Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

Уу калдыктар көрүстөнү


21-майда “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу”, “Фабула”, “Назар-пресс” жана башка гезиттер жарык көрдү.

“Эркин тоо” гезити жүзүн “Бизнести көлөкөдөн чыгарууга милдеттүүбүз” деген өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин сөзү менен ачты. Анда бизнести көмүскөдөн чыгарууга алгачкы кадамдар жасалганы, кошумча нарк салыгынын өлчөмү азайганы айтылган.

Журналист Сымбат Максутова “Муундардын кагылышы: жол издөө аракети” деген тегерек үстөл өткөрүп, жаш активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Бусурманкулов, Мирбек Асангариев жана Мирлан Бекитаевди чакырган. Талкууда учурдагы бийлик, мыйзамдардын иштебей жатышы, идеологиянын жоктугу, диний секталардын зыяндуулугу, бийликке элдин ишеними жоголуп баратканы, улуу муундагы жетекчилердин көбү коррупцияга батканы д.у.с. олуттуу маселелер талкууга алынып, кыргыздар атадан калган үрп-адат, салты менен эмгекти айкалыштырса гана ийгиликке жетээрине басым жасалган.

21-майдагы “Кыргыз туусу” гезитинде журналист Бермет Маткеримова энелердин өлүмү эмне себептен көп болуп жатканын адистер менен талкууга алган. Гезит “Балдар эмне үчүн китеп окушпайт?” деген суроого да жооп издеген.

"Көртирлик деп жүрүп, баласына терең билим берүүнү унуткан ата-энелер толтура. Атүгүл башталгыч класстардан сабаты жоюла электер да кезигет. Мындай жорукка мугалим күнөөлүүбү? Же китепканалардагы китептердин жетишсиздиги ушул жагдайга алып келдиби? Мүмкүн баланы китеп дүйнөсүнө кызыктырбаган ата-энеде да күнөө бар болуп жүрбөсүн?", - дейт экс-президент Роза Отунбаева.

Ал эми Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Назира Эрменкан кызы: азыркы балдар китеп окубай, интернетке кызыгып жатканын, Кыргызстан китеп окуу жагынан эң төмөнкү өлкөлөрдүн катарында турарын, Жапония, АКШ, Германия, Франция алдыңкы орундарда экенин, бир француз жылына 20 роман окуса, 20 кыргыз биригип жылына 1 роман окуса окуурун, окубаса китеп бетин ачпай жүргөнүн талдоого алган.

21- майда жарык көргөн “Фабула” гезити Каттани атыккан Өмүрбек Суваналиевге “Ар-намыс” партиясы бир нече кызмат сунуштаса да баш тартканын, эстен чыгып бараткан Эркин Бөлөкбаевдин “Жашылдар” партиясы өткөн жумада америкалык учак кулаган жерде акция өткөргөнүн, Жириновскийге теңелбей коюу керектигин, Бишкекте жашыруун кумаркана табылып, анда белгилүү инсандар, спортчулар ойногонун, 1 күндө эле 500 миң сом айланарын жазды.

Үсөн Сыдыковдун үйүндө Адахан Мадумаров, Азиз Турсунбаев, Улугбек Ормонов жабык жыйын өткөрүшүп, алар Мадумаровду кийинки ажолукка талапкер кылышканын “Фабула” гезити маалымдады.

“Назар-пресс” гезити кабарчы Болот Кожогелдиевдин “Кыргызстан - химиялык, радиоактивдүү заттардын көрүстөнү” деген макаласына орун берди. Анда совет бийлиги учурунда кыргыз жергесине көмүлгөн уран калдыктарынын көйгөйлөрү тууралуу кеп болот.

“Кыргызстандагы уран калдыктары да азыркы Орусиянын ядролук согуштук куралдарынын калдыктары. Бул мамлекет өздөрүнүн “мураскору” катары Кыргызстанды жарыялагандан кийин радиоактивдүү заттарды кайрадан иштетүү ошолордун милдети. Бирок бул маселени козгогон бийлик жок. Совет доорунда курулган “Байкоңур” космостук полигону үчүн Орусия Казакстанга жылына 115 млн. доллар төлөп жатат. Кыргыз бийлиги ушуларды мисал кылганга да жарабайт",-дейт Болот Кожогелдиев.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG