Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Байларды шайлоо тажатат


Гезиттер өлкөнүн ички турмушундагы окуяларды ортого салды.

“Айат” гезити “Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Кубатбек Норузбаев “Ата Мекен” партиясынын Бакиевдердин мүлкүн талап-тоноодогу мародерчулкка эч кандай тиешеси жок, анткени ал боюнча кылмыш иши аныкталган эмес деген маалымат таратты” деп,

“Жаштар министрлиги жаштарга тиешелүү башка маселелер толуп жатса, 35 жаш үй-бүлөнүн топуратып тоюн бергенден көрө ошол тойго кеткен акчаны жумушу жок жаштарга жумуш таап бере турган туруктуу бир долбоорго жумшаса болбойт беле” деп жазып чыкты.

Ушул эле гезитке өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин “Алтын кендериндеги уу калдыктарынын эч кандай коркунучу жок” деген аталыштагы маеги басылды.

“Арена.kg” гезити “Жасалма документ жасаган мамлекеттик кызматкерлер эмес, сатып алган Садыр күнөөлүүбү?” деген ат менен жарыяланган макаласында Бишкектин Киев көчөсүндөгү 74-имаратты Садыр Жапаров Элдар Мадылбековдон 500 миң долларга сатып алгандыгы үчүн айыпталып жатканын эске салып: “сессиядагы талкууда Садыр Жапаровдун эмес, ага жасалма документ берген Юстиция министрлиги менен каттоо кызматынын күнөөсү бар экени байкалгансыды” деп жазып, буга карата айрым ойлорду ортого салды.

Депутат Жылдыз Жолдошева: – Мамлекеттик органдар жасалма документ жасап, бири-бирине жөнөткөнү маалым болсо да бир да мамлекеттик орган жооп бербейт. Тескерисинче имаратты сатып алган Садыр Жапаров күнөөлүү болуп атканын түшүнбөй турам. Жасалма документ жасоого жол берген Мамлекеттик каттоо кызматкерлерин жана Бишкек шаардык Юстиция башкармалыгын жоопко тарткыла,–деп,

Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов: – Юстиция министри катары мен бул ишке баа бере албайм. Укугум жок. Мен жоопкерчиликтен качпайм. Кудай алдында да жооп бергенге даярмын деп,–жооп берди.

“Учур” гезити жаңы санын саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Атамбаев ажыдаар болуунун мыкты өздөштүргөн адам” деген аталыштагы маегин жарыялоо менен ачты.

Бекназаров президент Атамбаевди катуу сынга алды, айлана-тегерегине баягы эле эски бийликке жүгүнүп кызмат кылгандарды жыйып алганын, бир кезде чогуу жүргөн санаалаштарын укмак турсун көргүсү келбей калганын айтты. Ошону менен бирге эле парламенттин да таркашы керектигин, парламент таркамайын өлкө оңолбой тургандыгын, бирок президентти “кет” дегенге мезгил келе электигин, мунусу кетсе деле башка ажыдаар келерин эл акыры түшүнгөнүн, анткени Бакиев келгенден үч ай өткөндөн кийин эле инилери, балдары менен бийликти “басып” алып, жыргатмак тургай элдин үйүндөгү жарыгынан бери уурдай баштаганын, эл Бакиевге эптеп 6 жыл чыдаганын мисалга тартты.

Анткен менен ар бир революциядан кийин аз болсо да жылыш болуп аткандыгын да моюнга алган Азимбек Бекназаров: “Биринчисинде сындыралбаган системаны экинчисинде сындырдык. Азыр мамлекеттик бюджетти уурдай албай калды. Биз азыр революция кылбай, анын ордуна кайра-кайра шайлоого барышыбыз керек. Эки жылда бирден шайлоо боло берсе, депутат болом деген байлар да акчасын талаага чача берип банкрот болот. Акыры алар да депутат болгусу келбей калат. Акча таратылбагандан кийин эл да акыл менен шайлаганга өтөт. Куда кааласа, биз ошого барабыз. Ал эми парламенттин тагдыры жаңы жылга чейин чечилет. Мен жөн жүргөн жокмун. Ноябрдын аягы, декабрдын башында “парламент тарасын” деген он миңдеген адамдын катышуусунда чоң демонстрация болот,– деп айтты.

“Асман преss” гезити КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, журналист Сабыр Муканбетовдун “Ташиевди “жинди” кылгысы келген адам бийликтин ит-акмагын чыгарып салды” деген ат менен маек куруп, анысында Коомдук биринчи каналдын айланасындагы айрым суроолорго жооп берди.

Аталган гезит депутат Эркин Алымбековдун “Мени атып салсаңар да кыргыз тилинде жаза албайм” дегенин шилтеме кылуу менен парламенттеги кыргыз тилине байланыштуу маселелерди козгоп чыкты.

Саясат таануучу Марс Сариев акыркы кездери “Ата Мекен” партиясы ыплас компромат оюндарына баш-оту менен кирип кеткенин, деги эле саясаттагы эки партиянын бири-бирине ылай ыргытуусу экөөнө тең жакшылык алып келбесин, бирок көбүнчө сокку “Ата Мекен” партиясына урулуп жатканын, анын шайлоодогу рейтинги да ушундан улам төмөндөп кеткенин эскертти.
XS
SM
MD
LG