Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Гезиттер: Бакиевдер реванш алганы жатат


Гезиттер Жогорку Кеңеш төрагасынын айланасындагы окуялардын тереңдеп баратканын, шайлоо алдындагы ар кыл өңүттөгү жүрүштөрдү байкоого алды.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин ичинен “Де-факто” гезити жаңы санын президент Роза Отунбаеванын “Интерфакс-Казакстан” маалымат агенттигине берген маегин жарыялоо менен ачты.

Кабарчынын бир катар суроолоруна жооп берген Кыргыз президенти алдыдагы шайлоодо бакиевдик күчтөр реванш алуу үчүн акчаларын самандай сапырып, бардык айла-амалдарын көрөрүн, бул шайлоо өткөн 7-апрелдеги окуянын уландысы болорун, Кыргызстан прогрессти тандап, таалайын тапкан өлкөлөрдүн катарына киреби же кокту-колоттук “жапма-челек” саясаттын алдында кала береби, дал ушул шайлоо аныктарын, ал эми президенттик кызматты тапшыргандан кийин өзү Кыргызстандан эч кайда кетпестигин, күчүн, тажрыйбасын, кайратын өлкөнүн өнүгүшү үчүн жумшай берерин айтты.

Гезит ошону менен бирге учурда 70 миң долларлык айлыгы бар “Центерранын” сынак жарыяланган вице-президенттик кызматына барчу адамды канадалыктар тандап аларын кабарлады.

“Де-факто” гезити “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бир ирет Жогорку Кеңештин төрагасы Ахмат Келдибеков “мыйзамдуу ууру” аталган Камчы Көлбаев менен Көлдөгү “Каприз” эс алуу комплексинде жолукканын жарыя кылганын, 2010-жылдын октябрында Улуттук Коопсуздук Комитет кызматкерлери менен Камчыбек Ташиевдин күзөтчүлөрү атышып кеткен окуяны, ошондо Ташиевдин үйүндө Көлбаевдин жанында көлгө түшкөндөрдүн бири Дженго деген кошумча аты бар Кадыр Досмамбетов деген жашырынып алганын эске салып, эми Келдибеков Түркияга эс алууга кеткенин маалымат катчысы Асел Алиева билдиргенин, бирок анын сапары боюнча спикер Францияга учуп Максим Бакиев менен жолугуптур деген версия барын белгилеп, бул кабардын жанына “Спикер Келдибеков Араб Эмираттарына Максим Бакиев менен жолугуу үчүн жашыруун учтубу?” деген маалыматты, ал тууралуу ой-пикирлерди басты.

Текебаевдин маеги “Мага саясый жаназа окуунун кереги жок” деген ат менен, КГБнын генералы Аскарбек Мамеевдин маеги “Бакиев бийликке келгенде коргоо кызматына алып келген Артур Медетбеков Жаныш Бакиевди качырыш үчүн 1 млн. доллар алган” деген ат менен жарык көрдү.

“Учур” гезити “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулунун, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаевдин маектерин, “Роза Качиеванын бүтпөс дастаны”, “Фальстрат” , “Адам менен замандын жансырын жеткирген Эрнис Турсунов” деген макалаларды тартуулады.

“Асман преss” гезити “Ак Шумкар” партиясынын башчысы Темир Сариевдин “100 миллиондогон долларларды алып чыгып кеткенин билебиз” деген маегин окурмандарга сунуш кылды.

Гезит ошону менен бирге эле Алайда Тилеке баатырдын урматына берилген аш берүү даңазасынан маалымат берди. Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун “Тилеке баатыр бабам болот, ал менин тогузунчу муундагы атам. Улут биримдигин түптөө, ата-бабабыздын жолун улоо милдети бизге жүктөлүп олтурат. Бул улуу иштин өтөсүнө чыгып, мамлекетибиздин тагдыры чечилер алдында кайрадан Алай тоолорунда кыргыз ынтымагы тууралуу маселе козголгону бул чоң жоопкерчилик” деген сөзүн,

Спикер Ахматбек Келдибековдун “Байыртадан эле элди бөлүп, журт ичине чок салгандар көп болгон. Ошондой ичинде арам ойлуу адамдарга каршы айбаты курч Тилекедей баатырлар турган. Тилеке баатыр эл тилегине, журт тилегине жаралган уул. Бабасы эки бир тууган Адигине, Тагай бий кыргыз жериндеги тышкы душмандардын мизин кайтарган. Алдыдагы шайлоодо жаңылбай, дал ушул Тилеке баатырдай журт башчысын тандап алуу милдети турат” деген сөздөрүн жарыя кылды.

“Айат” гезитинен ошондой эле “Мегакомго” көө жапкысы келген Келдибековдун ою эмнеде?” деген макаланы, президенттик жарышка аттанган милициянын полковниги Өмүрбек Эгембердиевдин маеги менен милициянын генералы Өмүрбек Суваналиевдин “түз байланыш” аркылуу окурмандардын суроолоруна берген жообун, “Алты жыл Акаевсиз томсоргон Кызыл-Байрак айылы” деген сүрөттүү баянды окууга болот.

“Пресс. Kg” гезити өткөн сандарынан бери жарыялап келаткан “Кыргызстанда таза сот калганбы, деги?” деп аталган макаланы жарыялоону улантты. Макалада буга дейре кайсыл соттор кандай иштерди былгыткан укмуштуу жоруктары документтик фактыларга таянуу менен баяндалган.

Ушул эле санга Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына Манас баатырдын, анын маңдайына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели коюларын, кыргыз өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Атамбаев мына ушул токтомго кол коюу менен чечкиндүү кадам жасаганын, Атамбаев кошумча катары өз жанынан 1 млн. сом бергенин, Манастын айкели буга чейин Кожомкулдун айкелин тургузган скульптор Базарбай Сыдыковго таандык экенин кабарлады.

Муну менен бирге эле айрым жарандардын ушул эстеликтерди борбордук аянтка коюу чечимине карата ойлорун ортого салды.

“Параграф” гезити 30 млн. долларың болсо президенттикке аттана берсең болорун, серепчилердин эсебине караганда, өткөн жылы Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан партиялардын короткон каражаттары 60 млн. долларга жеткенин, бул акча Ош-Бишкек жолунун курулушуна кеткен каражаттын жарымына барабар экендигин, эми алдыдагы шайлоого ат салышуу үчүн кеминде эле 30 млн. доллар кетерин, азырынча беш талапкерде мындай акча бар экенин, алардын жалпы суммасы 150 млн. долларды түзөрүн эсептеп: “Ар бир шайлоо сайын эле элибиз акчага сатыла берсе, бийликтегилер кызматка келген сайын эле уурдай берсе эч качан оңолбойбуз го?” деп жазып чыкты.

Ушул эле “Параграф” гезити “Отунбаева менен Келдибековдун ортосун кайсы кара мышык аралады?” деген Бек Алымбеков аттуу автордун макаласын сунуш кылды.

Бул санга “Акыл эс, ыйман” коомунун президенти Дүйшөн ажы Абдылда уулунун “Болочок президент Алла Тааладан корккон, ыймандуу, элим, жерим деген адам болушу керек” деген “Бешимов Курманбек Бакиев менен соодалашканбы?” деген орус тилидеги макала да жарык көрдү.

Анарбек Усупбаевдин сандан санга жарык көрүп келаткан баяны “Кыргыз эли менен Түрк элдеринин ортосундагы байланыш” деп аталган.
XS
SM
MD
LG