Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Салижан Жигитовду эскерүү, коалиция...


Бүгүн “Жаңы Кыргызстан маданияты” гезитинин жаңы саны жарык көрдү. Гезит залкар адабиятчы, ойчул окумуштуу Салижан Жигитовду эскерүүгө арналды.

“Жаңы Кыргызстан маданияты” гезитинин залкар жазуучу жана терең ойчул, публицист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Салижан Жигитовду эскерүүгө арналган атайын саны жарыкка чыкты.

Айтылуу журналист Эсенбай Нурушевдин “Сөздүн генийи” аталган макаласы менен ачылган басылманын бул санынан сиздер Салижан Жигитовдун бутага октой таамай тийген сөздөрү, замандаштары Кеңеш Жусуповдун, Ишенбай Абдуразаковдун, Таабалды Эгембердиевдин, Нуралы Капаровдун эскерүүлөрүн, жубайы менен кызынын айтып бергендерин, Сакебиздин ырлары менен пародияларын, күлкүлүү жоруктарын окуй аласыздар.

“Жаңы Кыргызстан маданиятынын” Салижан Жигитовго арналган саны 10 миң нуска менен басылып чыкты.

“Лозунг” деген ат менен чыгып келаткан гезит жабылганын, анын жабылышына 9-март күнкү санына жарыяланган “Коалициянын артында Нураке турабы?” деген макала себеп болгонун гезиттин редакциясы бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити аркылуу кабарлады.

“Айат”
гезити Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жаныш Рустанбековдун маегин жарыялады.

-Мен билгенден казак бийлигинин кыргыз өкмөтүнө эч кандай нааразылыгы жок. Нурсултан Назарбаев жолуккан сайын “Кандай жардам болсо баарын колдогонго даярбыз” деп турат. Казак бийлигин айрым сабатсыз саясатчылар жаманатты кылып жатат, - деди Ж. Рустенбеков.

Бул санга “Замандаш” партиясынын лидери Муктар Өмүракуновдун маеги басылып, өзү жетектеген партия азыркы коалициянын бузулбай турушун кааларын, кокус тарап кетсе туруктуу иш жүргүзүү үчүн курамына өтпөй калган партиялардан кирген кеңири коалиция түзүлсө деген ойдо экенин, ал ошону менен бирге эле ачкачылыктын айынан чыга турган “бунттан” 2-3 жуманын ичинде чыкса боло турган жолун өкмөткө сунуш кылганын билдирди.

“Айатта” булардан сырткары өлкөнүн башкы милийсасы Зарылбек Рысалиевдин, саясатчы Мелис Эшимкановдун кеңири маектерин, журналист Бөкөнбай Боркеевдин макалалырын ж.б. окууга болот.

“Асман преss” гезити мындан 2 жыл мурун мыкаачылык менен сабалып, 21 жеринен бычак жеп, колу-буту 2 жеринен сындырылып, айыккан соң чет өлкөгө чыгып кеткен журналист Сыргак Абдылдаевдин ошол кезде жарыяланган маегин окурмандарга кайрадан сунуштады.

“Айгай” гезити жаңы санын “Текебаев чыныгы улут лидери болгондо Батыштын эмес, кыргыздын идеологиясын биринчи орунга коймок” деген баштема менен ачты.

Күлчоро Кабылов аттуу автор макаласынын атын “Мындай кырдаал Бакиевдин учурунда да түзүлгөн. Ал апрель окуясы менен жыйынтыкталды...” деп айткан депутат Марат Султановдун сөзү менен атаган.

Ушул эле “Айгай” гезити “Ата-Журт” фракциясынын өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевге койгон 10 талабы эмне деген талаптардан турарын маалымдады.

“Айгай” андан кийин “Азаттыктын” интернет эрөөлүнө жарыяланган Феликс Куловдун интервьюсун “Мен мусулманмын, бирок фанат эмесмин” деген ат менен тартуулады.

Аталган гезит саясатчылар Эмил Каптагаев менен Камчыбек Ташиевдин артыкчылыктары менен кемчиликтери эмнеде экенин сүрөттөп бергенге аракет кылган.

Данияр Жалишев аттуу автордун макаласы Өмүрбек Бабановдун ишмердигине арналып, ал анысын “Экономикалык “киллер” ким?” деп атаган.

Кайрадан коалиция түзүүгө каршы оюн Бишкектен Урмат Сапаров аттуу окурман билдирип, “Ташиев-Текебаев тандеминин төркүнү түшүнүктүү, ал – бийлик, бири – премьер-министр, бири – спикер болгусу келет” деп жазды.

Токо Мамбетовдун “Манас” аба майданындагы май куюучу компания тууралуу жазганы “Май, май, май” деп аталды.

“Учур” гезити чуусу бүтпөй жаткан “Мегакомдун” тегерегиндеги ой-пикирлерди жарыялоону улантты. Арасында Аликбек Жекшенкуловдун “Бул Бабановдун каралоосу” деген, генерал Ашырбек Бакаевдин “Эмне үчүн буга чейин айтышкан жок” деген суроо-жооптору басылды.

“Учур”
ошондой эле депутат Мыктыбек Абдылдаев “Коалицияда калар-калбасыбыз Нооруздан кийин билинет” деген маегин сунуштады.

- Эгер “Ата-Журт” партиясы коалицияны буза турган болсо, анда республикачылар менен КСДП мандаттарын таштап, “парламенттен чыгып кетебиз” деп билдиришти дешет. Мындай болуп калса саясый кризиске туш болбойбузбу?- деген кабарчынын суроосуна Абылдаев:

- Туура, анда саясый кризиске туш болобуз,-деп жооп берди.

Жаңы сандагы Аскарбек Деңизбаевдин макаласы “Коалициянын кыйратып, Текебаев реванш алгысы келеби?” деген макала “жыгылган күрөшкө тойбойт” деген рубриканын алдында жарык көрдү.

“Коалиция кыйраса” дегенде “атамекенчилердин” эки көзү төрт. Өмүрбек Абдырахманов ачык эле “Мен жакында жаңы коалиция түзүлөрүнөн үмүттөнөм” десе, Текебаев менен Равшан Жээнбеков биринен сала бири “коалициянын кыйрашы өлкө үчүн коркунуч алып келбейт” деп ишендирүүгө аракет кылышууда. Мындай аракеттердин артында сырткы күчтөр туруп, биздин дардаңбай депутаттар алардын заказын аткарып жаткан да болушу мүмкүн. Анткени башаламандыктан башы чыкпай, бир ууч эл региондорго, урууларга бөлүнсө, өз үстөмдүгүбүздү орнотсок деп тымызын аракет кылып аткан күчтөр бар экендиги эчкимге жашыруун эмес” деп жазды.

“Жунхайда атылган ок” деген Санжи Туйтунованын макалас бажы терминалындагы чуулу окуяны баяндаган.

“Учур” булардан сырткары депутат Канатбек Исаевдин маегин да окурмандарга тартуулады.
XS
SM
MD
LG