Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Басма сөз: Кыргызстан кимди тандайт?


Баяндамабыз “Дело №...” гезити жазган макалалар боюнча болмокчу.

Бүгүн жарыкка чыккан “Дело №...” гезити Алмазбек Атамбаевдин ушул жылдын 17-ноябрында Орусиянын “Известия” гезитине берген маеги менен кыргызстандык окурмандарды тааныштырды.

Алмазбек Атамбаев шайлоонун кандай өткөндүгүнө токтолуу менен биринчи жолу бийликти бир колдон экинчи колго, тынчтык жолу менен өткөрүп берүү үчүн президент Роза Отунбаева тарабынан чоң кадам жасалганын, үй-бүлөлүк башкаруу жолою ушуну менен кайрылгыс болуп жок болгонун эске салып, Орусия менен Кыргызстандын мындан аркы мамилеси жакшырарын, анткени эки эл тең Советтер союзунун шинелинен чыккан эл экендигин, жашоо-турмушу, менталитети окшоштугун, мындан ары Кыргызстандын келечеги Евразия шериктештигинде жаткандыгын кеп кылды.

- Американын "Ганси" авиабазасынын тагдыры кандай болот? Жабылабы?-деген суроого Алмазбек Атамбаев:

-2014-жылы анын арендада турган мөөнөтү аяктайт, биз АКШ менен андан аркы жаңы келишимге кол койбойбуз. Тагыраак айтканда, биз базаны аскердик эмес, жарандык жүк тартчу борборго айлантууну сунуштайбыз. Анын үстүнө эл аралык жарандык аэропорттун аймагында аскер базасынын жайгашуусу нормалдуу көрүнүшкө жатпайт,-деп жооп берди.

Атамбаев андан ары Бакиевдин убагында жоюлуп кеткен баңгизаттарына каршы күрөшүү түзүмү кайрадан иштей баштаганын, Бажы шериктештигине киргенден кийин тышкы чек аралар автоматтык түрдө Орусиянын чек арасына айланарын, ошол эле учурда Кыргызстандын бардык чек аралары Орусия менен бирдикте кайтарууга алынып, Ооган тараптан ташылып келүүчү баңгизаттарынын жолун бууй турган чаралар көрүлөрүн айтты.

“Дело №...” гезити андан кийин Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү жана колонияларындагы эң эле жаап-жашырылып жасалып келген иштердин бетин ачууну бул санында да улантты жана ушуга байланыштуу журналист Вадим Ночевкиндин макаласын жарыялады.

“Система чириди. Аны аябай тазалап чыгуу керек” деген ат менен гезиттин өткөн санына Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын төрагасы, генерал-майор Шейшенбек Байзаков маек куруп, биринчи жолу өз мекемесиндеги былык-чылыктарды коркпостон ачыкка чыгарганын, ачыкка чыгары менен колониялардын бир канча жетекчилери генерал Байзаковго баш ийбей тургандыктарын жар салганын маалымдап, окуянын андан аркы жүрүшүн талдоого алды.

Колония башчылары кайрылуусун жаңы шайланган президент жана азыркы өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевге жолдоп, Байзаковду кызматынан алууну талап кылышып, эгер бул талап аткарылбаса бүтүндөй жеке курамы менен генералдын буйругуна баш ийбей тургандыктарын билдиришкен.

Генерал Байзаков арыз жазган 10 офицер менен жолугуп, “кимиңерге кандай буйрук бердим эле? Түрмөнүн оокаттарын талап-тоногула, бирөөлөрдү өлтүргүлө же жардыргыла? дедим беле" деп сураганын, эч кимиси буга жөндүү жооп айталбаганын, булардын аракеттери аскер уставына карама-каршы келер-келбестигин текшерип чыгуу үчүн ал атайын прокурорго кайрылганын, аны кызматтан кетирүү үчүн болгон аракетин жумшап жаткан парламенттеги бир депутаттын күйөө баласы чуу салып чыккан офицерлердин бири болорун, ал эми депутаттын атын азырынча атабай койо турууну туура тапканын айтты.

