Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Жаңы президенттен эл күткөн он сапат


Иллюстрация
Иллюстрация

Азыр эки кишинин башы кошулган жерде 2017-жылы Кыргызстандын президенти ким болот деген суроо талкууланат. Татыктуу президент келсе экен деп санааркаган эле жан...

Кыргыз эли ар беш жылда ушинтип өз лидерин күтөт, кимдир бирөөгө үмүт артат, анан шайлайт. Арадан убакыт өтөт, эл арасында мамлекет башчысы менен сыймыктануу же мактануу эмес, көңүл калуу, санааркоо, өкүнүү башталат. Анан оппозиция, аны ээрчиген эл ажодон кутулуунун жолун издейт, акыры айдап тынышат. Улам кийинкисине ишеним артат, 25 жылдан бери кыргыз эли Улуттук лидерин таба албай келет, издеп келет, күтүп келет, тилек кылып келет...

Кыргызстандын 2017-жылы шайлана турган президенти кандай сапаттарга ээ болушу керек, деген суроону кыргыздын ондогон кары-жашына жолдодум. Ар кандай, миң түркүн жоопторду алдым. Ошол эл арасындагы пикирлерди, ойлорду жалпылаштырып, иреттештиргенде кыргыздын президенти (улуттук лидери) төмөндөгүдөй 10 сапатка ээ болушу керектиги ачыкка чыкты.

Биринчи сапат - шайлана турган президент мыкты интеллектуал, таза адам болушу керек. Президент болчу адам ток пейил, салабаттуу, оор басырыктуу жан болушу зарыл.

Экинчи сапат - шайлана турган президент кыргыз тарыхына, тилине, маданиятына, рухуна тиешелүү баалуулуктарды терең билиши абзел. Буга чейинки президенттер кыргызга тиешелүү “Манас” баштаган асыл нарктарды терең окубагандыгы, жүрөгүнөн өткөрүп тааныбагандыгы, өздөштүрбөгөндүгү көп байкалган. Элинин байыркылыгын, карт тарыхтагы калкынын кадырын, кол ойноткон комузун, сыр чечкен макалын түшүнбөсө, эр оюну көкбөрүнү көрбөсө, кымыз кантип жасаларын билбесе элди башкара албайт, ажонун баркы болбойт деген пикирлер көп. Жаңы президент баарынан мурда кыргыздын биримдигин бийик коюп, аймактык бөлүнүүгө шек туудургандар менен аёосуз күрөш жүргүзүүсү керек.

Үчүнчү сапат - шайлана турган президент демократиялык принциптерди бекем сакташы, анын баалуулуктарын ар тараптуу өнүктүргөн адам болушу керек. Адамдын кайсы социалдык катмардан, кайсы улуттан болбосун эркиндиктери, укуктарынын бирдей сакталышына, саясий атаандаштыкка, эркин шайлоого, шайланууга ар тараптуу мыйзамдуу шарттарды түзүү боюнча олуттуу реформалар зарыл. Жаңы президенттин Кыргызстанды көп партиялык негиздеги парламенттик башкарууга өткөрүү позициясы бекем болушу керек.

Төртүнү сапат - шайлана турган президент дүйнө тарыхын терең окуган, саясаттын кечээги-бүгүнкү тенденциялары, ааламдашкан азыркы кырдаалды таразалай билген, ар тараптуу анализ жүргүзүүгө жөндөмдүү, дипломатиянын сырларын тыкыр өздөштүргөн, кыраакы адам болушу керек. Болбосо буга чейинки ажолорубуздун Израилге барып, башка мамлекетти таарынтканы, АКШ мамлекеттик катчысынын орун басарын “жардамчы” катары кабыл алганы, кошуна мамлекеттин президенти менен “өлгөндөн кийин” мамиле кургусу келгени ж.б. олдоксон, орой сөздөрү, калпыс кадамдары кыргыз мамлекетин көп жерде жер каратканы элдин эсинде.

