Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Басма сөз: Качкындардын жыргал турмушу


“Дело №...” гезити жаза өтөө мекемесинин жагдайы, элдин акчасын депутаттар эмне кылып жаткандыгы, айтылуу демократ Т.Тургуналиевдин бекем ишеними тууралуу жазып чыкты.

“Беш кылмышкер абакта отурган кишиге ээн-эркин кирип, өлтүрүп, анан наркозатты ашыкча колдонгондугу үчүн өлдү кылып, күрөө тамырына ийне сайып коюшкан...”,

“Мындан бир аз мурда эле Оштун номур 5-СИЗОсунан этап кылынган түрмөчүлөр менен кошо кызматтык “автозак” аркылуу Бишкектин номур 1-СИЗОсуна героин жеткирип турушкан”,

“Исмаил Кочкаровду өлтүрүүгө буйрук бергендер 75 миң доллар берген”,

“Зектерге аягы суюк келиндерди үйлөнгөндүгү жөнүндө мечиттен күбөлөндүргөн күбөлүк менен киргизип жиберишет”,

“Түрмөнүн эки чоң кызматкерине түрмөнүн “общагы” дароо эки иномарка белекке берип, тигилер айткан убадаларын аткарбагандан кийин, кайра алып койгон”,

Мына ушул фактылар Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы жаза өтөө боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагасы Шейшенбек Байзаковдун гезит үчүн гана айтып бергендеринин аз гана бөлүгү” деп кабарлаган “Дело №...” гезити жаңы санын окурмандарга тартуулады.

Кыргыз демократиясынын атасы аталган Топчубек Тургуналиевдин “Оптимист бойдон кала берем. Кыргызстандын гүлдөшүнө ишенем” деген маеги басылды.

Анча-мынча адаша калганы болбосо 20 жылдан бери жалаң оппозицияда жүргөн Тургуналиев өмүрүнүн 1312 күнүн түрмөнүн абагында өткөргөн. Анын эркин Акаевдин да, Бакиевдин да мамлекеттик машинасы майтарылган эмес.

Өмүрдүн өткөн кезин барактап чыккан Топчуке бүгүн Кыргызстанда эки кубаттуу күч барын, биринчиси, эми эч качан адилетсиздикке, карөзгөйлүккө, алдамчылык менен өзүм билемдикке жол бербей турган баатыр эл барын, азыркы “араб жазы” деген ат дүйнөгө кыргыз револциясынан кийин тараганын, Акаевдин бийлигин 14 жылда кан буугандай бууган эл, Бакиевдин ырайымсыз бийлигин 5 жылдан кийин бууган эл, эгер бул жолку башкаруучулар дагы качкын президенттердин жолун кайталай турган болсо жарым жылга жеткирбей айдап чыгаарын эскертти.

Топчубек мырза экинчи күч катары Кыргызстандын жаратылыш байлыгын эсептөө менен, Кыргызстанда Менделеевдин таблицасындагы элементтердин дээрлик баары бар экендигин, азыркы мамлекеттик система демократиялык өсүп-өнүгүүгө кенен жол ачса, Кыргызстанды баягыдай алдым-жуттумдукка жутунгандар эмес, пейили таза, ниети таза адамдар башкарууга өтсө эле гүлдөп кетерине бекем ишенерин билдирди.

Гезит ошондой эле Кадыржан Батыровдун Швециядан баш калканч тапканына арнаган макаласында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы саясий баш калканч бергендигин ырасмий аныктап берүү боюнча Тышкы иштер министрлиги аркылуу Швецияга кат жөнөткөнүн, мындай кат Батыров ага дейре Украинада жашап жүрүптүр деген сөз чыкканда Украинага да жөнөтүлгөнүн, бирок Украинанын Башкы прокуратурасы Кадыржан Батыровдун бул өлкөдө жашаары такталган жок деген жооп жибергенин мисалга тартып, Кыргызстанга дагы кимдерди бербей жаткандыгы тууралуу маалыматты таратты.

