Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Эшигинен тешиги көп өлкө


Гезиттер өкмөттүн түзүлгөнү боюнча сын-пикирлерин улантууда. Сот болсо кылмыш дүйнөсүнүн бир лөгүн актап жиберди.

“Жаңы агым” гезити Ош облусу боюнча өз кабарчысы Алишер Токсонбаевдин макаласын тартуулады. Анда Кадырбек Досонов аттуу адам Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун анабашыларынын бири катары каттоодо турганын, анын каймана аты Жеңго экенин, эл аралык издөөдө жүргөн Жеңго өткөн жылдын 14-сентябрында араң кармалып, абакка камалганын, күнөөлөрү аныкталганын, бирок жакында Оштун Кара-Суу райондук жана Ош облустук соттору тарабынан акталып, сот залынан эркиндикке чыгарылганын маалымдады.

Автор андан ары дал ушунун өзү кашкайган коррупция экенин белгилеп: “Мамлекет ишенген соттор ушинтип отурса милиция органдары кылмышкерлер менен кантип иштейт? Түштүк элин чекесинен какшаткан Жеңго кармалганда сүйүнбөгөн киши калган эмес. Эми аны менен далай кылмыштын бети ачылат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы оюбуз ойрондолду. Сот жана күч органдары токтоосуз жаңыланбаса, президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүнөн эч нерсе чыкпайт", – деп жазды.

Ушул эле макаланын жанына “Жеңго деген ким өзү?” деген макала жарык көрдү. Макалада эл арасында Жеңго деген аты бар Кадырбек Досонов кылмыш аталыктары Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев менен теңата Өзбекстан аркылуу өтчү баңгизат агымына көзөмөл кылып турган “кримавторитет” экени айтылып жүргөнүн кеп кылып, Жеңгону кармаш үчүн милиция кызматкерлери көптөгөн машакаттан өткөнүн, аны Дүйшөмбү шаарынан Кыргызстан менен байланышып аткан телефон номуру аркылуу аныктап туруп кармашканын, өткөн жылы “Дело №...” гезити полковник Уран Алиевдин өлүмү тууралуу макала жарыялап, Алиев дал ушул Жеңгонун шайкасы менен айоосуз күрөшүп келгенин, бирок Ош аймагын кылмышкерлерден тазалоого аттанган полковникти Жеңгонун кримтобу атып өлтүргөнүн, бул ишти жакшылап чубап отурса, аягы азыркы парламентке чейин келерин эскерткенин эске салды.

Журналист Мелис Совет уулу андан ары Жеңго самолеттон колуна кишен салынып түшүп келатканда эле баары бир бошой тургансып, жайдары түшкөнүн, демек Жеңгонун Кара-Суу райондук, Ош облустук сотторунун актап чыгышына Ак үйдөгү эл үчүн иштемиш болуп, кой терисин жамынган депутаттардын салымы болушу мүмкүндүгүн кыйытты. Болбосо, бул жакта Атамбаев сот реформасын жүргүзүп атат, ошондон кийин соттор акыйкаттыктын чыныгы үлгүсүн көрсөтөт деп сайрачулар күн сайын сайрап атса, тиги жакта болсо кылмыш дүйнөсүнүн лөгүн “төрт тарабың кыбыла” деп эркиндикке чыгарып атса: “Бул эмне деген күрөш? Же ал жердеги соттордун эки башы барбы? Минтип сот актап жиберерин билген соң ИИМ аны убара болуп издеп, анан таап, Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке самолет менен алып келбей деле койсо болмок экен” деп жазды”.

Өзү жаңы, сөөгү эски өкмөт ишине киришкенин эстеткен “Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Туз жана ок” деген макаласын басты. Кыргыз кыянаттык кылган кишини “Тузум ургур!”, “Тузума койдум!” деп каргап келгенин, билгенге бул өтө катуу сөз болгонун, мындай каргышка илинген адам элден чыгып калганын эске салган Аракеев, азыр туздан аттап өткөндөр көбөйүп отуруп, туз урабы, Манастын арбагы урабы, же кылмыш дүйнөсүнүн бандити урабы баары бир болуп калганын, ошентип эми туз ишке жарабай ок жөнөтмөй “салтыбызга” келип киргенин айтып, “алсыз адам акыретчил” деген макал менен азыркы түзүлгөн өкмөттү талдоого алды.

“Алиби” гезити журналист Болотбек Таштаналиевдин “Бийликти кимдер узурпациялап жатат?” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Макалада кааласак, каалабасак дагы Кыргызстанда бийлик эми бир колго чогулганын, президенттин ишараты жана унчукпаган макулдугу менен бийликти КСДПнын колуна топтоо жана бийликти аймакташтыруу жүрүп жатканын кеп кылды.

“Жаңы агым” гезити кечээ парламентте эси жок балдардай мушташа жаздап токтогон эки Өмүрбектин чатагынын себеби Абдрахманов бир кезде Текебаевге чаар костюм бадарке кылып, ошонусун дооласа, беркиниси аны эбак эле жыртып жок кылганын айтып, чыр ошондон чыкканын, Кулов өзү менен каршылаштарын кызматка чоңойтуп ийип “жок кылуу” ыкмасы менен иштеп атканын, Акылбек Жапаровду так ушинтип “жайласа”, эми Талиеваны чоңойтконун, анткени Сатыбалдиев Жантөрөнүн өкмөтү жазында куласа, Талиева биротоло кетерин, жаңы өкмөт түзүлөрү менен мамлекеттик мекемелердеги айрым аткаминерлер посол да болбой, “пошел” болорун билип “Манас” аэропортунун президенти Эрки Шайдинов, “Темир” ишканасынын башчысы Улук Абдымомунов, экономикалык кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн төрагасы Бактыбек Аширов чемодандарын жыйнай баштаганын маалымдады.
XS
SM
MD
LG