Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

Бүгүн кыргыз тилдүү “Чоң казат” жана “Айкын саясат” гезиттери жарык көрдү.

Жарык көргөн “Айкын саясат” гезити алгачкы эле кабарын Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков жакында Түркияны көздөй учуп, андан ары изин жашырып кеткенин, А. Келдибеков Батыш мамлекеттеринин биринде кадимки эле Максим Бакиев менен жолугуп, айрым маселелерди талкуулаганын, экөөнүн жолугушуусун Орусия Федерациясынын атайын чалгын кызматы жашыруун тартып алганын, жакын арада ал сайттардан чыгып каларын маалымдоо менен жаңы санын баштады.

Ушул эле “Айкын саясат” гезитине саясатчы Мелис Эшимканов “Лондондогу Максим Кыргызстанды Келдибеков жана эски достору аркылуу башкарып жатат...” деген ат менен кенен маек курду.

Мелис Эшимканов ушу кезде жеке өзүндө маалымат ала турган булактар шүгүр экенин, бирөөтөрага Келдибековду Максимге жолуктурса, бирөө Бакиевге жолукту деп жатканын, бирок буларга жолукпай эле Келдибеков Максим Бакиев “Мегакомду” убагында 80 миллион долларга сатып жиберген, ушу тапта Казакстанда жашап турган айтылуу олигарх Машкевич менен жолукканын шардана кылуу менен, азыркы саясатчылардын 60-70 пайызы өз жазасын алып, сот жообуна тартылмайын Кыргызстан эч качан оңолбой тургандыгын белгилеп, ортодогу саясат соодасы, Назарбаев, Бабанов, Атамбаев жана башкалар тууралуу кеп кылды.

Эшимканов түндүк-түштүк маселесине токтолуп, “түндүк-түштүк деген саясатчыларды соттош керек” деп айтканды жакшы көргөн ошол эле Адахан Мадумаров, жалындуу сөздөрүн Ат-Башы, Талас, Көлгө барып сүйлөй албасын, же Темир Сариев Ошко, Баткенге, Жалал-Абадга барып сүйлөй албасын, анткени саясатчылардын баягы эле ушагына ууланган эл алардын айткандарын кабыл албасын, демек бүгүн жалпы улутту бириктире турган идея жоктугун, Максим Бакиев азыр деле Лондондо туруп алып Кыргызстанды башкарып атканын, анын Ахматбек Келдибеков менен да, Өмүрбек Бабанов менен да байланышы бар экенин кенен кеп кылды.

Аталган басылманын ушул эле санына маек курган Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин айткандары Манас жөнүндө болду.

Эл сүрөтчүсү маегинде Бишкек шаарынын аты Манас болуп өзгөрүшү керектигин, азыр аянтка эстелиги коюла турган айкөлдүн айкелин буга чейин Кожомкулдун айкелин жасап, элдин көзүнө түшкөн, Ташкенттен окуп келген таланттуу жигит Базарбек Сыдыков жасаганын, жаман жасабаганын, өткөн бир курултайда Чубак ажы “Исламда сүрөт тартууга тыюу салынат” деп сүйлөгөнүн, аны угуп отурган сүрөтчү Үсөн Сарыбаев “Эмне, сүрөт тарттырбай, кыргыз элин мал кылайын деп жүрөсүзбү?” деп суроо бергенин, чын эле мал гана сүрөт тарталбасын, мал гана ырдай албасын, мал гана айдаган жакка басып, сойсоң союларын, мал гана адам баласына таандык улуу нерселер тууралуу ойлоно албасын, ошондуктан жакшы жактары менен бирге исламдын да кемчиликтери бар экенин, сүрөт адам баласына жашоону караганды үйрөтөрүн, кыргыз эзелтен эле “Баланын акылы көзүндө” деп айтып келгенин, сүрөт тарткан киши бойоктун өңүн, ак менен караны даана ажырата билерин, турмуш да, дүйнө да ак менен карадан турарын, кыргызга бүгүн дагы бир жолу көзүн чоң ачып, жаңылбай турган келечекти тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилгенин, кыргыз эли 20 жылдан бери жаңылып келгендей ушул жолу жаңылса, анда шору кайнарын ачык айтты.

