакшыртуу аракети болуп саналат:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Бизде бир жылда түрмөлөргө 800 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бир жылда 30 миңден ашык анча оор эмес кылмыш катталат. Буга байланыштуу 5 миңдей адам соттолот. Ал адамдар түрмөдөн тарбияланып, оңолуп деле чыкпайт. Бир жолу абакка отурган адам экинчи жолу да түшүшү толук мүмкүн. Кургак учук өңдүү оору да жугат. Мен ушундан улам жазалоонун башка түрлөрүн, мисалы, балак уруп жазалоону сунуштадым.

Дастан Бекешев мындай сунуш коомчулукта талкууланышы, ар тараптан талданышы керек деп эсептейт:

- Мисалы, 18 жаштагы бала телефон уурдап кармалса, аны түрмөгө отургузбай, катуу урбай тарбиялоо катарында кичине опузалап, аны башка мектептерге, жогорку окуу жайларга көрсөтүп, силер да ушундай кылсаңар, ушундай жоопко тартыласыңар десе, кылмыш кылган бала экинчи ушул жолго түшпөйүн, уят болдум деп ойлонуп калат. Мен ушундай оң жактарын айттым. Бул сунушту талкуулоо керек. Мен азыр эле мыйзам жаза калайын, азыр эле кабыл ала калалы деп айткан жокмун. Коомдо көпчүлүк макул болсо, психологдор, адистер да өз пикирлерин айтышы керек.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

​Мындай сунушту Юстиция министрлиги дароо четке какты. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” курган маегинде бул өлкөнүн Баш мыйзамынын жана эл аралык укуктун жол-жобосуна жооп бербей турганын айтты. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхында болбогон жосун деп атады:

- Биринчиден, адам укугуна каршы келет, экинчиден, бул – жапайычылык. Ушул жакшы сунуш деп ойго келген сунуштарды айта берүү туура эмес. Муну менен биз дүйнөлүк коомчулукка уят болобуз. Үчүнчүдөн, бул биздин менталитетке, каада-салтка, түп- тамырынан бери каршы келет. Кыргыздарда мыйзам жок кезинде да мындай колдонулчу эмес. Эми болсо мыйзам турса, жаңы тепкичке көтөрүлүп, жаңы цивилизацияда жашап, 21-кылымга келгенде ата-бабабыз жасабаган нерсени кылышыбыз керекпи? Кытайлар колун кесип коёт экен. Биз мал уурдагандардын колун кесип, ошондой жорукка баралыбы? Мындай сунуш ойлонулбай айтылган туура эмес сөз деп эсептейм.

Сунуш талкуу жаратты

Балак уруп жазалоо сунушуна караманчы каршы чыккандар арасында “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова да бар. Анын пикиринде, адамга кол көтөрүү кылмыш. Андан сырткары айрым депутаттар алдыдагы шайлоону утурлай упай топтош үчүн ушундай сунуштар менен чыгып жатат:

- Адам жаралганда эле кол тийбестик макамы болот. Адамды адам пас кылып сабоо кудайдын да, мыйзамдын да астында чоң кылмыш. Экинчиден, парламенттин айрым депутаттары ушундай сунуштары менен абдан таң калтырып жатат. Кыргыз элин, кыргызстандыктарды, өсүп аткан балдарыбызды жакшы жакка үндөп, адам укуктарына, бири-бири сыйлоого үйрөтүп, гумандуу системага үндөбөй, тескерисинче тарыхта калган зөөкүрлүктү 21-кылымда көтөрүп жаткандары өтө кейиштүү. Үчүнчүдөн, айрым депутаттар шайлоонун алдында атайын ушундай технологияларды колдонуп жатат. Азыркыдай системадан чарчаган айрым адамдарда “ушундай уруп-сабап, ташбараңга алып, ушундай ыкмаларды колдонсок балдарыбыз оңолуп кетет” деген ойго да келип жатат. Ушундай көрүнүштөр да бар экен. Бул деген чоң кылмыш.

Өспүрүмдөр колониясы
Өспүрүмдөр колониясы

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Байкоочу кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова жаза аткаруу системасында түрмөгө кеспей туруп жазалоо ыкмалары бар экенин, ошолорду күчөтүү зарылдыгын белгиледи:

- Кыргызстанда жазаны аткаруу инспекциясы деген бар. Бул кызмат соттолгон адамдарды коомдон бөлбөй туруп жазалоо менен алектенет. Башкача айтканда, бул - жазалоонун коомдук иштерге чегерүү, мажбурлап иштетүү өңдүү ыкмалары. Уурдоо, кымырып алуу, же дагы башка кылмыш кылгандар коомго пайда келтирсин. Көчөдөн башка, карылар үйү, балдар үйү деген коомдук жайлар бар. Алардын тегерегин жашылдандырууга, оңдоп-тазалаганга жардам беришсин. Мындай коомдук иштер толтура эмеспи.

Кыргызстанда азыр ондон ашык түрмө, алты тергөө абагы бар. Анда 15 миңдей адам отурат. Айрым укук коргоочулары абактардагы абалды жакшыртуу үчүн гумандаштыруу саясаты күчөтүлүшү керектигин белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG