Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Бийликтеги ажырым


Гезиттер өлкөнүн ички турмушундагы саясий окуяларды талдоого алды.

Он жарым миң нускалуу “Планета” гезити “Оңтойсуз суроолорун” Кыргызстандын беш аткаминерине берүү менен бүгүнкү санын ачты.

Депутат Райкан Төлөгөновго: – Кечээ бир катар уюмдар сизди жана партиялашыңыз Туратбек Мадылбековду “ЖК депутаты болуп отурганга моралдык укуктары жок, уулдары мамлекетти талап-тоноого катышып атса, кантип отурат?” деп айтып чыкты, ошондуктан мыйзамды сыйлаган эл өкүлү катары депутаттык мандатыңызды тапшыра турбайсызбы?–деп,

Энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаевге:–Сиз 2010-жылдын апрелинен кийин энергетика министри болуп келгенде тармактагы коррупциянын тамырын кыркууга катуу киришкенсиз. Бирок бийлик көп өткөрбөй эле кызматтан айдап түшкөн. Кетип баратып: “Реформанын аягына чыкпай калдым, уурулар дагы эле тармакты жеп-ичүүдө” деп бармакты тиштегенсиз. Мына эми бүгүн кайрадан министр болдуңуз. Светти уурдап жаккан байлардын кыгына куурай сайылбаган бойдон келатат. Ушул ууруларды качан кармап, эл-журтка аты-жөнүн ачык жарыя кыласыз?–деп суроо койду.

“Алиби” гезити депутат Өмүрбек Абдрахмановдун Американын авибазасына байланыштуу жагдайларды элдин эсине салган интервьюсун басты. Депутат базанын биздин өлкөгө жайгашуу таржымалын баяндады. Орусия, Ооганстан жөнүндө кеп кылды. АКШ авибазасынын чыгарылышы туура эмес болгонун белгилеп: “Кыргыз өкмөтү менен парламенттин чечими Америка өкмөтүнө көп деле проблема алып келбейт. Анткени Орто Азиянын бардык өкмөттөрү өз аэропортторун АКШга сунуштап жатат. Атүгүл Орусия америкалыктарга “империализмдин” 1-душманы болгон Лениндин туулган шаары Ульяновскидеги аэропортун тартуулады. Ал эми биздин бийлик элдин добушу менен канча жылдардан бери Американын акчасын алган менен элге бир да жарытылуу эч нерсе бере албады” деп сындады.

“Де-факто” гезити “Эмилбек Каптагаевди эли кабыл албай жатыптыр” деп, аз эле жерден Максим сатканга үлгүрбөй калган Жерүйдү сатып жиберип, акча жасагысы келген аткаминерлердин алкымы качан тыйылар экен деп, "Камчыбек Ташиевди кайра секиртишеби, анткени 23-июнда Ош шаарында сүйлөгөн сөзүндө: “Эгерде бүгүнкү мамлекеттин жетекчилери эсине келбесе, анда биз аларды “Кет, бийлик!” деп айтышыбыз керек, туугандар! Анда биз сиздер менен бирге мындай бийликти кетирип тынабыз!” деп сүйлөдү" деп маалымат таратты.

“Де-фактонун” ушул эле санында “Ата Мекен” менен ажонун ортосунан жарака кеттиби?” деген макала басылып, анда эгер мародерчулук өтө эле далилденип баратса, Текебаев Мадылбеков менен Төлөгөновду садага чаап, өз партиясы менен келишкис оппозицияга өтүп кетиши мүмкүн экендигин кыйытты.

Бул маселеге “Фабула” гезити да кайрылып, “Ата Мекендин” депутаттарына талап-тоноочулук боюнча кылмыш иши козголгону Текебаевдин президентти кыртышы сүйбөй калганын, окуянын аягы көпчүлүк коалициянын тарашына алып барарын, өкмөт октябрга чейин тарап, өкмөт башына Тайырбек Сарпашев, 1-вицеликке Иса Өмүркулов, Бишкектин мэрине Өмүрбек Бабанов келери кеп боло баштаганын, ошентип бийликте кадрдык өзгөрүү жүрсө, оппозиция да күрөшкө катуу даярданып, анын айрым лидерлери Америка менен шыбырашып: “Бизге жардам кылсаңар Атамбаев чыгарам деген базаны Баткенге жайгаштырып беребиз” деген өңдүү убадаларды берип жатыптыр” деп жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезити акыйкатчы Турсунбек Акунга байланыштуу окуяны “Бороондо калган Бомбакун” деп сүрөттөдү.

Аталган гезит иштери кыскартылган Ташиевдерге байланыштуу соттордун башы айланып атканын жазып: “Эгер Жогорку Сот үч депутатты актаган соттордун чечимин туура деп тапса, анда депутаттарга башында “өтө чоң” берене коюп алган Башкы прокуратура жоопко тартылышы керек болуп калат. Эгер шаардык соттордун актаган чечимин жокко чыгарса, анда үч сот жоопко тартылат, саясий туруктуулукка жарака кетет” деп жазуу менен, бул боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин Байкоочулар кеңешинин төрагасы Кайрат Осмоналиев: “Бул жерде кайсы бир деңгээлде соттордуку да, ошол эле кезде прокуратураныкы да туура сыяктуу көрүнөт. Бирок эки тарап тең жеткиликтүү иштеген эмес. Эгер мага койсо, сотторду, прокурорлор менен тергөөчүлөрдү да иштен кубалайт элем” деп айтканын жазып чыкты.

Гезит ошондой эле элге: “Кайрадан тезек тергенди баштагыла, келаткан кышта электр жарыгы жарытпаганы калды” деп кулак кагыш кылды.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Болотбек Таштаналиевдин “Кайсы мэр кантип жер саткан?” деген макаласы менен жаңы санын ачты.
XS
SM
MD
LG