“Ажо тандайбыз!” деген рубриканын алдындагы ой-пикирлердин топтому президент болом дегендердин бири – Нурлан Мотуевге арналды.

“Чоң казат” гезити бүгүнкү санына Жалал-Абад шаар тургундарынын өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевге, анын орун басары Ибрагим Жунусовго, Билим берүү министрлигин көзөмөлдөө Кеңешинин курамына, Билим берүү тармагынын кесиптик профсоюздар бирикмесинин төрагасы А.Токтогуловго, Жалал-Абаддын губернаторуна, шаар башчысына кайрылуу катын жолдоду.

Кайрылуунун өзөгүн аталган аймактагы билим берүү тармагындагы арыз-даттануулар, талаш-тартыштар, Кебекбаева Айчүрөк, Абдрашев Акунжан, анын иниси Абдрашев Азимжан, Абдураимов Манап жана башкалар тууралуу кеп-сөздөр түзөт.

Чынара Жумакадыр “Чоң казат” гезитиндеги баянында борбордук аянттан жакында эле алынып салынган белгисиз аялдын айкели тууралуу 2005-жылы өз оюн айткан санжырачы Сыргакбек Сооронкуловдун сөзүн дагы бир жолу окурмандардын эсине салган.

Аталган басылма андан ары айтылуу айкелчи Тургунбай Садыковдун айкелин эми “Эркиндик аянтына” коюу жөнүндө ойлор айтыла баштаганын, бирок “Жаштар кеңеши” деп аталган коомдук уюм буга караманча каршы экендигин билдирсе, “Чоң казат” гезитинин башкы редактору Турат Акимов: “Тургунбай Садыковго таандык “канаттуу аял же периште католик чиркөөсүнүн символу, демек кыргыздын маданиятына карама-каршы келет, деги эле чачы жайылып тургун аялдын элеси жакшылыкты эмес, тескерисинче жамандыкты - элге түшкөн кайгы-муңду түшүндүрөт. Тарыхта кыргыз аялдары эри өлгөн же эли чабылып, жери талоонго түшкөн учурда гана чачын жайып жиберип, армандуу кошок кошкон. Үчүнчүдөн, бул “жумуртка баскан аял” Мехикодогу “Ангел независимости” же “Эгемен периштеси” деп аталган айкелдин көчүрмөсү. Андыктан буга дейре “Эркиндик” айкели аталып, Ала-Тоо аянтында турган айкел улуттун сыймыгы эмес” деп айтты.

“Өлкөдө 500гө жакын судьялар бар, талапкерлердин саны ошондуктан арбын болот. Алар ар кимдин каржылык, олигархтык, саясый кызыкчылыктарын коргойт. Эгерде судьянын кызмат ордун сатып алуу үчүн алардын ар бири 50 миң доллардан ыргытчу болсо, компанияга жалпысынан 50 млн. доллар түшөт. Ошондуктан бул өнөктүк алдыдагы шайлоодон эч бир калышпайт” деп айткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин сөзүн шилтеме кылган макалада сотторду тандап алуунун жаңы эрежелери эл аралык келишимдерге туура келбестигин, судьяларды тандоо ачык болбой жатканын, бийликтегилер судьяларды тандоону конституциялык нормаларды бузуу менен, шашылыш жүргүзүп жатканын, судьяларды тандоо боюнча Кеңшетин мүчөлөрүн шайлоодо бул же тигил саясый күч тарабынан ар кандай шылуундуктар үчүн пайдаланыла турган талапкерлер бекитилгенин, абийири таза, жогорку профессионалдык жана моралдык талаптарга жооп берген соттор аталган Кеңештин курамына кирбей калганын, тескерисинче жалаң алдым-жуттумдар, коррупционерлер, эң эле чуулгандуу иштер боюнча актаган чечимдерди чыгарып келгендер кайрадан отуруп калганын сынга алган укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын, Жогорку арбитраждык соттун мурдагы төрагасы Сүйөркул Косаковдун, юрист Эркин Саданбековдун айткан ой-пкирлери окурмандардын ой элегине салынды.

Ааламдык саясат маселеси “АКШ дүйнөнү кантип титиретип турат” деген макалада сөз болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG