Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Бүгүнкү гезиттерде Улуттун тагдыры менен анын эртеңине кооптонуп, коңгуроо каккан макалалар да жарык көрдү.

“Учурда президент болобуз дегендердин бир катары түз эле президент Роза Отунбаеваны сындаганга өтүп алышты...

Президент болом дегендердин арасында Феликс Кулов алдыда баратат, оңду-солду интервьюларды берип, журналисттерди чучукка тайгалантып, беркинисине агызып... Ошентсе эле баары “Куловдов” ураан чакырып кеткендей журналисттер да келесоо эмес” деп жазды журналист Баратбай Аракеев президент болом деп төш кагып турган Камчыбек Ташиев, Аликбек Жекшенкулов, Адахан Мадумаровду сынга алган макаласында.

Ушул эле “Форум” гезити Айбек Шамшыкеевдин “Базардагы бардакты ким тескейт?” деген макаласын тартуулады. Автор Ош базары базар эмес эле ат сарай болуп калганын, аны так ушундай абалга айланткандар илгертен бери эле бийликтин ар кайсыл бутагына жабышып алып “селкинчек” тээп олтурган чиновник-ишкерлер экендигин, алар базардын ичинен да, сыртынан да кыйла орундарды, дүкөндөрдү, контейнерлерди алып, карапайым соодагерлерге кымат баада ижарага берип, кызыл кулактык менен байып келаткандардан турарын белгиледи.

Шаар башчысы Иса Өмүркулов базар бардагы тууралуу “Азаттыкка” курган маегиндеги: “Базардагы 157 павильон казынга бир тыйын төлөгөн жок” деп айтканын эске салган журналист, мына ушул Кыргызстандын борбору, улуттун жүзү болгон Бишкекти шаар кебетесине келтирүү ишине Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кийлигише баштаганын, мындай бөтөнзордук шаар тургундарына жакпай жаткандыгын, ошондуктан Жогорку Кеңеш базардагы бардакты оңдойм деген кишини да баса калбай, шаар маселесин оңдоо жагын шаардын өзүнө берсе болмоктугун айтты.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Бермет Маткеримованын “Миграциянын миң түркүн көйгөйү” деп аталган макаласын сунуш кылды. Автор кыргыз тукмунун эртеңине балта чабылып атканын, орус аймактарында жан багам деп жүрүп, төрөп таштап кеткен ымыркайлардын эсебинен бүгүн Россиянын балдар үйү кара каш, кара көз балдарга толуп баратканын, Тюмень облусундагы “Биримдик” кыргыз диаспорасынын башчысы Канзада Самакованын айтымында, айылдан түз эле орус шаарына келген кыргыз балдардын маданияты өтө төмөндүгүн, мамлекеттик гимн ырдалса ышкырып, кыйкырып турушарын, мурда кыргыз ата-энелер кыз дегенди кымбат тутуп, багып, окутуп, тарбиялап туруп күйөөгө узатып келсе, бүгүн бешиктен бели чыгалек кыздарын акча таап кел деп Россияга жөнөтүп, алары көрүнгөнгө кор болуп, тебеленип-тепселип, никеси жок, арам сийдик балдарды төрөп, жаштайынан тагдырына азаптын тагы салынып жатканын кейиш менен кеп кылды.

Кыргыздын тукуму курут болуп кетпегей эле деп коңгуроо каккан журналист андан ары сырттан караган кишиге кыргыздар өздөрүн өздөрү кемирип-кесип жеп жаткансып туюларын, карапайым калк дайыма өз кызыкчылыгын көздөгөндөрдүн колундагы желге ыргалган чөптөй, көрүнгөн жакка ыргалып, кол жоолук болуп жатканын, ошол эле учурда алдуу-күчтүү эр-азаматтардын бөлөк-бөтөн жактарга тентип кетип аткан агымы тыйылбагандыгын өкүнүү менен баяндады.

Экономист Аскарбек Асаналиевдин макаласы экономикадагы эгемендүүлүк маселесин талдоого алып, эгер Эстониядагыдай аракеттенгенде өлкөнүн кирешеси эки эсеге өсмөгүн сөз кылды.

Журналист Нарынкүл Назаралиеванын макаласы “Мамлекеттик маалымдоо каражаттарын фракциялар бөлүп алдыбы?” деп аталып, бул боюнча бир катар фракциялардын пикирин басты. Депутаттар Токтогул Туманов, Бакыт Төрөбаев, Дамира Ниязалаиева, Акылбек Жапаров, Турат Мадылбеков массалык маалымат каражаттары жалпы элге тиешелүү курал болорун, аны фракциялардын бөлүп алышы туура эместигин айтып чыгышты.

“Алиби” гезити белгилүү адабиятчы, илимдин доктору Советбек Байгазиевдин “Кыргызстан кабыгы жок жумурткага окшошпу? Бурганакта буюккан көчкө жолчыракты ким жандырат?” деген көлөмдүү макаласы менен жаңы санын ачты.

Окумуштуу Байгазиев олуттуу маселеге окурман көңүлүн буруп, бурганактуу доордо рух эрозиясынан чыгалбай турган кыргыз эли өз жүзүн, өз үнүн сактап калар бекен, улуттугунан ажырап калбаса экен деп санаа тарткан.

“Маселен чет элдик мойсопут идеяларга, “ыплас маданиятка”, ар кандай диний дагы, диний эмес дагы агымдарга Кытай өлкөсү Конфуцийди калкан кылса, арабдар исламды калкан кыларын эске салып: “Ал эми кыргыз өз ичинен өнүп чыккан кайсыл идеяны, кайсыл философияны бетине кармайт? Биздин болгон кудуретибиз – бөлөктөрдү ээрчүүбү, тууроо, көчүрүү, чүлүктөнүп жетеленүүбү?-деген суроону койду. Кыргызстанды катуу кол тийсе эле жарылып кетчү жумурткага салыштырды.

Профессор Советбек Байгазиев аягында кыргызды сактап кала турган, улутка тирек боло турган рух жалгыз Манас руху экендигин түшүндүрдү.

Ал эми Бек Мамашов макаласын “Жогорку Кеңеш – мамлекеттик бийликтин атрибутубу же мечитпи?” деп атап, бийлик башында олтургандарды өкмөт үйү менен мечиттин айырмасын биле жүргөнгө чакырды. Антпсе борбордук аянтка жеткен диний ишеним эми Жогорку Кеңеш жайгашкан Ак үйгө кирүүгө аракеттене баштаганын эскертти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG