Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:55

Саясаттын “күзү” келди


Эс алуудан кайтып келген кыргыз тилдүү гезиттер жарыкка чыга баштады.

Гезит жамааттары жайкы эс алуудан кайтып келе баштады. Бүгүн кожоюну Илим Карыпбеков болгон “Де-факто” гезити жарыкка чыкты. Гезиттин артында Бабанов турат деп жазып чыккандардын учурган “уткасы” демейдеги ушактардын бири экенин, гезит буга чейин кандай багытта чыгып келсе ошол салт уланарын айтып өттү Илим Карыпбеков.

“Де-фактонун” жаңы санынан депутат Каныбек Иманалиевдин “Бабанов башында турган өкмөт кетсин!” деген каты, билим берүү министри Канат Сыдыковдун “Кээ бир мектептердин абалы көмүрканадан да жаман”, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын башчысы Үсөн Сыдыковдун “Бакиевди бийликке алып келгениме өкүнөм, эл алдында уят болуп калдым” деген ат менен маектери жарыяланды. Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен өткөн “Мекендештер” форумунун катышуучуларынын ой-пикирлери, “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Кадырбек Бусурманкуловдун маеги да ушул санда.

“Де-факто” гезити “Көөнөрбөс нерселердин көбү бааланбастан өчүп баратат” деген ат менен коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун маегине окурман көңүлүн бурду. Эрнис Асек уулунун акын Алик Акималиевди эскерүүсү, Жамиля Таштанбекованын “Аман менен Түгөлбайдын агасы” аттуу баяны, акын Табылды Муканов жөнүндө акын Сагын Акматбекованын ой толгоолору басылды.

“Учур” гезити бүгүнкү санын акыйкатчы Турсунбек Акундун “Нариман менен Исаны түрмөгө чогуу отургузса, Атамбаев адилеттүү ажо болмок” деген аталыштагы маеги менен ачты. Турсунбек өзү Бишкек шаар башчысын алып барып “Кожзаводдогу” таштандыны көрсөткөнүн, бирок анысынан деле жыйынтык чыкпаганын, Иса Өмүркулов начар иштеп Атамбаевдин атына көлөкө түшүрүп жатканын айтты. Турсунбек Акун Бабанов жөнүндө да сөз кылып: “Мисалы Бабанов Лондонго Келдибековду алып барыптыр. Аны эмнеге алпарат? Ичип-жегени үчүнбү? Эмне үчүн башка партиялардан алып барбай, дайыма өз партиясынан алып барат?” деп ачууланды.

“Учур” гезити ушул эле санына журналист Асланбек Сартбаевдин “Ажону “жара тартканга” кимдер кызыкдар?” деген макаласын тартуулады. Макалада бийлик аренасына Акаев менен бир келген баягылар эле бири кетсе, бири келип, айланып келатканын, Кыргызстанда саясий элитанын өсүүсү токтоп калганын, Атамбаев жалгыз экенин, эгер ал эртелеп күчтүү команда түзбөсө кыялындагы 6 жылга эсептелген президенттик креслосу бат эле кыйрап калышы мүмкүндүгүн айтты.

Аталган гезиттен Каныбек Имашов аттуу автордун “Максимдин “Барбаросс планын кайсы күчтөр колдоп атат?” деген, Зулпукар Сапановдун “Коррупциянын колун керте албаган ажо” деген макалаларын, депутат Токон Мамытовдун “Түлеев автобустарды 11 миң долларга арзан алып, “Түштүк магистралын” бекер курдурган” деген аталыштагы маегин жана башкаларды окуй аласыздар.

“Арнеа.kg” гезитине маек курган генерал Мирослав Ниязов бүгүн эл эч кимиси жоопкерчиликти моюнга албаган системанын кесепетин тартып, түшүнүксүз система, түшүнүксүз экономика, түшүнүксүз мамлекет болуп атканыбызды, депутаттардын деңгээли өтө төмөндүгүн, сындасаң эле “канча мыйзам кабыл алдык?” деп чыгышарын, булардын алган мыйзамдарынын бири да иштебегендигин, унду, цементти кымбаттатканы аз келгенсип, эми салган үйүңө, минген машиенеңе салык төлө дечү болсо, кыжыры кайнаган эл бийликтегилерди эртең эле көчөгө чыгарып коёрун айтты. Ушул эле гезит Майрам Акаеванын эскерүүсүн жарыялай баштады.

“Пресс.kg” гезити жаңы санын “Жоопкерчиликсиздер парады” деген баштема менен ачып, саясатчылар тууралуу майда маалыматтарды басып чыкты. Бишкек шаардык кеңешине шайлоо курч болору Жакшылык Бердибек уулунун макаласында баяндалды.

Бакыт Сакыбаев “Бетпак чиновниктин жүзүн ачам!” деген рубриканын алдында “2010-жылы 6-7-апрелде 7-кабаттагы чиновниктерди каптаган кара булут” деген теманын алдындагы баянын тартуулады. Автор ошол Ак үйдү кара булут каптаган 6-апрель учурундагы мамлекттик чиновниктердин аракеттерин кеп кылды.

Адамзат баласы телескоп менен көз жетпеген ааламга байкоо салып келсе, кыргызда “Келескоп” аттуу “оптикалык приборду” “ойлоп” тапкан сатирик журналист Азизбек Келдибеков ал аркылуу Учкун Ташбаев, Турусбек Мамашев, Улугбек Ормонов, Төрөгул Беков, Айгүл Рыскулова сыяктуу аткаминерлердин келечегине сереп салды.

Жумаш Назаровдун “Коомдук аң сезимди, жашоо турмушту эске албай, сел сыяктуу каптап кирген дистанттык окуу” деген макаласы да бар.
XS
SM
MD
LG