Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Басма сөз: кимди шайласак?..


Гезиттер президенттикке талапкелер тууралуу үгүт макалаларды басууну улантып, Боршайком, дин, саясат, эл турмушу, мигранттар, ырчылар жөнүндө жазды.

“Пресс kg” гезити жаңы санын президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев жана Камчыбек Ташиевдин үгүт материалдары менен ачты. Гезит ошону менен бирге эле Жумаш Назаровдун “Президенттик эмес, майлуу орун үчүн күрөшкөн көлөкөлөр” деген макаласын тартуулап, шайлоодогу тандемдер кызмат бөлүштүрүүнүн гана ыкмасы экендигин, учурдагы 20дан ашуун талапкердин көбүнүн принциби ушул багыттагы кызмат соодагерчилигинде жатканын, добушун саткан талапкердин акыбети шайлоодон кийин майлуу креслого олтуруу менен акталарын, кээ бир талапкерлер аймактык трайбалисттик сезимдерди күчөтүү аркылуу добуштарды алууга аракет жасашарын, ал эми коомдук аң-сезим болсо бир нече категорияга бөлүнөрүн, ар кимиси ар кандай кызыкчылыктан туруп добуш берерин кеп кылды.

Ушул эле гезиттен Боршайкомдун төрагасынын орунбасары Гүлнар Жураеванын “БШК эч кандай саясый оюнду ойногон жок” деген, коомдук ишмер Накен Касиевдин “Министр Сабыр Жумабеков менден өч алгысы келиптир” деген маектерин окуйсуздар.

“Айат” гезитине аңгеме курган Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Баатырбеков эл арасында элчиликтердин ишине нааразы болгондор арбыганына жооп кылып, кыргыз элчилигиндеги төрөпейил, орой мамиле 20 жылдан берки саясаттын кесептинин натыйжасы болгонун, анткени элчиликтерге атайын билимге ээ болгон адис дипломттар эмес, чоң кызматтарда жүрүп, ошол кызматтан кандайдыр бир жол менен четтетилгендер иштеп келмейи салтка айланганын, мындай адамдар айлана-тегерегине өзүнө жараша кадрларды кызматка тартарын, эми Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Тышкы иштер министрлигиндеги ушундай жагымсыз жагдайды оңдоого киришкенин айтты.

Гезиттен депутат Токон Мамытовдун “Улуттар аралык чатакты көздөгөндөр четтен чыгат” деген, генерал Мирослав Ниязовдун “Бийликтегилердин криминалдан айырмасы жок деген сөзүмдөн кайтпайм” деген маектерин, “Көгүлтүр от көйгөйү чечилди”, “Сот реформасындагы саясый тирешүү”деген жана башка макалаларды окууга болот.

“Асман преss” гезити бүгүнкү санын Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Тумановдун “Үй-бүлөмдүн коопсуздугунан коркуп жатам” деген маеги менен ачты. Депутат маегинде анын Ошто казиносу бар деген сөздөр жалгандыгын, ал казинолор белгилүү адамдардыкы экендигин, анын казино курганга каражаты жоктугун, эгер депутаттар реформа жасабай эле ушинтип эски коррупционерлерди колдоп олтура берсе анда парламенттин кадыры кетерин, азыр тазаланалы дегенге каршылык, тоскоолдуктар болуп жатканын, эл болсо сотторго тоюп бүткөнүн, ошондуктан парламент коррупцияны жоюп, акыйкаттуулукту орното албаса, анда өлкө кайрадан мурдагы таз кейпине келерин кеп кылды.

Азима Акунова даярдаган бетти казинолордун жабылышына карата оюнчулардын ой-пикирлердин топтому түздү. Казино ойногондордун бири Жоомарт Бейшембиев: - Машинасын, үйүн уттуруп, селсаяк болуп калган көп адамдарды көрдүм. Мен дагы машиналарымды уттуруп, адам катарынан чыгып калганда араң токтотком. Азыр иштеп жүрөм, - деп,

Дагы бир оюнчу Улан Жусупбеков: - Он жылдан бери ойноп келем. Кандуу Ош окуясы да казиндон башталган. Бул өтө жаман оюн. Эгер казинолор “подпольеге” кетип, токтотконго өкмөттүн күчү жетпесе, эл чогулуп туруп жаап салышы керек, - деп жооп берди.

Аталган гезит муну менен бирге эле “Вечерний Бишкек” гезитинде тынымсыз жарыялар берилип, кыз-уландарды, адамдарды азгырып, өзүнө чакырган жеке сойкуканаларды, сауналарды да жаап салууга аракеттер көрүлөөр бекен, анткени булар дагы коомду бузуп жаткан арам иштерге кирет эмеспи?” деп суроо койду.

