Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Бүгүнкү гезит баяндамыбызда кылмыш дүйнөсүндөгү окуяларга көбүрөөк басым жасалды.

“Шок!” Мына ушул рубриканын алдында “Дело № ...” гезити журналист Артур Исаевдин “Банданын башчысы полковникпи?!” деген макаласын басты.

“2010-жылдын апрелинен кийинки революциялык башаламан күндөрдүн биринде, тагыраак айтканда 13-апрелдин кечинде үйүнө кайтып келаткан ишкерди Бишкектин көчөлөрүнүн биринен белгисиз машина токтотуп, андан чыккан эки жигит тигиге тапанча такап коркутуп, шаар четине алып барышты да аеосуз сабап, жанындагы 15 миң долларын тартып алып, аны менен эле тим болбой, үйүнө телефон чалдыртып, болгон акчасын алып келүүнү талап кылышты. Ажалдын чеңгелинде турган ишкер үйүнө кабарлап, баласы тигилер талап кылган 7 миллион сомду пакетке салып, “Жип” машинасын ачкычы, документи менен белгиленген жерге айдап келип берди. Бандиттер баарын шыпырып алып, бир заматта житип жоголду...

Ошол эле апрелдин дагы бир кымгуут күндөрүнүн биринде, революциядан кийин ишинен кеткен өлкөнүн муфтийи Мураталы Жуманов сырдуу жоголду. Бул иш кандайча болду? 20-апрелдин кечинде муфтийдин үйүнө эки жигит күтүүсүз кирип, Мураталыны коштоп чыгып, машинага түртүп кийиришти да, башына мүшөк тыгып, шаардын четине алып барып, ур-тепкиге алышты. Бандиттер баш молдодон 1 млн. доллар талап кылышты. Эчтеке өндүрө албаганда дагы сабап, талаага таштап кетишти.

Көптөн кийин эсине келген муфтий өзүнүн Байтик айылынын четинде жатканын билип, эптеп мечитке жетти. Чуу түшкөн мечиттегилер милицияга телефон чалышты.

Ошентип жогорудагы кылмыштарды иликтөө башталды. Ал арада Мураталы Жуманов 37 жашында жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди.

Кылмыштын бети ачылганда күч органдары төбө чачты тик тургузган далил менен бетме бет келишти. Көрсө банданын башында туруп, ага жетекчилик кылган киши жөнөкөй киши эмес, болгондо да Ички иштер министрлигинин 9-Башкы башкармасынын ошол кездеги начальниги, милициянын полковниги Абдували Акжолов болуп чыкты. Камоого санкция алган Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын иликтөө тобу август айынын бир күнүндө полковник Акжоловдун иш бөлмөсүнө кирип барып, колуна кишен салды.

“Дело №...” гезити андан ары мына ушул полковник Абдували Акжоловдун ишмердигине токтолуп, жогорудагы окуялардан мурда да дал ушундай каракчылык жасаган кыңыр иштери билинип, 2009-жылы ээлеген кызматынан учуп кеткенине карабастан, апрель революциясынан кийин кызматынан жогорулап, кайрадан башкармалыктын 9-бөлүмүнүн начальниктигине дайындалганын, бирок жаңы бийлик министрликтин аталган бөлүмү Бакиевдин тушунда легалсыз миграция менен экстремизмге каршы күрөшпөй эле оппозиция менен күрөшүп келгендигин белгилеп, 9-бөлүмдү таптакыр жоюп салганын, бирок Акжолов башка бир бөлүмдүн начальнигин орун басары болуп кызматында кала бергенин, ошентип коркунучтуу кылмыш жасап келген банданын башында турган полковник Акжолов революциядан кийин аты өтө белгилүү болуп калган саясатчынын, болгондо да талапкерлигин президенттикке коюп жаткан саясатчынын жакыны деген сөздөр чыга баштаганын, ушу тапта Акжолов күчөтүлгөн кайтаруу менен Бишкектин ооруканаларынын биринде жатканын жазып чыкты.

