Өлкөдө коррупция менен айыгышкан күрөшүү жүрүп жаткандыгына карабастан, айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан дагы эле түшүнбөстүктөр кездешүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жыйынында билдирди.
- Биз жыл сайын коррупцияга каршы аракеттенүүлөр боюнча маселени эң жогорку деңгээлде көтөрүп чыгып, өкмөттүн жыйындарында системалуу түрдө карайбыз, - деди Жээнбеков.
Жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков антикоррупциялык стратегияны ишке ашырууда өкмөттүн планынын беш пункту аткарылбаган бойдон калганын билдирди. Алардын аткаруу мөөнөттөрү мурда эле өтүп кетип, 43 иш-чара жарым-жартылай аткарылганын кошумчалады.
Өкмөт башчы эскерткендей, коррупция боюнча козголгон кылмыш иштеринин сотко жөнөтүү көрсөткүчү абдан төмөн бойдон калууда.
2016-жылы укук коргоо органдары тарабынан кызматтык кылмыштар боюнча, анын ичинде коррупциялык багытта 1970 кылмыш иши козголуп, 3 млрд 270 млн сом зыян белгиленген. (SDz)