Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Бийликтеги "кембагалдар"


14-майда жарык көргөн кыргыз гезиттерине сереп.

“Фабула” гезити Алмазбек Темир уулунун “Кыргыз бийлиги “Кыргызтелекомду” сатмайын эс албайбы?!” деген макаласы менен ачты.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева социалдык сурамжылоо жыйынтыгы боюнча “Түрк дүйнөсү алдындагы эмгеги - 2012” деген аталыштагы үч категория боюнча жүргүзүлгөн сынакта “мыкты саясатчы” деп аныкталды. Ушул эле категория боюнча 2-орунга Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган татыктуу болду.

Журналист Баратбай Аракеев “Фабуладагы” “Кадам ушул” деген макаласында улутчулдук менен улуттун кызыкчылыгын коргогондун айырмасын билбегендер толуп кеткенин, мисалы “МК Азия” деген гезит жалаң гана кыргыз турмушунун негатив жактарын көбүртүп-жабыртып жазып турарын, анын редактору Бабакулов Князевди коргоп, Батукаевден эжесинен интервью алып, кыргызды кыргыз деп санабагандарды мактап-жактап келатканын жазып чыкты.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов “Гусаров менен Бекбоев “Казинолордон пайда көрөлү” деп сунушташты” деген ат менен маек куруп, Султан Ибраимов көчөсүндөгү “Европа” деген казино Гусаровдуку экенин, казинодон түшкөн акчага жол оңдойбуз деген жөн эле шылтоо экенин, казинолорду кайра иштетүү үчүн аракет кылып жаткан күчтөр бар экенин билдирди. Депутат Жетигенов андан ары парламентти таратуу маселеси да бышып калганын, депутаттардын арасында тилекке каршы мамлекет үчүн, эл үчүн жан үрөгөндөргө караганда жеке кызыкчылыктары үчүн жан үрөгөндөр арбын болуп, парламенттин беделин түшүрүп келатканын кеп кылды.

“Назар пресс” гезити сузактыктар камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин эстелигин Ош тарапка кеткен жолдун жээгине орнотууну чечкенин, муну угуп алып редакциядагылар жаман болушканын белгилеп: “Туугандар! Тирүү адамга эстелик орнотуп, жаман жорукту баштабагыла. Эстеликти көзү өткөн адамга карата тирүүлөр элесин эскерип турушу үчүн коет. Эсиңердеби, кезинде Түркмөнбашы Сапармурад Ниязовго кошоматчылар көзү тирүүсүндө эстелик орното беришип, кийин күтүүсүздөн көз жумган. Убактылуу өкмөттүн бири дагы 2010-жылкы кандуу окуяда түштүккө баралбай койгондо Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков сиздердин эстеликсиз эле өрт кечип, элдин эсинде калган” деп жазып чыкты.

Гезит дагы бир кабарында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын декларациясын окуп алып, айтарга сөз таппай калышканын, көрсө бул айым эгемендик келгенден бери эле бечара турмушта жашап келатканын, анткени ушул кезге дейре үйү да жоктугун, болгону 96-жылкы “Фольксваген Гольф-3” деген эскирген автомашинасы бар экенин кабарлап, баштарын чайкады.

Ушул эле “Назар пресс” гезити “Мелистин мертине турган күнү”, “Полковникке “подстава” деген ат менен Күлчоро Кабылов аттуу автордун макалаларына орун берди.

“Кыргыз туусу” гезити теңиртоолуктардын президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу катын жарыя кылды. Катта Батукаевдин түрмөдөн бошотууга катышкан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине акыйкатчы менен, Нарын обладминистрациясынын жооптуу кызматкерлерин кошуп туруп кызматынан айдоо;

Кара-Кече көмүр тилкесиндеги көмүр уурдап сатып, байып, карапайым элди көзгө илбей, кыйнап, калкка ыдык көрсөтүп келаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө чара көрүү;

Нарын шаарынын борбордук көчөсүн асфальттайбыз деп тендерин утуп, эптеп чампалай салып акчасын жеп алгандарга кылмыш ишин козгоону;

Кытайдын жүк тарткан машиналары менен жүктүн арасына жатып алып жашыруун келип жаткан кытай жарандарынын агымын токтотуу талабын коюп чыгышты.

Карабууралык Өмүрбек Чаргынов аттуу окурман “Чек араны кимдер чаташтырууда?” деген катында Таластын Көк-Сайында бир канча гектарлаган жер Казакстанга өтүп кеткенин белгилеп: “Жерди мыйзамсыз берүү кагазын кимдер даярдаган? Кимдер элдин атынан сүйлөп, жоопкерчиликти кимдер алган, кимдер кол койгон? Суроону дал ушундай коюу керек. Чымындын буту сынса деле комиссия түзүп жатып калмай адаты бар кыргыз бийлиги түзгөн комиссиялар келип, жерди батыштан чыгышка, түндүктөн түштүккө карай канча ирет ченешсе да эч кандай майнап чыга элек", - деп каңырыгын түтөттү.
XS
SM
MD
LG