Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

20 жылда эмнеге жеттик?


Бүгүн жарык көргөн гезиттер эгемендиктин 20 жылдыгында эмнелерге жеттик, эмнелерди жоготтук деген суроолорго жооп издеди.

“Сапарың байсалдуу болсун, Мекеним Кыргызстан!” деген баштема менен жаңы санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити санарип мультмедиялык телекөрсөтүүсү аркылуу мектеп окуучуларына кошумча билим берүү максатында уюштурулган “Алиппе ТВ” телеканалынын ачылышына президент Роза Отунбаеванын катышканын белгилөө менен бул программа 2011-окуу жылынын башталышынада Чүй, Бишкек аймактары боюнча обого чыгарылып, андан кийин жыл аягына чейин бардык облусттарды камтый тургандыгын кабарлады.

Кабарчы Козубек Иманкуловдун макаласы Талас жергесин кыдырып кайткан өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевдин иш сапары жөнүндө баяндайт.

Публицист Эсенбай Нурушевдин маеги “Бизге идеология эмес, Азирети Мыйзам керек” деген ат менен жарык көрдү.

Маегинде Эсенбай мырза бизге идеология эмес жалпы улуттук маданият жетпей жатканын, маданият айрыкча саясый жана укук чөйрөсүндө зарылдын зарылы экендигин, алгач байыркы Римдиктер да ушул принцип менен жашап, гүлдөп өсүп, бирок бийликке тойбогон императорлор принципти өз кызыкчылыктарына бура баштагандан тартып империя кулап жыгылганын, Кыргызстанда да мыйзамды биринчи кезекте бийликтегилер өзүлөрү бузуп келатканын, бийликке кимиси келбесин болгон күчүн Конституцияны өзгөртмөйдөн баштаарын белгиледи.

Нурушев андан ары, гүлдөгөн Кытай экономикасынын “атасы” аталган Ден Сяопин, Малайзияны гүлдөткөн Мохаммад Мохатхир, Сингапурдун “атасы” делген Ли Куан Ю мыйзам үстөмдүгүнө таянышканын, мыйзам баарына бирдей экендигин айтып тим болбостон, мыйзамга киргиcи келбегендерди күчтөп киргизгендигин, Сингапурда мыйзам үстөмдүгү бир эле парламенттик система аркылуу жүзөгө ашканын, ал эми бизде болсо жаңы Байшмыйзам кабыл алынганына алты ай боло элек жатып кайра президенттик башкарууга кайтышыбыз керек дегендер чыгып атканын, дегинкисинде азыр биздеги идеология дегендин баары кыргыздын улуттук мамлекетине каршы, аны жок кылуу багытында иштеп жатканын айтты.

“Кыргыз туусу” гезити ошондой эле бүгүнкү санына “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 20 жыл” деген рубриканын алдында макалалардын топтомун жарыялады. Алардын бири профессор Сыртбай Мусаевдин “Эгемендүүлүк кимге эмне берди?” деп аталды.

“Фабула” гезити тарых иилимдеринин доктору Ташманбет Кененсариевдин “Белгилүү демократ Топчубек Тургуналиевдин бейнесине сүртүмдөр” деген баянын басты. Тарыхчы окумуштуу саясатчынын ишмердүүлүгүн, басып өткөн жолун кенен кеп кылды.

Ысык-Көлдү жалаң гана акча чогултуунун булагы кылып алган көйгөйдү журналист Баратбай Аракеев сөз кылды.

Ушул эле санга өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин, министрлер Сабыр Жумабеков менен Канат Садыковдун, Нарындын губернатору Канатбек Муратбеков менен Көлдүн губернатору Мирбек Асанакуновдун маектери жарыяланды.

“Алиби” гезити башкы макаласын журналист Тынчтык Алтымышевдин “Көзкарандысыз көзкарандылык” деген макаласы менен ачты. Автор анысында эгемендиктин 20 жыл аралыганда Кыргызстандын баскан жолун кыскача талдоого алды.

