Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Криминал жеңдиби?


Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, генерал Шейшенбек Байзаков
Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, генерал Шейшенбек Байзаков

“Дело №....” гезити генерал Шейшенбек Байзаковдун кызматтан алынышы тууралуу жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №....” гезити “Позор!” деген рубриканын алдында азырынча уятын, абийири менен ар намысын жана адамгерчилигн жогото элек кыргызстандыктар үчүн дайыма алардын кубаттоосуна ээ болуп келген, өлкөнүн түрмөлөрүндөгү кутуруп кеткен кылмышкерлерди кынына киргизүүдө болуп көрбөгөндөй иштерди жасап келаткан генерал Байзаковду өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун кызматтан күтүүсүз алып салгандыгын сынга алган макала менен жаңы санын ачты.

Аталган гезит Байзаков түрмөнү тартипке сала баштаган алгачкы күндөн тартып эле ага биринчилерден болуп айрым криминалдык элементтер, айрым депутаттар жана Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын мурдагы кызматкерлери каршылык кылып келгенин эске салды.

Генерал Байзаков өзүнө караштуу мекемедеги коррупциялык системага каршы реалдуу күрөшкөн биринчи жана жападан жалгыз жетекчи болду. Туура аны алгач премьер-министр Өмүрбек Бабанов колдоп да келди. Бирок өкмөт башчысына генерал Байзаковдун ирип-чириген системанын тамырын кыркып киргени, криминал менен бийликтин коюн-колтук алышып, чырмалышып кеткен жерин каза баштаганы жакпай калды окшойт.

Айрыкча Бабановдун Байзаковду кызматтан алып жатып: “Акмат Бакиев качып кеткенден кийин мындан ары өз кызмат ордунда иштей берүү профессионал адамга өтө деле комфорт алып келбесе керек” деп айтканы уккан адамды таң калтырды. Каяктагы комфорт жөнүндө сөз болуп жатат?

Комфорт деген түрмөдөгү кызматта эмес, эс алган жерде болот. Кылмыш дүйнөсүнүн бүтүндөй ириңин тазалап жаткан жерде кайдагы комфорт? Же Акмат Бакиевдин качып кетишине Байзаков күнөөлүү бекен? Акмат Бакиевге качып кеткенге чейинки кылмыштарынын баарын отоп-бутап, качышына максималдуу комфорт түзүп келген сот-мот дегендерди да Байзаков жасады беле?

Бул сыяктуу “күнөөнү” генералга эмес Бабановдун өзүнө койсо болот, так ушул Бабановдун учурунда мурдагы өкмөт башчысы Чудиновдун кылмыштуу иштеринин баары толугу менен сүттөн аппак болуп чыкты, дагы бир мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун революциядан кийин токтотулган объектилери азыр кайрадан дүркүрөп курула баштады.

Булар эле эмес, премьер-министр Бабанов тарабынан өлкөдөгү дагы башка бир далай белгилүү категориядагы кишилерге комфорт түзүлдү.

Генерал Байзаковдун кызматтан алынышы - өлкөдөгү кылмыш дүйнөсүнүн мындан ары ишке ашкыс болду деген кыялынын кайрадан ишке ашышы болду. Бүгүн Кыргызстандын кылмыш дүйнөсү өздөрүнүн жеңишин майрамдоо менен премьер-министрдин ден соолугу бекем болуш үчүн тост көтөрүп жатышат деп жазды.

"Байзаковдун кызматтан кетиши кылмыш дүйнөсү менен күрөшкө кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?" - деген суроо менен “Дело №....” ушул эле санында ички иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаевге суроо салды.

- Убакыт көрсөтөт. Жаза өтөө кызматынын жаңы жетекчиси менен биргелешип иштөөгө аракет кылабыз. Менин жеке оюмда, генерал Байзаковду азыр кызматынан албаш керек болучу. Ал баштаган ишин аягына чейин чыгарышы керек эле. Анын кызматтан алынышын Акмат Бакиевдин качып кетишине байланыштыруу да ишеним жарата албайт, анткени Бакиевдин качып кетишине шарт түзүү ал колго түшүрүлгөн алгачкы күндөн тартып башталган. Менин жеке оюм боюнча, Байзаковду кызматтан алуу чечимине криминалитет таасир тийгизди деп ойлойм. Анализ көрсөткөндөй мындай чечим чыгаруу кызыкчылыгы буга дейре Байзаковду кетирүү сунушу менен өкмөткө кайрылып келген парламентте олтурган айрым адамдардын кызыкчылыгы менен төп келишип жаткандыгында болууда, - деп айтты генерал Турганбаев

Биз генерал Байзаков менен көп иштерди жасадык эле. Биз биргелешип атайын түрмөнү ачканбыз. Бишкектин 1-СИЗОсундагы жылдар бою тамырлап келген коррупциялык системанын тамырын биргелешип жулуп, уурулардын “общагынан” жыйналып келген акча каналынын “оозун” бууганбыз. Бүгүн түрмөнүн кызматчылары өзүлөрү: “Баары тынч болуп калды, баягы уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери кааласа сойкуларды алып кире берчү бардак жоголду” деп айтып калышты. Биз Байзаков менен чогуу кылмышкерлердин ичиндеги беш буйрутма киши өлтүрүү кылмышынын бетин ачканбыз, - деп айтты.

Ушул эле санга “Каретадан трапка чейин!” деген макала жарыяланды. Макалада Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан “Манас” аэропорту аркылуу “көрүнбөй” өтүп кетиш үчүн адегенде бийликтегилерди бир айланып чыгуунун өзү эле жетиштүү болорун жазуу менен Кыргыз өкмөтүнүн аппарат башчысы Төрөгул Бековдун Эл аралык “Манас” аэропортунун президенти Эрик Шайдиновго жазган каты, президент Назарбаевдин атайын өкүлү, олигарх Булат Утемуратов жана башкалардын “көрүнбөй” учуп келгени жана башкалар тууралуу баяндалат...
XS
SM
MD
LG