Ушул эле санга укук коргоочу Чолпон Жакупованын “Элдин үмүтү менен ишеними үчүн баатырлар керек” деген, Өмүрбек Суваналиевдин “Шайлоочулардын Кыргызстандын тарыхында эң таза шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар” деген маектери жана башка малыматтар басылды.

“Кереге” гезити Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин “Парламенттеги кримдердин атын мезгили келсе атайбыз” деген,

Саясатчы Кадыр Кошалиевдин “Элдик курултай президенттин, Жогорку Кеңештин, Жогорку Соттун отчетун угат” деген,

Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин Контрабандага жол бергендер жооп берүүлөрү керек” деген аталыштагы маектерине орун берди.

Композитор Жамиля Муратова учурда ырдап чыгып жаткан ырчылардын музыкалык билими тайкы болуп атканын, өлкөдө музыкалык мыйзам иштебегендигин, чыныгы өнөр менен жалган, жасалма нерселер аралашып кеткенин, андан арылуунун жолдорун кеп кылды.

“Чоң казат” гезити окурман көңүлүн Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара боюнча офицери Арслан Коргонбековдун маегине бурду.

Гезит кабарчысы чек арачыга: - Сиз бир жолу Кыргызстанга Жаныш Бакиев тоскоолсуз кирип-чыгып жүрөт деген элеңиз. Чын эле ошондой мүмкүнчүлүктөр барбы?-деп суроо салды.

- Генерал Мелис Турганбаевдин айтымында, Жаныш Бакиевдин Кыргызстанда жүргөндүгү байкалган. Турганбаев таанымал профессионал, андыктан мындай ишти ал жөн жеринен айтпайт. Жаныш асмандан түшкүдөй парашютчу эмес, ал жер астын да казып келе албайт. Керек болгондо чек арадан өтүп келсе, Жанышты кадимкидей сый-урмат менен тосуп алышат, анан Кыргызстандын аймагында коштоп жүрүшөт. Ал менчикти бөлүштүрүү, айрым соттук, кадр жана өз ара ымалалаштарынын тагдыры менен байланышкан маселелер боюнча ири чиновниктер менен жолугушуп турат. Кечинде болсо дайыма бирөөнүн зыярат дасторконунун сыйлуу коногу болот. Анын колундагы компроматтар анын ушинтип турушуна мүмкүндүк берет. Эгерде ушунун баары ачыкка чыга турган болсо австралиялык “викиликс” кыргыздыкынын алдында шоона эшпей калат. Балким жакында алардын четин уга баштаарбыз. Ал эми чек арадан Жаныш Бакиевдин уулдарынын кармалышы өткөн режимдердин оор мурасы менен болгон күрөш эмес. Балдар атасы үчүн жооп бербейт,- деп жооп берди чек ара офицери Арслан Коргонбеков.

“Чоң казат” гезити ошондой эле “Политжайлоо” деген рубриканын алдында “"Мегакомдун" чатагы же Садыр Жапаровдун “Му-мусу” деген ат менен макала жарыялады.

Макалада “Мегаком” Кыргызстанда “Кумтөрдөн” кийинки эле эң ири, ак ниет салык төлөөчү компаниялардын бири болуп саналарын, салыктан тышкары компания мамлекеттин казынасына 30 млн. доллар дивиденд да төлөп турарын, салыштырып караганда, ошол эле “Кумтөр” 2010-жылы мамлекетке биринчи жолу 4 млн. доллар дивидент төлөгөнүн белгилеп, андан ары депутат Садыр Жапаровдун ишмердигин кеп кылып, “балким Садыр мырза “Мегакомдун” болочок ээси болгусу келген бирөөлөрдүн камчысын чаап жатабы деген ой келет экен көңүлгө” деп белгилеп, “Мегакомдун” айланасындагы белгилүү окуяны окурмандардын кайрадан эсине салды.

Гезит ошону менен бирге эле Жогорку Кеңештин кароосуна келип түшкөн Кыргызстандын туусунун жаңы эскиздерин жарыя кылды. Анда 35 желектин эскиси сунуш кылынган.

Аталган басылма адаттагыдай эле айтылуу жазуучу Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манасын” жарыялоону улантты. Акыркы бетин эл аралык жана дүйнөлүк кабарларга арнады.
XS
SM
MD
LG