Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Ынтымаксыз элге ыр да жакпайт


Бүгүн жарык көргөн гезиттер президент Атамбаевдин Москвага сапарынан маалымат берип, өлкөнүн ички турмушундагы ар түрдүү көз караштагы макала, маектерди тартуулады.

“Де-факто” гезити “Евразиялык шериктештик: оңго барсаң өгүз өлөт, солго барсаң арабаң сынат” деген ат менен Айгүл Бакееванын президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага иш сапарын баяндоо менен бүгүнкү санынын саясый барагын ачты.

Кыргыз президенти казак президенти Н. Назарбаев менен жолугушкандан кийин аны Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путин Ново-Огареводо кабыл алганын, эми Евразиялык экономикалык шериктештик Евробиримдиктин модели боюнча иштеп кетеби, бул уюм кайра кандай болуп түзүлөт, эгер түзүлсө Кыргызстан анда кандай абалды ээлейт, булардын баары азырынча жоопсуз экендигин, жообу эки айдан кийин белгилүү болорун баяндады.

“Намысыңар бар болсо, асынып өлгүлө!” деген ат менен “Адилет” укук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын маеги жаряланды.

“Элдин үмүтүн азыркы бийлик актабай жатат, эл системалуу өзгөрүүлөрдү күткөн. Азыркы мыйзам эмнеге иштебей жатат? Анткени сот системасы иштебей жатат. Соттор азыр чечим чыгаргандан коркушат. Бир жагынан Ак үй, бир жагынан Көк үй, дагы бир жагынан парламент кысым көрсөтөт. Анан дагы ким болсо дагы 500 кишини көчөгө алып чыга калып, сотко басым жасай алат. Азыр соттор мурункудан он эсе көп пара алышат. Себеби сотторго азыр баары бир, анткени биз сотторду “эртең эле менин ордума башка бирөөнү алып келип коюшу мүмкүн, анын ордуна жеп калайын” деген деңгээлге алып келип койдук” деп айтты.

Жакупова Ош, апрель окуяларына токтолду.

“Айат” гезити айрым саясый серепчилердин “Манас” аба майданындагы АКШнын авибазасынын мындан аркы тагдыры тууралуу ой-пикирлерин басты.

“Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун башкы деректири Тургунбек Кулмурзаевдин “Апаз Жумагулович баш болуп тай жеген 22 киши Бакиевди сүрөп, мактап чыгышты” деген ат менен маек куруп, “убагында сиз деле Бакиев менен жакшы эмес белеңиз” деген суроого, убагында Бакиев менен Атамбаев дагы жакшы болгонун, себеби Акаевди кетирип, Бакиевди президент кылган түндүктүн балдары болгонун, анын башында Атамбаев турганын, башында Бакиевдин айланасында 8-9 саясатчы жүргөнүн, анан бир жарым жылдан кийин эле Бакиевди бузушканын, ишине түз эле уулдары, Жанышы менен Акматы киришип, Бакиев түндүктүк балдардан четтей баштаганын, анан саясатчылар да андан четтеп, эл тарапка оогонун кеп кылды.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Айаттагы” маегинде оппозиция туурасында оюн айтып, азыр күчтүү оппозиция жоктугун, элге эч кандай кызыкчылыгы жок бири-биринин саясый айыбын чукууну оппозициялык иш-аракет деп атоого болбостугун, кеп Баш мыйзамда да, башкасында эместигин, биримдиги, ынтымагы жок элге эч нерсе, желеги да, гимни да, герби да жакпай тургандыгын, оппозициянын азыркы бийлик мурунку бийликтин катасын кайталап жатат дегенге кошулбастыгын, албетте кемчиликтер жок эместигин белгилеп: “мурун качан оппозиция гезит, теле аркылуу ачык чыгып оюн билдирчү эле? Оппозиция качан парламентте маанилүү комитеттерди башкарып турчу эле?” деген суроолорду койду.

Ушул эле санга “Уран калдыктарына көмүлүп, өкмөттүн жардамына муктаж болгон Миң-Куш” деген ат менен Мирбек Асаналиев аттуу автордун сүрөттөр менен коштолгон Миң-Куш шаарчасынын азыркы тагдырын баяндаган макала жарык көрдү.

“Учур” гезити “Парламент Шадиевди колдогондо” деген тема алдында колдогон депутаттардын ойлоруна орун берди.

Жакында эле дүйнө салган белгилүү саясат иликтөөчү, маркум Нур Омаровдун “Башкаруучу элита алмашмайынча өлкөдө эч кандай жакшылыктар болбойт” деген ат менен мындан 6 жыл мурдагы маегин жарыялады.

Ушул эле “Учур” гезитине Кыргызстандын жаштарынын кайрылуусу чыкты.

“Эки-экиден тебишкен, чачташкан депутатты ким ийге келтирет, ыя?” деген аталыштагы макалада айрым депутаттардын, журналисттердин суроо жообу басылды.

Ушунун бирине токтоло кетели.

Депутат Өмүрбек Абдрахмановго кабарчы:-Сизди чыр депутат деп айтышат?-деп суроо берди эле, "ооба, мен чыр депутатмын. Менин чыр экеним 1-курста эле башталган. Университетте окуп жүргөндө мугалимдердин коррупциялык иштерин биринчилерден болуп мен алып чыккам,-деп жооп берди.

“Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы Аида Касымалиева оюн мындайча билдирип:- Мен Москвада бир жылдан бери иштеп атып, Мамдумага да барып жүрөм. Ал жерде Жириновский деген персонаж бар. Бирок ал чыгарда даярданып алып чыгат экен. Демек чыр кылса да конкреттүү далилдер менен чыгат. Ал эми бизде бул жагы эске алынбайт. Бирок биздин парламентти жакшы көрөм. Өздөрүнүн каалаганын ачык айта алышат. Ал эми Орусияда болсо депутаттарды партия башкарат. Ачык айткандан коркуп турушат,-деп айтты.
XS
SM
MD
LG