- Кол алдыңыздагы офицерлер сизге эмне себептен нааразы болуп жатышат?-деген кабарчынын суроосуна генерал Байзаков төмөнкүдөй жооп кайтарды:

Кайрылууга кол койгон офицерлердин баарынын кызматтан кете тургандыгы мурдатан эле чечилип калганын, алтургай андан да жаманы 27-колонияны баңгизаттарды жайылтуу жана сойкулуктун аймагына айлантып жибергендиктери үчүн кылмышка катыштыгы бардыгын тергөө иштери жүргүзүп жаткандыгын, бүгүнкү күндө мечиттердин нике кагазы менен кирип-чыгып турган 55 аялдын аты-жөнү аныкталгандыгын, бул аялдардын көбү денесин сатып жүргөн сойкулар болуп чыккандыгын, колдорунда молдолордун “нике күбөлүгү” бар сойкуларды түрмөдөгү “жасалма күйөөлөрүнө” киргизүү үчүн уруксат кагазына кол койгондор дал ошол генералдын үстүнөн Атамбаевге арыз жазган офицерлер экендигин баяндап, кызматтык текшерүүнүн материалдарын, жакынкы эле убакта денесин саткан 22 сойкуну түрмөдө отурган 44 кылмышкерге киргизип берүүгө уруксат колдорун коюшкан кагаздар барын фактылар менен мисалга тартты, ар бир сойкуну түрмөгө киргизип бергендиги үчүн колониянын кызматкерлери түрмөдө отургандардан 300 доллардан алып келгенин кошумчалады.

Генерал Байзаков андан ары анын айланасында ызы-чуу салып, былгытып келаткандардын эң активдүүлөрүнүн саны 20га жетерин, маселен полковник Эрнст Исаев, ГСИНдин мурдагы начальниги, Карагандыдагы милиция мектебин Жаныш Бакиев менен бирге окугандардын бири болорун, өткөн жылдан баштап ал укук коргоочуга айланганын, мындан тышкары 2008-жылы 16-колониянын эки кызматкери өлтүрүлгөндүгү үчүн кызматынан алынган, Ново-Покровкадагы күчөтүлгөн режимдеги колониянын кызматтык бөлмөсүн жакын тууганына меничктештирип алган 3-колониянын мурдагы начальниги полковник Иманкул Телтаев барын, булардын жана булар кызматка алган жакын туугандарынын кылган кылыктарын факты жүзүндө баяндаганын басып чыкты.

"Дело №..." гезитинин редакциясы макаласынын аягында генерал-майор Байзаковдун ишмердүүлүгүн азырынча Кыргызстандагы тамырын кенен жайып алган коррупция менен ачык күрөшүүнүн алгачкы үлгүсү катары бааларын, ошондуктан бул темага кенен кайрылып жазып жаткандыгын, Байзаковдун коррупциялык иштерге каршы жасап жаткан реформасы эмне менен бүтөрүнө бул күндөрү башка системадагылар менен ведомстволор да кызыгуу менен байкоо салып тургандыгын, эгер Байзаковдун бул оңбогондой күрөшү кыргыз өкмөтү тарабынан чындап колдоо тапса, анда анын мисалын башкалар да жасоого чечкиндүү түрдө барарын жазып чыкты жана Байзаков баштаган иш кандай болуп жатканын мындан кийин да чагылдыра берерин билдирди.

Ушул эле гезит “Тумар” радиосунун үн режиссеру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө байланыштуу митингге чыккандар аны сабаган Максат Эралиевди таап жазага тартууну талап кылып жатышканын, Максат Эралиевдин башка дагы паспорту барын, Эралиев бир жыл мурда кетирген кемчиликтерине байланыштуу Түркиядан чыгарылып салынганын, Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Азиз Алиевдин айтымында Эралиев-Аскарбековго атайылап адам өлтүргөндүгү үчүн деген күнөө коюлганын, бул боюнча үй-мүлкү конфискациялануу менен 12ден 20 жылга чейин же өмүр бою түрмөгө кесилерин, эгер Кыргызстандан сыртка чыгып кетпесе, кылмышкер сөзсүз кармаларын билдиргенин маалымдады.

Ошол эле убакта “Тумар” радиосунун деректири Алексей Сидоровдун айтуусу боюнча маркум Жаныбек Айдаралиевдин жакындары менен достору кылмышкер колго түшмөйүн жума сайын митингге чыга берерин билдиргенин да кошумчалады.

“Дело №...” гезитинин бүгүнкү санында Борбор Азиядагы эң чоң базарлардын бири болгон “Дордой” базарынын 20 жылдыгына карата Лейла Саралаеванын “Дордой бул - жашоо” деген көлөмдүү макаласына да орун берилди.
XS
SM
MD
LG