Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Бүгүнкү гезиттер өлкө турмушунун ар кыл жактарын чагылдырган макалаларга басым жасады.

“Де-факто” гезити 7-апрелден кийин кылмыш иши козголуп, эки жылдан бери дайынын таптырбай, эл аралык издөөдө жүрөт деген Мурат Суталинов кечээ “асмандан” түшүп келгендей пайда болгонун, анын чын эле “качып” же жөн эле Бишкекте жашыруун жүргөнүн күч органдарынын бири да билбегенин, анан Суталиновдун сотко келерин күн мурунтан билгенсип, судья Дамир Оңолбеков аны дароо үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алганын, албетте 7-апрелдеги кандуу курмандыкта ок атууга Улуттук Коопсуздук кызматынын ошол кездеги башчысы М. Суталиновдун түздөн-түз күнөөсү барын, бирок бул адамды жылуу-жумшак тосуп алып, үйүнө жылуу-жумшак узатып койгондон кийин эми актап ийсе деле таң калууга болбой калгандыгын, демек Суталиновдун ээн-эркин жүрүшүндө Акүйдүн кулагы чыгып турганын, Президент Атамбаев 7-апрелде каза болгондордун туугандарынын көксөөсүн сууткандын ордуна кыжырын келтире баштаганын жазып чыкты.

Ушул эле гезит “Абактагылар жапырт ачкачылык баштады. Келдибековду зектер жана криминалдар колдойбу?” деген суроону Өкмөттүн алдындагы жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаковго бергенде ал, №3 Колониядагылар кайрадан сойкуларды киргизип туруу талабын коюп чыкканын, бул талап аткарылбастыгын, түрмөлөргө ачкачылык жарыялоо буйругун кримавторитет Камчы Көлбаев берди деген маалымат барын, бирок абал туруктуу экенин, ызы-чуу, мыйзамга каршы аркеттер жоктугун айтса, Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун түрмөдө ага маалымат берип турган балдардын айтымында, Камчы Көлбаевдин буйругу менен ачкачылык болуп аткандыгын, бирок жазасын өтөп жаткандардын негизги талабы Ахматбек Келдибековдун спикерликтен кетүүсүнө жана сойкуларды абактарга киргизбей койгонго байланыштуу талаптар экенин, эгер бул айткандарга Келдибеков макул болбосо сотко берсе да ага жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

“Айат” гезити “Үй-бүлөлүк башкаруу же Келдибековдун отставкасы” деген жалпы теманын алдында журналист Балбак Түлөбаевдин “Акмат мырза, Акүй алдында төгүлгөн канды унуттуңуз!” деген макаласын жарыялады. Автор макаласында: “Урматтуу Акматбек мырза, баары боло берет, мурдатан эле эл бийлеп келгенбиз” деп кол шилтеп, жаңы доорго, жаңы талапка көнө албай койгон өзүңүзгө таарыныңыз! Ушундай байбачалык кулк-мүнөздөн арылуу, диктатура, өзүмбилемдикти кулатуу үчүн Акүй алдында шыркырап төгүлгөн 90 адамдын канын унуткан өзүңүздү жемелеңиз. Жалпы элдин эмес, досторунун жеке өтүнүчтөрүн, айланасындагы топтун жеке кызыкчылыгын аткарган атакминерлерди мындан ары Жогорку Кеңештин төрагасынын иштен кеткендеги кейпи күтүп турат” деп билдирди.

“Учур” гезити белгилүү журналист, көп жылдар бою Би-Би-Си радиосунда иштеген Арслан Капай уулу Койчиевдин “Кыргыз журналистикасы түркөй ушакка айланды” деген маегине орун берди. Ал өз маегинде кыргыз гезиттери коомдогу негизги окуяларды, окуялардын негизги багытын алдын ала аныктап туя албастан жалаң ушактын тегерегинде ой жүгүрткөн деңгээлге түшүп калганын, журналисттер “Коом кайда барат, мамлекеттин эртеңки келечеги эмне болот, улуттук кызыкчылыктар каякта жатат?” деген суроолорго баштарын оорутпастан “Атамбаев минтти”, “Бабанов тигинтти” деген арзыбаган нерселерге басым жасамайды адатка айландырганын, кыргызды бүгүн арак менен ушакка негизделген журналистика бузуп бүткөнүн, Кыргызстандын шартында бардык нерселерди сатып алуу оңой болуп калганын, мунун ичинде журналисттер да сатылып жатканын, Кыргыз журналисттери дүйнөгө үлгү болуп, “Жок, биз журналисттер, эч качан сатылбайбыз! Арам акчанын кулу болбойбуз!” деген күчкө айлана албай жаткандыгын кеп кылды.

