Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Гезиттер: Кыргыздын этеги эмне үчүн тешик?


Гезиттер адаттагыдай эле өлкөнүн ички турмушундагы окуялар тууралуу жазды.

Бүгүн жарык көргөн “Кереге” гезити алакандай кабарларында куудул Куйручуктун тою болгон Соң-Көл жайлоосунда Теңир-Тоонун акскалдары кезинде КГБда, банк тармагында иштеп, депутат, губернатор боло калган Шамшыбек Медетбековду президенттик жарышка кошмок болуп кеңеш куруптур” деп,

“Алайдагы Тилеке баатырдын ашында баягы Үсөн аке Сыдыков “кокуй, бийликти түндүккө алдырбайлы” деп бир жарылды дешет, Үсөн аке аралашты дегиче, бир балээ болчу эле. Кыргыз ушул жараканы бүтөй албай атса, ал жердеги мыктылардын бири да ага каяша айталбаптыр” деп кабар таратты.

Гезиттин бул санына “Замандаш” эл аралык бирикмесинин төрагасы Кадырбек Бусурманкуловдун маркум Мухтар Өмүракунов менен болгон акыркы күндөрүн эскерген маеги жарык көрдү.

“Мухтар менен сүйлөшө келгенде эле “биздин кыргыздарды оңош керек, сот системасын өзгөртүш керек, бардыгы коррупцияга батып кетти, жаштарды туура жолго тарбиялаш керек” деп кыялдана берчү, аны дал ушул кыялдары саясатка алып кирди. Билсеңер ал саясаттан кордук көрдү, кысымга алынды, камалып да чыкты, бирок бышып жетилди. Мухтарга мамлекеттен эч нерсенин кереги жок эле, анын өзүнүн ресурсу чоң эле. Эгер биз эми саясатка аралаша турган болсок, элге чындап күйгөн партияны колдойбуз” деди Кадырбек Бусурманкулов.

“Кереге” гезитинин бүгүнкү санынан ошондой эле президенттик жарышка аттанган Өмүрбек Суваналиевдин, Токтайым Үмөталиеванын, Нурлан Мотуевдин маектерин окусаңыздар болот.

“Айкын саясат” гезити “Вечерний Бишкекти” түйшөлткөн “Айкын саясат” деген макаласын жарыялады. Макалада ушул гезиттин өткөн сандарына жарык көргөн “Кыргызстан кимдин колуна өткөнү жатат?” деген макала жөнүндө сөз болуп, макала жарык көрөрү менен “Вечерний Бишкектин” кабарчысы Бермет Маликова кыргыз тилдүү гезит кабарчыларын “улутчул” катары мүнөздөп чыкканын, кайраштырган ойлорду айтканын, акыркы кездери дал ушул орус тилдүү басылма “улутчулдукту” шылтоо кылуу менен кыргызды кемсинткен макалаларды жарыялап жиберген учурлары болуп келатканын, ал тургай дал ушундай арамза макалаларды жазып келаткандыгына байланыштуу айрым окурмандар Бишкек мэриясына кат жолдоп, кыргыздарды кордогон гезит борбордун атын алып жүрүүгө акысы жок деп айткандарын угушканын, ошондуктан улут маселесин сөз кылууда өтө этият болбосо ал кыянаттыккка айланып кетерин дагы бир ирет “Вечерканын” эсине салды.

Аталган гезитке тоо кендери боюнча адис Орозбек Дүйшеевдин “Андаш” алтын-жез кени Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү” деген ат менен маеги жарык көрдү.

Орозбек аксакал, эл эл болуп жаралган күндөн бери эле жер үстүндөгү да, жер астындагы да байлыктарынын убайын көрүп жашап келгенин, алтургай Манастын атасы Жакып Ала-Тоодон Алтайга көчүп барганда ал жердеги темир кенин иштеткени эпосто баяндаларын, акыркы кездери тоо-кен өндүрүшү дегенден кенедей түшүнүгү жок, өз кызыкчылыгынан башка эч нерсени ойлобогондордун бузукулук иштери кен өндүрүү ишине кедергисин жакшы эле тийгизип келатканын, Таластагы эң эле келечектүү деген “Андаш” кени да ар кандай интриганын, бюрократиялык тоскоолдуктардын курмандыгы болуп, багы ачылбай жатканын кеп кылды.

“Андаш” кениндеги талашы бүтпөгөн чырга бирден-бир күнөөлүү жергиликтүү бийлик менен аткаруу бийлигиндегилер деп эсептеген Орозбек Дүйшеев мунун себептерин кенен түшүндүрдү.

Орозбек Дүйшеев акырында: “Эч кандай экологиялык булгануулар да, коркунуч да болбойт. Алтынды бөлүп алуу үчүн самындай көбүктөнгөн химикаттар колдонулат. Ал химикаттын адамга да, өсүмдүккө да зыяны жок. Кен аймагын жардырганда айылдагы үйлөрдүн баарынан жаракка кетип, кээ бири урап түшөт деген сөздүн баары жалган, туура эмес. Атайын адистер эсептеп чыккан. Жардырган толкундун күчү 300 метрден ашпайт. Ал эми кен чыккан аймактан айыл кеминде эле 2 километр алыстыкта жайгашкан. Кенедей таш да учпайт” деп айтты.

“Айкын саясат” гезити андан ары Маскөөдө 15 жыл жашап келген Жеңишбек Турдубаевдин Орусиядан көргөн азап-тозокторун окурмандарга тартуулады. Жеңишбек Орусиянын мыйзамы боюнча кафе, ресторандар ичинде отурганда орусча гана сүйлөөнү талап кыларын, кокустан өз тилиңде сүйлөсөң 500 рубль айып пул төлөтөрүн, Москвада башка улуттардын тайраңдашына жол бербестигин, мигрант кыргыздардын жашоосу өтө эле оор экендигин, алакандай тар бөлмөдө кээде 20-30дан кыргыз жашарын, кыргыздын кыз-келиндери көз алдыңда бузулуп баратканын, орустун борбор шаарынын автобекеттеринде кайырчы, бомж болуп калган кыргыз жаштары көп учурай баштаганын кейиш менен кеп кылды.

“Ажо тандайбыз” деген баш теманын алдында Камчыбек Ташиев тууралуу ой-пикирлердин топтому тартууланды.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: - Мен Камчыбек Ташиевди саясатчы катары тааныбайм жана болочок президент катары элестете албайм,- деп,

“Ак Шумкар Кут” жаштар коомунун жетекчиси Айбек Бузурманкулов: - Анын Ош окуясында кылган эмгегин,“кыргыз” деп күйгөнү үчүн сыйлайм. Эр жүрөк сапаттары бар. Бирок президент катары элестете албайм,-деп,

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев:- Чоң соодагер, жини чукул адам экенин жакшы эле билип калдык. Мындай ачуусу чукул, муштумун чөнтөгүнө каталбаган адам президент болсо, анда өлкөбүз эмне болорун баары эле билсе керек,-деп,

Экономика доктору Айылчы Сарыбаев: - Кандай адам болбосун президенттикке талапкерлигин койо алат. Бирок анын кандай президент болорун келечек көрсөтөт. Азыртадан эле “жарайт” же “жарабайт” деш эртелик кылат,-деп,

Саясатчы генерал Артур Медетбеков: - Аны ансыз деле улутчул, патриот катары баалап келишет,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG