Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Гезиттер: “Сот...кана”


Бүгүн жарыкка чыккан гезиттердин дээрлик бардыгы тандап алуу кеңешине келген сотторду, эски бийликти “кармап” тургандар да ушулар болгонун, ушулардын айынан эки ирет революция сели “каптап” өткөнүн жазып чыкты.

“Сотторду тандоо кеңеши тарабынан 2010-жылы декрет менен кызматтарынан алынган А. Абдугапаров, Ч. Курбанова, Ө. Мамыров, Ч. Мусабекова, ошондогу Конституциялык Соттун аппарат башчысы Т. Чилдебаев кайрадан Конституциялык палатага сот болуп тандалып алышты.

Ошол эле 2010-жылдын 28-июлунда президенттин жарлыгы менен иштеги одоно кемчиликтери үчүн бошотулган Жогорку Соттун судьялары А. Мухамеджанов, Э. Токтомамбетов, К. Турганбеков кайрадан сот болуп тандалышты. Дал ушул судьялар Данияр Үсөновдун тапшырмасы менен Кант цемент-шифер заводунун мамлекетке тиешелүү 14 пайыз акциясын казактарга кармата берген. Таң каласың. Эмне, Кыргызстанды дагы эле Акаев менен Бакиев башкарып жатабы? Эртеңки күнү кайрадан “өз орундарына” отурган бул соттор жеп-ичип, таланып-тонолуп келгенден кийин Убактылуу өкмөт тарабынан улутташтырылган объекттерди кайрадан Акаев менен Бакиевдерге кайтарып бербейт деп ким кепилдик бере алат? Окко учкан балдарды атып өлтүргөндөрдү соттон бошотуп жибербейт деп ким кепилдик бере алат?” деп жазып чыкты бүгүнкү санында “Айат” гезити.

Аталган басылмада президент болом деген талапкерлердин маектери, “Республика” партиясынын элди ынтымакка чакырган кайрылуусу, “Мегаком” жана талашка түшкөн банк тууралуу макалалар бар.

“Учур” гезитине генерал Мирослав Ниязовдун “Бийлик элдин итиркейин келтире баштады” деген, “Чоң казат” гезитинин башкы редактору Турат Акимовдун “Элитада эски ойлор, эски оюндар”, экс-депутат Кубанычбек Исабековдун “Ак үйдөгүлөр Бакиевдин кейпин кийишти” деген аталышта бийликти жана бийлик башындагыларды сынга алган маектери жарык көрдү.

Журналист Сабыр Муканбетов “Ата Мекен” партиясынын өткөндөгү курултайы тууралуу баяндады.

Ушул эле гезитке берген маегинде Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери Арслан Коргонбеков Бакыт Бешимовдун айланасындагы буга чейинки ушак-айыңдардын баары карандай калп экенин, ал жакында Америкадан келерин, келери менен кечээги оппозицияда жүргөн аттуу-баштуу эле адамдардын кимдир бирөөлөрү Бакиев менен тымызын катташып, оппозицияны сатып келгендердин бетин ачып, ысымдарын шардана кыларын айтты.

“Учур” гезитинин бул санына Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун “Абадан жут! каалаганча, канганча, аялды сүй, акыл-эстен танганча!” деген ат менен кызыктуу маеги басылды.

“Де-факто” гезити “Баңгизатсыз акыл-эс” деп аталган Бүткүл дүйнөлүк лиганын жетекчиси Жеңишбек Назаралиевдин Кыргызстандын элине кайрылуусун басты. Президент Роза Отунбаеванын ордунда калышын жактаган Назаралиев мырза Отунбаеванын эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркы барын, тилекке каршы дүйнөлүк саясий элитанын ичинде ага теңдеш жердешибиз жоктугун, англис, немис, француз тилдерин суудай билерин, өзү тектүү үй-бүлөнүн кызы экенин, ошондуктан президент болом деп чубаган кыргызбайлардын кимдер экенин беш колубуздай билген соң, мыйзамга туура келбейт дебей эле Роза Отунбаеванын өзүн президентикке талапкерлердин тизмесине киргизүү керектигин, анан эл өзү эле тандап аларын жазып чыкты.

“Де-факто” гезити “Куда-сөөк жана пулдагычтар баш болгон 29 сот келатат” деген теманын алдындагы макаласында айрым атуулдардын ойлоруна орун берди.

Адвокат Нурбек Токтакунов: - Мага Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү 10 миң долларга жакын пара алганы тууралуу маалымат түшкөн. Кийин уксам 100 миң доллар бергендери болуптур. Мен бул фактыларды асмандан алган жокмун. Ишенимдүү булактар айтып келген,-деп,

Соттук системаны көзөмөлдөөчү жарандык кеңештин мүчөсү Сейтек Байгуттиев: - Коррупцияга белчесинен батып, чечимдерин акча менен соодалаган соттор толтура. Көбү сот системасын чиритип жүрүп бүгүнкү абалга алып келгендер,-деп,

Саясатчы Эркин Бөлөкбаев: - Дагы эле мурдагы бийликтин камчысын чапкан сотторду тандады. Алсак, Абылай Мухамеджанов Ташиевдин кудасы, ушундай соттордун айынан эки жолу революция болду. Ошондуктан жаңы муунду, жаштарды алып келишибиз керек. Бизде мыкты иштеген, билимдүү жаштар толтура. Эгер бул сотторду болтурбоо аракетинен майнап чыкпаса 1-сентябрдан баштап Жогорку Кеңеш таркасын деген талапты койобуз,-деп чыкты.

“Параграф” гезити жаңы санын Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Соттун мурдагы төрагаларынын бири Курманбек Осмоновдун “Сотторду тандоо кеңешинде коррупционерлер отурат” деген маеги менен ачты. Курманбек мырза анысында Сотторду тандоо кеңеши Ош окуясында президент К. Бакиевдин кланына кызмат кылган Оморова, Жумашев дегендерди тандап алганын, “Мегакомдун” чыры боюнча, Р. Рыкунова өтө көп суммада пара алды деп күнөөлөп, аттарын атаган Соттор тандоо кеңешине шайланып алганын кеп кылды.

Гезитте президентикке талапкер Нурлан Мотуевдин маеги бар.

Укук коргоочу Качкын Булатовдун макаласы “Ким президент болот?” деп аталат.

“Айгай” гезити президент болом дегендердин саны элүүгө жеткени калганын, көрүнгөндүн баарынын эле президент болгусу келгендиги кыргыздын кыйындыгынан эмес, чыныгы улуттук лидердин жоктугунан болуп жатканын, аталган шайлоо үстү мемиреп тынч сезилгени менен, асты буркан-шаркан түшүп кайнай баштаганын, анткени бакиевдик клан же реваншисттик күчтөр акыркы кармашка катуу даярданып жатканын, булар жеңишке жетүү үчүн баарына барарын маалымдады.

Урмат Сапаров аттуу автор “Аркардын сүйүүсү” аттуу макаласында көп жылдардан бери эл арасында сынгыс, урагыс, чынчыл, адилет деген Ө. Текебаевге таандык эпитеттер да акырындап талкаланып, сынып, урай баштаганын, өз партиясынын курултайында Текебаев “Бакиевди алып келгенден коркпош керек, ал мунжу же чолок эмес, жалгыз” деген сыяктуу сөздөрдү сүйлөп элдин мээсин оорутканын, Текебаевдин жеңип чыгарына ишеним жоктугун, андыктан узун кулактардын айтымында ал Камчыбек Ташиев менен жашыруун соодалашып, Ташиевдин пайдасы үчүн иштегени жатканын кабарлап чыкты.
XS
SM
MD
LG