Бешинчи сапат - шайлана турган президентте өлкө экономикасын, анын эл багар приоритеттүү багыттарын, андан үзүр болор жолдорун көрө билген, дүйнөдөгү экономикалык процесстердин кырдаал-кыяларын терең талдай билген тажрыйбасы, билими, аналитикалык ой жүгүртүүсү болушу керек. Болбосо, чейрек кылымда мамлекет башчыларынын жеке демилгеси, көрөгөчтүгү менен Кыргызстанга гана таандык, улуттук экономикалык реформалар болгон жок. Экономикалык мамилелердин өзгөрүшү башка бирөөлөрдү туурап, “белимчилик”, иммитация менен коштолуп келди. Натыйжада өндүрүш очорула талкаланып, мал-мүлк таланып, жер кысыр калып, айылдыктар шаарга, башка өлкөлөргө агылган абалга жеттик.

Алтынчы сапат - президент болом деген адамда ага чейинки басып өткөн жолунун таза, ак болушу зарыл. Бул убакка чейинки өлкө башчылардын тагдыры талап-тономой, алдым-жуттум, арам акчаны адалдамай, басып алмай, соттошмойлор менен кошоктолуп, өздөрү эмес, үй-бүлөсү, ага-туугандарына чейин беттерине көө жабылып келатат. Азыр да ажолукка аттанып жаткандардын арасында “жолу баткак” болгондор жүргөнү ойлонууга түртөт. Ошондуктан мурда-кийин кылмыш иши козголгон, соттошкон, “акталган”, айып пул төлөгөн, көп аял алган, кылмыш дүйнөсү менен алакасы бар өңдүү маселелерге кыйыр болсо да катыштыгы бар адамдардан сак болуубуз керек.

Жетинчи сапат - президент болом деген адам мамлекетте мыйзамдын гана диктатурасы орногон коом курууга жан үрөшү керек. Кыргыз коомчулугу мыйзамдын негизинде эмес, “түшүнүктөрдүн” үстөмдүгү менен жашап келет. Бала бакчага, мектепке, окуу жайга баланы киргизүү, ооруканага жатуу акча, жумушка орношуу, тендер өткөрүү, салыктан качуу акча, айыл өкмөт башчысы, аким, депутат болуу акча, кылмыш жазадан кутулуп кетүү акча, өлкөдөн качып кетүү, шайлоо, референдумдардан күткөндөй жыйынтык алуу акча менен ченелип, акча менен чечилип келатат. Конституция, мыйзам качан иштейт, деген чоң суроо күн тартибинин башында турат. Демек, болочок президент бул коом “көйгөйүн” чечерине көзүңүз жетеби, терең ойлонуп көрүңүз.

Сегизи сапат - президент болом деген адамда кайсы бир динге, кайсы бир саясий партияга жан тартпаган нейтралдуу позиция болушу керек. Бардык маселелер боюнча принципиалдуу көз караш, бекем саясий эрки болушу кажет. Өз алдынча чечим чыгара билген, жоопкерчиликти жеке өзүнө ала билген инсан болушу керек, элдик накылда айтылгандай, “Кан эки сүйлөбөшү керек”.

Тогузунчу сапат -шайлана турган президенттин ден соолугу чың, акыл-эси ордунда болушу керек, мүмкүн аларды тастыктаган документти шайлоо алдында талап кылуу керек деген ойлор да аз эмес. Алты миллион элдин тагдырын моюнуна көтөрүп, мамлекеттин түмөн түйшүгүн ырааттуу, ургалдуу алып баруу үчүн түн уйкусунан, күн күлкүсүнөн кечип, миң толгонууга туура келет. Алардын баарына өбөлгө боло турган биринчи фактор – президенттин дени-карды сак болушу зарыл.

Онунчу сапат - президент болом дегендер эне тилинен башка кеминде эки чет тилде эркин сүйлөй алганы жакшы сапат десек болот. Бой келбети, жарык жүзү, жаш курагы бири-бирине төп келип, жарашып турса андан бетер жагымдуу болмок. Элдеги ой-пикирлердин көпчүлүгүн эске алсак, болочок президенттин жашы 45-55тин тегерегинде, бою 175тен кем эмес болсо, жогорудагы сапаттарды толуктап турмак.

Эми президент тандоо сиздин колуңузда...

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG