Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Чоңдордун оюну башталды


Жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары шайлоо жакындай баштаганын талдоого алган маалыматтарды жана башка кабарларды басууда.

“Учур” гезити баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Өз улагынан теке салмай” деген баяндамасы менен жаңы санын ачып: “Эл аралык шайлоо системасындагы балит технологиялардан сырткары өзүбүзгө гана мүнөздүү түндүк-түштүк деген эки кеселибиз бул шайлоодо да катуу козголчудай болуп турат. Ушул дартка дабаа таап, башкалар сыяктуу улутка айланабызбы же ушинтип жүрүп чачылып жок болобузбу деген суроо так маңдайыбызда турат” деп белгиледи.

Гезит “Үч күн мурда КСДПнын ана башылары Алмазбек Атамбаев менен Данияр Нарынбаев өкмөт үйүнөн “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, Эмил Алиев менен коалицияга баш кошуу маселесин козгоп, бирок бир жыйынтыкка келе алышкан жок” деп,

“Бүгүн “Жаннат” мейманканасынын той залында “Мекен биримдиги” кыймылындагы Үсөн Сыдыков башында турган кадыр-барктуулар Марат Султановдун президенттикке аттанышына баталарын берет” деп,

“Ар-намыс” менен “Ата Мекен” партиялары Боршайкомдун жаңы төрагалыгына Атамбаевдин эски досу, азыркы элдешкис душманы Туйгуналы Абдраимовду шайлаганга аракет көрүшүүдө” деп,

“Жогорку Кеңештеги нааразы болгон 15 депутат жакынкы күндөрү “Республика” партиясындагы жалгыз лидерди ээрден шыпырып түшүп, анын ордуна 5 тең төрага шайлоо максатын көздөп жатат” деп,

“Президенттик жарышта Өмүрбек Субаналиевди Орусиянын күч органдары колдой турган болуптур” деп кабар таратты.

Ушул эле гезит генерал Субаналиевдин “Президенттик шайлоого сөзсүз катышам” деген маегин жарыялады.

Гезитте “Бийлик Ташиевди саясый кысымга алдыбы?” деген суроого саясатчылардын берген жообу да басылды.

“Параграф” гезити Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттиктин мурдагы орун басары Аскарбек Бакеев менен маегин тартуулап, сөз коррупциянын айланасында болду.

Кабарчынын: - Мына революция болду. Бирок коррупция мурдагыдай эле гүлдөп жатат. Эмне болууда?- деген суроосуна,

Аскарбек Бакеев: - Мурда бийлик орундары кандай сатылса азыр деле ошондой сатылып жатат. Азыркы бийлик алсыз. Партиялык түзүлүш элибиздин кулк-мүнөзүнө туура келбейт экен. Парламентке баягы эле акчалуулар келди.

Революциядан кийин Финполициянын башына келгендер эмне деген тамдарды тургузуп коюшту. Эң эле коррупциялашкандарга бажы, салык мекемелери кирет. Бажыдан түшкөн кирешенин 30 проценти жеке чөнтөктөргө түшүүдө. Акимдин эки орун басары жасалма диплом менен кармалды. Мен иштеп турган кезде Чолпон-Атада сот, прокуратура кызматкерлеринин кылмышын таап чыкканбыз. Ошондо мага биринчи жолу 10 миң долларды сунуш кылышты. Колума берген жок. Алаканына жазып алып көргөздү. Мындайды биринчи көрүшүм. Мен аны кандай кирсең ошондой чыгып кет дедим. Ошондо билдим президент менен премьер-министр кайсыл жетекчи болбосун ичкен-жегенин беш колундай билээрин.

Себеби ошондон кийинки күч түзүмдөрүнүн бир жыйынында Курманбек Бакиев: “Урматтуу силовиктер, силер канча алсаңар да тойбойсуңар. Мына мен мурда кызматта иштебеген бир адамды койдум эле, 10 миң доллар алып келсе албай коюптур” деп мен тууралуу айтты. Мамлекет башчыларына кол алдындагылардын жеп-ичкени ийне-жибине чейин жетип турарын, бирок жетекчилер алардын мындай кылмыштуу иштерин башка саясый максаттар үчүн пайдаланарын ошондо билдим
, - деп айтты.

