Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Кыргыз атын булгагандар


Гезиттер ОБОНчу аялдар, “апрель баатыры” болуп алган алдамчы шылуундар, коррупция ж.б. темадагы макалаларды тартуулады.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Адам укугу жана “ОБОНчу” катындар деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Автор дүйнөдө, айрыкча демократиянын туусун көтөрүп жүргөн өлкөлөрдүн биринде да бул өңдөнгөн окшошу жок ойрондор жөнүндө жазды.

Убагында атын ыраматылык Дооронбек Садырбаев коюп кеткен “ОБОН” деген бандит катындардын тобу ошол кезде Каркыраны коргойбуз деп барган Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Эркинбек Алымбеков, Иса Өмүркулов, Азимбек Бекназаров өңдүү жигиттерди Түптөн жабыла жумуртка менен койгулап тосуп алганын, ажаан катындарды алдыга салган ар кандай деңгээлдеги жетекчилер азыр деле азыркы бийликке кулдук уруп иштеп жүргөнүн, булар бирдеме болсо кайра бурулуп, Атамбаевдин бийлигин да тукум менен ургулап, бир заматта сатып баса берерин белгилеп, ошондо маркум Дооронбек Садырбаев айласы кеткенде: “Ушундай да 100 грамм арак үчүн жерин саткан эл болобу? Булар мага десе көлүн чөмүчтөп сатсын. Мындай кордукка чыдаган кайран гана жүрөгүм” деп кайгырганын, ошондон көп өтпөй, кайгысына оорусу кошул-ташыл болуп көзү өтүп кеткенин эске салды.

Баратбай андан ары Бакиев тушунда бу “ОБОНчулар” аябагандай кутурганын, мындайлар кыргыздын кылым сыйлаган аялзатынан айланып кеткендер экенин, андыктан алардын жинин биротоло кагыш үчүн мыйзам кабыл алууга убакыт эбак жеткенин, бул өңдүү катындардын аял экенине, бала төрөгөнүнө, кыргыз деген үй-бүлөдөн чыкканына да ишенбей кетериңди, мындай тири шумдук катындардын “аталыгы” Үсөн Сыдыков деген болгонун жазып чыкты.

“Ачык эле айтыш керек, биздин мамлекеттик жетекчилер кайсы жерден кантип акча өөнөштү, кайра кантип суудан кургак чыгып кетишти мыкты өздөштүрүшкөн. Бул жагынан дүйнөдө эч кимди алдыга салбайбыз” деген саптар менен макаласын баяндаган журналист Алмаз Темирбек уулу Энергетика министрлигинин көмүр боюнча тендер өткөрүү аракеттерин сынга алды. Министр Аскарбек Шадиев, Кара-Кече, казак көмүрү тууралуу кеп кылды.

“Кайыптан алынып жазылды делинген “Айкөл Манас” эмгегине таптакыр тыюу салынсын!” деген ат менен Республикалык илимий-практикалык конференциянын катышуучуларынын добушу менен кабыл алынып, 238 адам кол койгон резолюциясы жарыяланды.

Анын бир жеринде: “Ушул он томдукту элге сиңирүүгө чоң салым кошуп, идеологиялык жактан камсыздап келген Саентология борборунун ишмердүүлүгүн текшерүү иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарынан суралсын. Мындай борбор Казак Республикасында жана бир катар чет өлкөлөрдө зыяндуу уюм катары жабылган” деп жазылган.

“Алиби” гезити “Биз адилеттикти талап кылабыз” деген ат менен Талас облусундагы “Коррупцияга каршы жарандык кыймыл” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылган каты тартууланды.

Катта: “Эл-жер” деп күйгөн мекенчил жаштар адилеттик, жакшы жашоо, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн күрөшүп чуркап жүргөндө өз көмөчүнө күл тарткан митаамдар ар кандай жолдор менен “Апрель баатыры” деген наамын, ага кошуп 50 миң сомдон акча алгандыгы биздин намысыбызга тийип, жаныбызды кашайтып жатат. Керек болсо, алардын арасында 6-7-апрель күндөрү Орусияда, Казакстанда жүргөн адамдар бар. Биз мындай көрүнүштөрдү 7-апрелде каза болгон элдик баатырлардын арбактарын гана эмес, бизди да кордоо деп эсептейбиз. Ушул убакка чейин мындай шылуундарды коомчулукка алып чыкпай, тиешелүү чара көрбөгөн бийлик өкүлдөрүн ушулар менен чырмалышкан коррупционерлер деп эсептөөгө бизде толук негиз бар. Жалган жерден “баатыр” болуп, уялбастан акча алгандарды, аларга ошондой мүмкүнчүлүктү түзүп бергендердин аты-жөнүн жакын арада жалпыга маалымдоо каражаттарына беребиз.

Урматтуу президент! Урматтуу премьер-министр! Урматтуу таластык депутаттар!

Биз Акаев бийлиги менен да, Бакиев бийлиги менен да акыйкаттык, адилеттик үчүн күрөшүп келгенбиз. Биз элдик революциядан кийин элдик бийлик орнойт, адилеттик өкүм сүрөт, акаевчилер менен бакиевчилер өз жазаларын алат деп ишенгенбиз. Бирок заман биз ойлогондой, бийлик биз күткөндөй болбой баратат. Бул айткандардан узакка создуктурулбастан жыйынтык чыгарылууга тийиш. Элдин чыдамы, сабырдуулугу менен ойноо эч убакта жакшылыкка алып келген эмес” деп жазылган.

Ушул эле “Алиби” гезитинен “Эмне үчүн Бакиевдердин мурдун балта кеспейт?” деген ат менен Сотторду тандоо кеңешине кулак кагыш кылган макаланы, журналист Канышай Мамыркулованын “Арыз. 300 доллар. Чала жан жетекчи” аттуу иликтөө баянын, саясатчы Бегалы Наргозуевдин маегин, Тынчтыкбек Алтымышевдин “Максимдин мародерчулугун ким улантканы турат?” деген аталыштагы макаласын окуйсуздар.

Депутат Каныбек Иманалиевдин “Сындаштан мурун сырдашсак же журналист Мундузбек Тентимишовго ачык жооп” деген макаласы жарык көрдү.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өзү баштап кыска аралыкта кантип туристке айланды” деген макала да ушул “Алиби” гезтинде.
XS
SM
MD
LG