Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Актангандар жана айыптагандар


Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков “Фабула” гезити аркылуу президент А. Атамбаев элге чыгып, эл менен кеңешип турушу керектигин айтты.

“Алиби” гезити мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун “Парламент таркашы керек! Кыргызстанга 120 депутаттын кереги жок!” деген аталыштагы эки жарым беттен турган маегин басты.

Оппозицияны Бабанов каржылап жатат деген эл арасындагы сөз калп экенин, митингдерди каржылабаганын, митингге чыгам дегендерди да колдобой турганын, мурдагы президент Роза Отунбаева менен 3 айдан бери жолуга электигин, Келдибеков, Бекназаров менен да жолукпаганын, президентти эл шайлагандан кийин ал мөөнөтү бүткөнчө отурушу керектигин, эгер жыл сайын эле төңкөрүш кылып президентти алмаштыра берсе, мамлекет деген мамлекет болбой каларын, анда мамлекет биротоло жок болорун, “Бабанов революция кылган жатат” деген сөздү президенттин жанында жүргөндөр таратып жатканын, алардын биринчи эле максаты Атамбаев менен анын ортосун алыстатуу болуп саналарын айтты.

Бабанов парламент жөнүндө сөз кылып, азыр болгону 35 эле депутат иштеп, калганы келсе келип, келбесе келбей койорун, ошондуктан 120 депутаттын кереги жоктугун, андыктан эки палаталуу парламентти киргизип, туруктуу иштей турган 35 депутатты жана эл өкүлдөрү кылып 40 депутатты шайлоо зарылдыгын белгиледи жана партиялардын азыркы учурдагы жагдайларына токтолду.

Бек Мамашев аттуу автор “Мыйзам буйлаланган төө. Кимдин “төөсү?” деген макаласында Жогорку Соттун ишмердигин сынга алды.

Депутат Ахматбек Келдибеков интервьюсун “Кумтөрдө 600 тонна алтын жатса, биз ар кимден кичилеп акча сурап жүрөбүз” деп атап, ГЭСтердин курулушу, Кумтөр тууралуу ойлорун ортого салды. Гезиттердеги анын мүлкүн санаган материалдарды кимдер жазганынан бери билерин, Манас көчөсүндөгү "Айгюн иншаат” деген компания курган үйдө 3-4 квартирасы бар деп жазышканын, барып тапса эле аны ошол жазган кишилерге берерин айтты.

“Фабула” гезити аркылуу коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун “Атамбаев коңшу мамлекеттер менен болгон мамилени бекемдеши керек” деп айтты. Ал президент Атамбаев Казакстанга барып Назарбаев менен сүйлөшүп келгенин, Назарбаев биздин абалды жакшы билерин, эми президент Өзбекстанга, Тажикстанга барып маселени чечсе жакшы болорун билдирүү менен Акаевдин бир жакшы жагы коңшулар менен жакшы мамиледе иштешкенин мисалга тартты. Кээ бирөөлөр Кумтөрдү улутташтырыш керек деп жатышканын, Кумтөрду улутташтырсак эл аралык бизнесте сыртка сүрүлүп чыгып каларыбызды, кокус ушундай болуп калса, “кыргыздар мыйзам билбеген маңыроо эл экен” деп дүйнө коомчулугу экинчи биздин эл менен эсептешпей каларын айтты.

Президентке токтолгон Абдуразаков, учурда Атамбаевге абдан кыйын болуп жатканын, анткени айланасында булганып калган адамдар көп экенин, андыктан Атамбаев жумасына бир же эки жолудан маалымдоо каражаттары аркылуу азыркы кырдаал боюнча элге маалымат берип, “менин мындай оюм бар, силер кандай дейсиңер?” деп элдин оюн угуп турса жакшы болорун. Эгер ушул бойдон эле Атамбаев унчкупай жүрө берсе, эл Атамбаев тууралуу гезиттер жазып келаткан жалган маалыматтарга чын экен деп ишене берерин эскертти.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Бермет Маткеримованын “Мектепти унуткан балдар” деген макаласын тартуулады. Балдар маселеси оор. Расмий маалыматтар боюнча жылына 20 миңден 60 миңге чейинки бала мектеп босогосун аттабайт. Журналист “эмне кылуу керек?” деген суроого жооп издеген.

Арабаев атындагы университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов макаласын “Диний билим берүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги” деген ат менен жарыялап, Кыргызстанда легитимдүү, ырааттуу, сапаттуу, мамлекетчил диний билим берүү тутуму түзүлүп, үстөмдүк кылышы керек деген оюн билдирди.

Журналист Бактыгүл Чотурова “Унутулгус эмгек калтырган адам бактылуу” деген макаласын кыргыздын таланттуу уулу, мыкты актер Болот Бейшеналиевдин чыгармачылыгына арнап, ал жараткан образдарды дагы бир жолу окурмандардын эсине салды.
XS
SM
MD
LG