Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Гезиттер: Митинг да эскирди


Бүгүн жарык көргөн гезиттер көңүлдү өлкө ичиндеги саясий-социалдык, экономикалык маселелердин тегерегине бурду.

“Алиби” гезити Улуттук онкология борборунун деректири Накен Касиевдин саламаттык сактоо тармагындагы дары-дармектердин жана онкологиялык оорулардын маселелери тууралуу маегин басты.

Ушул эле санда “Путин Атамбаев менен эки жарым саат эмнени сүйлөшкөн?” деген маалымат бар.

“Оппозициянын артында Курманбек Салиевич турабы?” деген макалада Бакиев өзүнүн интернет сайтындагы баракчасы аркылуу “Кыргызстандын эли Камчыбек Ташиевдин 93-жылдагы Баш мыйзамга кайтып баруу демилгесин колдош керек” деп айтканын дагы бир ирет элдин эсине салды.

“Алибинин” дагы бир кабары “Мырзакматов Ак үйгө оодубу?” деген ат менен жарыяланды. Ал кабарда: “Мырзакматов 14-мартта Бишкекте болуп, көшөгө артында бир катар жолугушууларды өткөргөнү тууралуу маалымат бизге жетти. Жолугушууда ал радикал оппозиционер болбостугун, бийлик менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирген имиш” деп жазып чыкты.

Депутат Өмүрбек Абдрахмановдун маеги “Текебаев “Ата Мекенди” жеке менчик партиям деп эсептейт” деп аталып, өзү мүчө болуп келген партиянын ички турмушун, андагы Текебаевдин ролун сынга алды.

Кабарчынын:- Эми мындан аркы кадамыңар кандай болот?-деген суроосуна,

Абдырахманов: -Биз буга чейин деле Текебаеви жок деле саясатка аралашып келген адамдарбыз. Бизди Текебаев эмес, эл шайлаган. Эми эркин депутат болуп жүрө беребиз. Калганын турмуш көрсөтөт,-деп жооп берди.

Бул маектин жанына Нуржигит Бейшебаевдин “Ата Мекен” коркунучта” деген ат менен “Ата Мекен” саясий партиясы тууралуу макаласы тартууланды.

“Ата Мекен” саясий партиясына арналган беттин темасын “Де-факто” гезити “Ата Мекенче” ажырашуу” деп атоо менен, депутат Равшан Жээнбековдун “Текебаевди эки жолу сындагам. Ошону көтөрө албай жатат” деген жана депутат Райкан Төлөгөновдун “Кой терисин жамынган карышкырга” окшоп арабызга кирип, буржуазиялык көз карашты таңуулашат” деген маектерин басты.

Ушул эле “Де-факто” гезити жарыялаган “Оппозиция терисин жамынгандар” деген баш теманын алдындагы ой-пикирлердин топтомуна кайрыла кетели.

Саясий серепчи Марс Сариев:- Оппозиция лидерлери саясатта өздөрүнүн салмагын жоготуп атканынан улам көчө митинг өткөрүү жолун тандап алды. Бул аракеттеринен пайда чыкпайт. Булар “Орусия менен Атамбаевдин мамилеси бузулуп калды, ушундан пайдаланабыз” деп жаңылыштык кетирип жатышат. Митинг дегендин заманы өткөн. Азыр маселе дегенди митинг менен эмес саясий топтор диалог, сүйлөшүү жолу менен чечкенге өтүшкөн. Митинг эскирип бүткөн ыкма,-деп айтса,

Айтылуу журналист Жаныбек Жанызак:- Мен ушул митинг-пикет дегенден жүдөп кеттим. Улам эле 20 миң киши чогултабыз, 100 миң киши чогултабыз деп элди коркутуп атышат. “Тилегиңерди таш капсын!” дейт элем. Элди тынч коюшпайбы. Мен мисал үчүн китеп чыгарам, окурмандарымдын 50 пайызы түштүктө жашайт. Азыр элге эң башкысы тынчтык керек,-деп айтты.

“Де-факто” муну менен бирге эле Акматбек Келдибеков Орусия бийлигинен колдоо издеп Москвага барып, шаабайы сууп кайтканы тууралуу маалымат келгенин да кабарлады.

“Де-фактонун” бул санында “УКМКнын абагында каза тапкан Айбек Эшбаевдин жакындары Аида Саляновага кайрылды” деген макала, Данияр Султаналиевдин “Президентке чындык жетпей жатат” аттуу маеги, Аксы окуясына арналган атайын беттеги сүрөттүү баян да бар.

“Фабула” гезити “Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева менен баш прокурор Аида Салянованын анчалык эл күткөндөй апакай эместиги айтыла баштады. Акмат Бакиевдин качып кетишине ушул эки айым менен Жаза аткаруу кызматынын башчысы Байзаковдун тиешеси бар экендигин депутат чекист Токон Мамытов ЖК сессиясында айтып чыккан. Жакын арада бул үчөөнүн кызматтан айдалары Ак үй жактан угала баштады” деп кабар таратты.

Баратбай Аракеев кезектеги “Тоо томкорсоң да топук кыл” деген ат менен жарык көргөн макаласында бийлик менен элдин ортосундагы мамиле кандай болушу керектигин кепке алды.

Бишкектеги 1-СИЗОнун начальниги Марс Жусупбековдун баяндамасы “1-СИЗОнун сүрү өзгөрдү. “Общактын” ооматы кетти” деп аталып, мурунку жетекчиликтин убагында 1-СИЗОнун экинчи кабатындагы эки камера, үчүнчү кабатындагы үч камера дайыма ачык турганын, андагы камалгандар ээн-эркин кирип-чыгып өз билгенин кылып жүрүшкөнүн, ошол убакта “общактын” кысымына кабылгандар үчүн алар кире албаган өзүнчө “закрывашка” деп аталган камера болгонун, ага кириш үчүн абактагылар түрмө кызматкерлерине акча берип турушканын, азыр ал “закрывашка” түп орду менен жок болгонун, бардык камералар жабылганын айтты.

“Жал-Артистеги “афера” же Адыл Бакиев менен Конгантиев “крыша” болушкан” деген журналист Айбек Шамшыкеев бакиевдик үй-бүлөнүн көшөгө артындагы көмүскө сырлары али дагы толугу менен ачыла электигин, алардын ошондой жашыруун афераларынын бири ушул “Жал-Артистеги” турак жай үйлөрүнүн курулушу болгонун ушул макаласында иликтөөгө алды.

Алгачкы келишимде квартиранын баасы 30 миң доллардан 40 миң доллар деп көрсөтүлсө, кийин бул баа эки эсеге өскөнүн, Акмат Бакиев бул коррупциялык долбоордун башында турганын, анын жакын санаалаштарынын бири, ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев аталган кореялык фирманын жетекчисин өзүнө кеңешчи кылып алып, машинесине ИИМдин 15- сериясындагы номур берип койгонун жана башка фактыларды шардана кылды.

Баяндамачы Үсөн Касыбековдун макаласы “Экономикалык туруктуулук – эң башкы маселе” деген аталыш менен жарык көрдү. Анда экономиканы алга жылдыруу үчүн өлкөдө стабилдүүлүк абадай зарылдыгын, өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылып жаткандар эң оболу элди ойлошу керектиги баяндалды.

Соцфонддун төргасы Мухаметкалый Абулгазиевдин “2012-жылга пенсияларды эки этап менен жогорулатуу каралууда” деген маегин ушул андан окуй аласыздар.
XS
SM
MD
LG