Мурдагы президенттердин бири Курманбек Бакиев Беларустун мамлекеттин кайтарыгындагы мамлекеттик резиденцияда кабагым-кашым дебей жашап турат. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы качкын экс-президентти өз өлкөсүнө кайтарып берүү жөнүндө Минскиге эки жолу кат жөнөткөн, бирок экөөндө тең “саясый куугунга алынгандыгы үчүн К. Бакиевди бере албайбыз” деген жооп алган.

Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин жакында парламентте айтканы боюнча агасы жашаган Беларустагы мамлекеттик резиденцияда жашайт жана кез-кезде Тажикстанга барып-келип турат. Беларус тарап Жаныш Бакиевди да кыргыз бийлиги тарабынан саясый куугунга кабылган адам катары эсептейт. Медет Садыркуловду мыкаачылык менен өлтүрткөн кишини саясый куугунга кабылган киши катары эсептеген беларус бийлигинин “психологиялык” мандеми айтпаса да түшүнүктүү чыгаар.

Максим Бакиев Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсү боюнча Британиядан качкын статусун алуу мөөнөтүн күтүп жаткандагы кези. Ал баш калкалаган өлкө дагы Максимди кайтарып берүү боюнча ишарат жасай элек. Башкы прокурор Аида Салянованын сөзүнө ишенсек Максимди кайтарып берүү жагын Британиянын Тышкы иштер министрлиги карап жатат. Эгер авторитардык Беларустун Бакиевди кайтарып бергиси келбегендиги “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей түшүнүктүү болсо, башка элдерге демократиянын сабактары менен адам укугун тынбай үйрөткөн Батыш өлкөсүнүн иш жүзүндөгү жүзү ушундай болууда.

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жардамчысы Марат Бакиев кыргыз чекистеринин маалыматы боюнча бирде Алматыда, бирде атасы жашаган Беларуста конокто. Марат Бакиевди кайтарып берүү боюнча кат Орусияга, Казакстанга, Беларуска жөнөтүлгөн. Аида Салянованын билдиргени боюнча Орусия менен Казакстан Марат Бакиевдин бул өлкөлөрдө жашагандыгы аныкталган жок деп жооп беришсе, Беларус баягы эле “өз өлкөсүндө саясый куугунга алынган адамды бере албайбыз” деген жообун берген.

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталинов менен мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов кадимкидей эле Казакстанда жашап, бизнесин жүргүзүп жүрөт деген маалымат бар. Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтуусуна караганда, Казакстандан деле жыргаткан жооп келген жок, баягы эле “жашаган жери аныкталган жок” деген дүжүр жооп келген. 2010-жылдын 7-апрелине байланыштуу соттон качып кеткен Оксана Малеваная тууралуу деле ушуларды айтса болот.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын мурдагы имараты 2010-жылдын 7-апрелинде өрттөлүп кеткендиги жалпыга белгилүү. Өлкөнүн башкы күч түзүмүнүн бири ошондон ушул күнгө дейре имараты жок, көрүнгөндүн колунда жашап жүргөнүн кабарлаган “Дело № ...” гезити Башкы прокурордун “көк беттиги” менен прокуратура акыры имараттуу болгонун, Аида Салянова парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин ой-боюна койбой жатып, биринчи президент Аскар Акаевдин конок тосуу үчүн курдурган үйүн бөлдүрүп чыкканын, Акаевдин убагында курулуп бүтпөй калган бул имарат эми капиталдык ремонттон өткөрүлөрүн, ага 60 млн. сом кетерин маалымдады.

Ал эми Башкы прокуратуранын борбордук аянттын жанындагы күйүп кеткен эски имараты эмне болот? Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы Мелис Кадырмамбетов бул имарат муниципалдык менчикке берилерин, эскиси бузулуп, ордуна административдик жаңы имарат салына турган болгонун маалымдады.
XS
SM
MD
LG