Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

“Парватичилердин” анты


Кыргыз гезиттери “Мегакомдун” чуусу, алтын кени жана Кыргызстанды каптап бараткан бүбү-бакшылар тууралуу жазды.

“Айат” гезити публицист Эсенбай Нурушевдин “Жайсаңчылардын келечеги жок” деген аталыштагы Би-Би-Си радиосу менен маегин окурмандарга тартуулады.

Буга улай эле Сүйүнбай Эралиев, Бексултан Жактиев, Топчубек Тургуналиев өңдүү аксакалдар Кыргызстандын жогорку бийлигине республиканын бардык мектептерине, атайын жана орто жана жогорку окуу жайларына "Манас таануу" курсун киргизүү боюнча 7 беренеден турган жобо менен кайрылуу жолдошту. Анда “Манастын” салттык классикалык түрүн окутууга жана “Манас” академиясын түзүү тууралуу сунуштар камтылган.

“Учур” гезитине журналист Зулпукаар Сапанов “Бүбү-бакшылар Манасыбызды булгай баштады!” деген ат менен маек-макаласын тартуулады. Автор мындан бир нече күн мурун илимдин доктору Кубан Мамбеталиев “Бүбү Мариям менен маек уюштурабыз” дегенинен кошо барып Бүбү Мариямга бир нече суроо менен кайрылганын жарыя кылды. Айрымдарына токтоло кетели.

- Майрамбүбү эже, сиз Сагынбай менен Саякбайдын “Манасын” окудуңуз беле?

- Жок алдыңа кетейин, ушу күнгө чейин окуган эмесмин.

- Чыпалактан кан чыгарып, антты кимдер берген?

- Антташуу зарыл болгон үчүн бердик. Адеп китеп чыкканда “ким автор болсо ошол болсун, китеп чыкса болду” дегем.

- Антташууну ким ойлоп чыкты?

- Шакин Эсенгулов ойлоп чыкты. “Силер китепти чыгарганга, анан таратканга жардам бересиңер, ошого ант бересиңер” деди. Анан биз Талант экөөбүз барып ант бердик. Анан Эрнест ант берди. Анан Айбек Түмөнбаев, Т. Касманбетов, Жумадин Кадыров, А. Карамолдоев, Э. Мажиев ант беришти.

- Манастын чоң энеси деп силер айтып аткан Парвати деген аял тексиз жердин кызы экен, ал силер жазган китепте колдон колго өтүп, бузулган, сатылган, нарксыз аял катары сүрөттөлүптүр, бул кандай?

- Жок апабыз сатылбай деле калышы этимал болчу. Ырчылыкка үйрөткөн кемпирди аяп гана өзүн күң кылып сатканга макул болгон. Анан Парвати: “Мени күң кылып сатып жибериңиз” деп соодагерге саттырат. Соодагер сулуулугун көрүп “Муну катардагы күң кылгандан көрө арбын акчага сатып жиберейин” дейт. Бузуку болсо мындай акчага өтпөйт болчу... Тазалыгы менен колдон колго сатылып, эки соодагерден өткөн, - деп жооп берген Бүбү Мариям Сармалдак кызы.

“Де-факто” гезити бүгүнкү санын “Кыргызстандын онго жакын алтын кени чет өлкөлөргө уурдалууда” деген макаласы менен ачып, жанына академик Кубат Осмонбетовдун түшүндүрмөсүн берди.

Бакиев тушунда башпрокурорлук кызматты ээлеген Элмурза Сатыбалдиев 2010-жылдын 7-апрелдинде Акүйдөн 3 млн. доллар салынган 2 сумканы көтөрүп чыгып кеткени кечээ ачыкка чыкканы кабарланды. Ушул эле “Де-факто” гезити “Мегаком” тагдыры: Бакиевчилер, Машкевич жана Бабанов” деген баштеманын алдында “Мегакомдун басып өткөн жолу жана колдон колго өткөнү” деген маалыматты сүрөттөрү менен жарыялады.

“Бабанизациябы же шаманизациябы?” деген рубриканын алдында маек берген Азимбек Бекназаров: “Мурзалиев, Абеков деген бечаралар артындагы дөө-шаалардын айтканын кылам деп камалып калышты. Иши кылып же Акаевдин, же Бакиевдин үй-бүлөсү алганы жатат. Азыркы бийликтегилердин баары Акаев, Максимдер менен коюн-колтук алышып жүргөндөр эмеспи” дейт.

Депутат Ахматбек Келдибеков: “6 млн.доллар оффшордук зонага чыгып кетти” деген маалымат, ушунча суммадагы пара алды дегенди түшүндүрөт. Бул акча деген Ош шаарынын бир жылдык бюджетине барабар. Ушунун артында ким турганынын бетин ачса Атамбаевдин коррупция менен күрөшүп атам деген сөзүнүн чоң жыйынтыгы болмок” деп айтты.

“Күндарек” аттуу гезит журналист Папан Дүйшөнбаевдин “Айымкан эне ким болгон? Же Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянындагы бурмалоолор” деген ат менен уландысы кийинки санга калтырылыган макаласын тартуулады.

Ушул эле гезитте КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Сабыр Мукамбетовдун маеги бар.

Бүгүн “Асман преss” гезити да жарык көргөнүн эсиңиздерге сала кетели.
XS
SM
MD
LG