“Де-факто” гезити “Жаныш Бакиев менен коюн-колтук алышып, стакан кагышып жүргөндөр президент болууга укугу барбы?” деген суроонун алдында бир катар жарандардын ойлоруна орун берди.

Гезит “Коркунуч желаргысы” деген ат менен “Наркобарондор, исламдык топтор жана “талаа командирлери” деген ат менен “Дин. Укук жана саясат” аналитикалык борборунун башчысы Кадыр Маликовдун макаласын басты. Макалада Кыргызстанда чыр чыгарууга кызыктар күчтөр жетиштүүлүгүн, ошол эле экс-президенттин жакындары, реваншисттик күчтөр, таасирин сактап калууга умтулган наркобарондор, ушулардын баары исламга жамынып алып жаман иштерди жасашы мүмкүндүгүн айтат.

Саясат иликтөөчү Орозбек Молодалиев, мечит деген экстремисттерди даярдай турган жай эместигин, тескерисинче жаш балдарды ошондой уюмдардан сактай турган, тарбия бере турган жай экендигин, молдолор эч убакта “бирөөнү өлтүрүп, кыянаттык кыл” деп айтпасын, деги эле дин менен светтик түзүлүштүн ортосундагы мамилени бузбаш керектигин, бул жагынан Түрк өлкөсүнүн үлгүсүн алуу зарылдыгын белгиледи.

Заманыбыздын залкар композитору, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун 60 жылдык мааракеси ушул айдын 19-20-октябрында Токтогул атындагы филармонияда өтөрүн, Түгөлбайдын жаңыдан жарык көргөн “Эсимде” аттуу китеби ушул кечеде кирүү белети менен бирге сатыларын жар салган “Де-факто” гезити анын ошол китебинен үзүндү жарыялоосун улантты.

“Айгай пресс” гезити Алмазбек Атамбаев 10-октярбь күнү Москвага сапар тартышы мүмкүндүгүн кабарлоо менен президенттикке талапкердин үгүт баянын басып чыкты.

Социология илимдеринин доктору Кусеин Исаев макаласы аркылуу “Нагыз улуттук лидер тандалабы?” деген суроого жооп издеди. Кыргыз эли канчалаган кылымдардан кийин өз алдынча түтүн булатып, азаттыкта, демократиялашкан, социалдашкан мамлекеттүүлүккө ээ болуу жолуна түшкөнүн эске салган илимпоз болочоктогу президент-лидерди тандоодо кандай чен өлчөмдөргө таянуу керектигине алты сунушун кийирди.

Журналист Жолдошбек Токоев “Эй, эрендер эске түй” деген макаласында Акаевдин башын жуткан шайлооону дагы бир жолу окурмандардын ой элегине таштап, ошол кездеги “бөрк ал десе баш алган” бийлик кошоматчылары элдин добушун бурмалаганын, ошондо Курманбек Бакиев, Досбол Нур уулу, Алмазбек Атамбаев, Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков сыяктуулар жана башка “жыга чабылгандар” мандат алып калганда, ошондогу БШКнын төрагасы Сулайман Иманбаев элге суу тумшук болуп көрүнмөк эместигин, Акаев куулбай калмагын, ал эми андан кийинки 2007-жылдын декабрындагы шайлоодо БШК Ак үйдүн буйругунан баш тартып, “Ата Мекен” партиясына тиешелүү мандаттарын бергенде Бакиевдик диктатура анчалык күчкө ээ боло албай калмагын, эл нааразылыгы күчөөбөй басылмагын, Бакиев да куулбай калмагын эске салып, ушу бүгүн да Борбордук шайлоо комиссиясынын кадамдары Акүй жана Көкүйдүн эрки менен боло баштады деген сөздөр чыгып жатканын эскертип: “Кыргызстандын ушул замандагы “инквизаторлору” – соттор, шайлоо комиссиялары элдин эркин тигил же бул талапкерге болгон каалоосун төбөсүнөн басып, бийликке жаңы адамдардын келишине жол бербей, демократияны муунтуп жаткан жокпу?” деп суроо коюп, өнүккөн Европада качан гана ушундай “оорулар” түп орду менен жоголгондо прогесске жетишкенин кошумачалады.

Бердикожо Бийназаровдун болгон окуяны баяндаган “Алданган мигранттар же орус талаасында өткөн кырк күн” деген макаласын да ушул “Айгай пресс” гезитинен окуп алсаңыздар болот.
XS
SM
MD
LG