Журналист Жума Мамбетовдун макаласы “20га чыксак да телчиге элекпиз” деп аталса, ишкер Жумабек Токтогазиев маек куруп, ууру-кескилердин жолун тосмоюн, улуттун күнү караңгы бойдон кала берерин билдирди.

“Де-факто” гезити мындан ары жумасына эки жолудан чыгып турмай болду.

Бүгүнкү санын аталган гезит коомдук ишмер Апас Жумагуловдун гезит кабарчысынын суроолоруна берген жообу менен ачты.

Өткөндү эстеген мурдагы өкмөт башчысы Апас Жумагулов учурунда эл бийликтен адилеттикти, калыстыкты каалап жатканын Аскар Акаевге да, Курманбек Бакиевге да айтканын, бирок алар угуп коюп, өз билгендерин жасай бергенин, азыркы президент Роза Отунбаева тууралуу суроого: “Ал интеллигенттүү, билимдүү, элим деп күйүп-бышкан адам. Мансапкор болбой, бийлигинен пайдаланып, дагы беш жыл калууга аракет кылбай, “Бир жыл иштеп таза шайлоо өткөрүп берейин” дегени эрдик болду. Оор күндөрдө эркектердин ишин мойнуна алды” деп жооп берди.

Алтын чатагы тууралуу жазган “Де-факто” гезити ага тийешелүү макаланы “Солтон-Сарыда 10 кытай жаранын токмоктошту” деп атап, чатак кайдан чыкканын баяндады.

Көрсө Нарын дарыясын бойлой жайгашкан айыл тургундары көптөн бери эле суудан алтын чайкап, алтын табам деген жерин кол менен казып келишкенине, апрель революциясынан кийин Нарын районундагы Эмгекчил айлынын жарандары бул ишке баш оту менен киргенине токтолду.

Таяк жеген милиция кызматкери Элдияр Сатаркулов, түшкү саат экилер чамасында таш, союл менен куралданган бир машина балдар келгенин, кечке маал келгендердин саны дагы көбөйгөнүн, караңгы киргенде Бучук кениндеги кытайлык жумушчуларды сабаганга өткөнүн, ошондо асманга ок атып, ок ата берип жаалданган топту токтоталбай, огун түгөтүшкөнүн, жабалактаган көпчүлүк куралдарын тартып алганын, вагонетканы өрттөгөнүн айтып берген.

Солтон-Сарыдагы ушул эле чатакка токтолгон облус губернатору Канатбек Муратбеков, алтын казып жанын багып келаткандарды да түшүнсө болорун, алар кызуу кандуулукка алдырганын моюндарына алышканын, тартылып алынган куралдар кайтарылганын, бирок Бучук кени Эмгекчилге эмес, Миң-Булак айылына карарын, кытайлыктар ал айылга 7 млн. сомдук жардам берип турарын, бул жерде эч кандай саясат жоктугун, чатак ич күйдүлүктөн чыкканын, азыр абал тынч экендигин айткан.

Айтылуу ырчы, Кыргыз эл артисти Роза Аманова менен жубайы Кубанычбек Жумалиевдин үй-бүлөлүк маектерин да ушул гезиттен окуйсуздар.

Депутат Феликс Куловдун мындан 19 жыл мурдагы ГКЧПны эскерүүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматовдун маеги басылып чыкты.

“Финполициянын майору аялын өлтүрүп, БЧКга ыргытты деп айыпталууда” деген ат менен жарык көргөн макалада августтун төртүндө 11-кичирайон тараптан Елена Ли аттуу 27 жаштагы келин дайынсыз жоголгонун, эки жума издөөдөн кийин сөөгү ГЭС-4 аймагынын жанындагы Чүй каналынан табылганын, көп өтпөй анын өлүмүнө шектүү катары Финансы полициясында иштеген күйөөсү, андан кийин келиндин кайнатасы кармалганын маалымдап, окуянын чоо-жайын маркумдун агасы Александр Ли менен анын адвокаты Оксана Хегайдын маалыматы боюнча жазып чыккан.
XS
SM
MD
LG