Айтылуу акын Барчынбек Бугубаевдин маеги, маркумдар Төлөгөн Ксымбеков менен Уркаш Мамбеталиев тууралуу эскерүүлөр, Өмүрбүбү Бегалиеванын “Асмандан келген аяны” да ушул санда.

“Асман преss” гезити “Роза-Раушан Качиева камалды” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Макалада “Чубактын кунундай” чубалган "Мегаком" чуусу жакын арада токтобой калганын, Бишкек шаарынын 1-май райондук соту Раушан Рыкунова менен Айнура Симди бир ай камакка алуу чечимин чыгарганын кабарлап, Рыкунова деп аты-жөнүн өзгөртүп алган Роза Качиеванын буга чейинки кылган кылыктарын окурмандардын кайрадан эсине салды.

Учурунда Шеримкулов, Акаев, Кулов, Малабаев, Жанузаковдорду чарк айланткан бул аял далай саясатчылардын башына жаңгак чакканын, жакында пайда боло калып, анан Казакстанга кире качканын, ал жакта да жөн жатпай кайрымагын Назарбаевдин айланасындагыларга ыргытып, “балык” илинбей башкасы илинип, былыгы чыгарда Кыргызстанга кайтып келгенин, эми камакта жатып да Роза Качиева: “Мен камерада тынч уктайм, бирок кээ бирөөлөрдүн уйкусу сөзсүз качат” деп айтканын, Атамбаев, Бабанов, Дүйшөбаев өңдүү дөө-шаалардын аттары атала баштаганын маалымдады “Асман преss” гезити.

Кайрадан жарык көрө баштаган “Де-факто” гезити Орусиядан жалдырап сурап келген күйүүчү майларды алыпсатарлар Тажикстанга сатып жатканын, аларды Акүйдөгү атканминерлер жөлөп-таяп жатканын маалымдады.

Ушуга улай эле “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Камила Талиеванын “Бабановдон “Нефти синтез” сеники турбайбы?” деп сурасам, “жээнимдики” деди” деген маеги сунушталып, депутат Баткендеги Исфана тосотунан кармалган 7 КАМАЗ күйүүчү майга 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун катышы бар экенин шардана кылды.

“Де-факто” ошону менен бирге эле Лейлек районунун Кайрагач орто мектебинин окуучуларынан “Кыргызстандын президенти ким?” деп сурасаңыз “Ислам Каримов” деп жооп беришээрин, анткени эгемендиктин 20 жылында бул мектеп кыргызча окуу китеби дегенди көрбөгөнүн, мектеп Өзбекстандан алынып келген окуу китептери менен окуп келатканын, ушул эле райондун Эски-Оочу деп аталган айылында Өзбекстандын 4, Тажикстандын 2 телеканалы иштээрин, гезит-журнал дегенди мындай кой, Кыргызстандын КТР, ЭлТР деген телеканалдары көсөтүлбөгөндүгүн, жергиликтүү журналист Айнагүл Базарбаеванын айтымында, Лейлектин 10дон ашуун айылы мына ушинтип Кыргызстандан “кабары жок” жашаарын, маалымат коопсуздугу деп санариптик аппарат беришкени менен анысы такыр эле тартпай койгонун айтып чыты.

Аталган басылма ошону менен бирге эле журналист Дилбар Алимованын Улуттук Коопсуздук комитетинин жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев менен маегин жана генерал-майор Артур Медетбековдун “Начар армиядан жакшы гезит артык” деген макаласын тартуулады.

Журналист Жолдошбек Зарлыкбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун портретин тартып, анысын “Байбача” деп атады.

Зарлыкбеков макаласынын аягында: “Ата Журт” фракциясы, анын ичинде Ахматбек Келдибеков Роза Отунбаеванын президенттик мөөнөтүн узартууну сунуштап: “Президенттик шайлоону аркы жылга жылдырбайлыбы?” деп сунуш айтты. Ташиев да буга кошулду. Президенттик тактыны каалап турган атажуртчулар бекеринен минтишкен жок. Түштүктө “Түштүк биримдиги” кыймылы түзүлүп, ал Адахан менен Маратка токтолуп, бир эле талапкерди марага чыгаралы деп жатканда, булар шайлоо мөөнөтүн узартуу жолу менен өздөрүнүн бошой түшкөн позицияларын бекемдеп алганга кам урууда” деп бүтүм чыгарды.
XS
SM
MD
LG