“Преес.kg” гезити бул санын “Аты тааныш аткаминерлер же премьерлик тымызын ат салыш...” деп аталган журналист Жумаш Назаровдун макаласы менен ачты. Макаласында Өмүрбек Бабанов, Марат Султанов, Равшан Жээнбеков, Жусупжан Жээнбеков, Нариман Түлеевдин айланасында сөз кылуу менен алардын ар бирине өз мүнөздөмөсүн бере кетти.

Гезиттин бул санына депутат Равшан Жээнбековдун “Жүз күн деген коомчулукту алдоо эмес” деген аталыштагы маегине да орун берилди.

Равшан мырза өзү түзгөн “Жүз күн” программасын 5-6 адам, анын ичинен Мирсулжан Намазалиев, Азиз Иса, Искендер Шаршеев жана эки жардамчысы менен беш ай иштегендигин белгилөө менен анын маани-маңызын түшүндүрдү.

“Коррупция менен кандай күрөшсө болот?” - деген суроого жооп берген Равшан Жээнбеков, эң негизгиси адамга саясый эрк, күчтүү президент, күчтүү парламент, күчтүү сот жана күчтүү укук коргоо системалары керектигин, мамлекет башына келген кишилерди кудай тутуунун пайдасы жоктугун, жеке адамга эмес, демократиялык институттарга басым жасоону үйрөнүү зарылдыгын, дагы бир маанилүү нерсе - Европа адам укугун коргоо сотуна Кыргызстан мүчө болушу керектигин, эгер буга кирип калсак, соттор Европа сотторунан коркконунан туура чечим чыгарууга аргасыз болорун, сотко нааразы болгон жарандар европалык сотко чейин арызданганга мүмкүндүк аларын айтты.

“Айгай пресс” гезити Келдибековдун кызматтан кетишинин мыйзамдык жактарын талдоого алган Токо Мамбетов аттуу автордун макаласын, “Келдибеков Ош шаарына барып, эл менен жолугушуу учурунда Бакиевдин сөзүн кайталадыбы?” деген маалыматты басты.

Журналист Жолдошбек Токоев макаласын “Ордо оюну, анын эрежелери жөнүндө” деп атап, парламентте жаңыдан түзүлө турган коалиция маселесин, андагы талаш-тартыштарды кыргыздын илгертен келаткан ордо оюну менен салыштырды. Автор ордо оюнунда “жыдыкей” деген эреже барын, азыркы парламенттеги партиялар ушул “жыдыкей” эрежесинде турганын, калк арасында парламенттин аброю күн сайын эмес, саат сайын түшүп баратканын, эми өткөн шайлоодо мандат албай калган “Замандаш”, “Акыйкат”, “Ак шумкар”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” өңдүү саясый партиялар мүмкүн күздөгү парламенттик шайлоого эмитеден кам көрө берсе болорун эстерине салды.

Жолдошбек Токоев ошондой эле окурмандарды ордо оюнундагы эрежелерге буруп, кокус абалак кармап туруп, жерге түкүрүп койгон адам бир саамга ордо атуудан ажырарын, себеби ал адам оюнда өзүнүн адепсиздигин, ордону сыйлабагандыгын көрсөттү дегендикке жатарын, ал эми буга салыштарганда азыркы бийликтегилер жерге эле эмес, элдин бетине түкүрүп баса берген абийрсиздик иштерди жасаса да жоопко тартылбай жаткандыгын, байыркы кыргыздардын хан ордосунда жүрүп туура эмес иш кылгандар ордодон чыгарылган боюнча кайра ордого киргизилбегендигин баяндоо менен парламенттик шайлоо болуп калса кыргыздын кылымга сиңген дал ушул эрежелерин киргизүү сунушун айтты.

“Асман преss” гезити бүгүнкү санына “Кыргыз жигиттери кайда?” деген баштеманын алдында чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандары тууралуу маалыматтарды тартуу кылды.

Маселен Нурсултан Намазалиев өзү Ысык-Көлдөн болорун, Азыр Санкт-Петербург шаарында бир компанияда иштеп жатканын, жетекчилеринин баары бишкектик экенин, документи барлардын иши да, жашоосу да жаман эместигин, дискотекага барганда Ош, Жалал-Абад болуп урушкандар барын, кыргыздын ар бир экинчи кызынын колунан пиво же тамеки түшпөсүн, алтургай кыздар жигит талашып мушташарын, ушул чет жерде жүрүп да кыргыздар кыргыздарды сатып, алдап кеткен окуялар болорун айтып берген.
XS
SM
MD
LG