Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Чачылган кыргыз


Гезиттер чет-четинен отпускеге кетип жаткан кези. Бүгүн “Барометр” гезити гана жарык көрдү. Демек гезит баяныбыз да ушул гезиттен болмокчу.

Аталган басылма Орусиянын борбору болгон Москва шаарындагы Мамлекеттик лингвистикалык институттун 3 студенти – Дарья Пахомова, Маргарита Герасюкова жана Ксения Гурова кыргыз тилин чет тили катары окуп, кыргызча түш жоруп, кыргыз элчилигинин артыкчылык дипломдоруна ээ болушканын кабарлады. Мына ушул ысымдары аталган үч орус кызы былтыр Бишкекке келип, бир катар окуу жайларынын студенттери менен жолуккан. Таза кыргызча сүйлөгөн 3 кыз биздин радиого да келип, кабарчыбыз менен кыргыз тилинде маектешип кеткенин да “Азаттык” радиосунун угармандарынын эсине сала кетели.

“Барометр” гезити Жапония өлкөсү барган сайын кары-картаңдардын өлкөсүнө айланып баратканын, минте берсе дүйнөгө элинин бекемдиги, маданияты жана байлыгы менен атагы чыккан өлкөнү дал ушул демографиялык мүшкүл ойронун чыгарышы мүмкүндүгүн жазды. Анткени социологиялык сурамжылоо жүргүзгөндө калктын үчтөн бир бөлүгү келечекте үйлөнүп, балалуу болууну каалабай турганын билдирген. Өлкөдө барган сайын никеге тургандардын санына караганда ажырашуулардын саны көбөйгөн. Жапония адамдардын жашоосунун узактыгы боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн лидери саналганын эске алсак, өлкөдө ымыркайлардын төрөлүшү аба менен суудай керек эле. Тилекке каршы андай болбой калганы, жакынкы аралыкта жапондуктар жалаң пенсия курагындагы кары-картаңдарга толуп, ишке жарай турган жаштарга зар болуп калышы толук мүмкүн экендиги айтылууда.

Элинин санынын улам азайып баратканынан чочулаган орус президенти Путин жаштарды бала төрөөгө чакырып, ар бир төрөлгөн наристелер үчүн акча төлөмүн көбөйтүп келатканы, башка өлкөлөрдөн барып туруктуу иштеп калган өзбек, тажик, кыргыз болобу, кытай болобу, баары бир келечегинде алардын балдарынын орусташып олтуруп, түбүндө орус болуп кетерин жакшы түшүнүп, мигранттарга орус жарандыгын берип келатканы бекер жеринен эмес дешет.

Ал эми биздечи? Албетте жыл сайын никеге туруп, үйлөнүп, бактылуу үй-бүлө кургусу келген жаштарыбыздын саны да арбып барат. Бул өтө жагымдуу көрүнүш. Бирок бактылуу болгусу келген жаштарыбыздын көбү өз мекенинен иш таппай, чет өлкөлөрдү көздөй агылып жатканы, көбү Оруияда, көбү башка өлкөлөргө кетип калып, ошол жактан орун-очок алып, биротоло жашап калуу менен, акырындап өздөрү кыргыз болгон менен балдарынын башка элдерге сиңип, жок болуп кетип аткандыгы да ойлонтпой коё турган маселелерден эмес экендигин эстете кетели.

Үй-бүлөгө байланыштуу маселени дагы уланталы. “Азаттык” радиосу жакында эле Чүйдүн Төмөнкү Серафимова айылындагы кары-картаңдардын үйүндө болуп, бир катар берүүлөрүн уктурган. Кыргызстанда багуусуз калган кары-картаңдардын катары көбөйүп, карылар үйлөрүнүн саны арбып баратканы да белгилүү. Ал эми миллирддаган калкы бар кылкылдаган Кытай Эл Республикасында ушул жылдын 1-юлунан тартып: “Улгайган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзам күчүнө кирди. Кытайда ар бир кабыл алынган мыйзам биздин мыйзамдарга окшоп “өлүү туулган” бойдон өкмөттүн ачкычы жоголгон суурмаларында кала бербестен ар бир үтүр, чекитине чейин аткарылары белгилүү эмеспи. Ошентип ар бир кытай жараны кары-картаңдарынын муктаждыктарына кам көрүп турууга милдеттендирилди. Июлдан тартып карыган ата-энелери же туугандары менен чогуу жашабаган бала-чакалары аларга бат-баттан барып турууга тийиш. Эгер карыган ата-энеңе же ага-тууганыңдын абалын тез-тез сурап, кам-кашегин көрүп, такай жардам берип турбасаң кытай мыйзамы боюнча катуу жоопко тартыласың. Кежеңдесең кесилип кетесиң.

2010-жылдын аягындагы эсеп-кысап боюнча Кытайда жашы 60тан ашкан адамдардын саны 178 миллионго жеткенин, алдын ала божомолдор боюнча, улгайган адамдардын саны 2025-жылга карата 487 миллионго жетиши мүмкүндүгүн жазды.

“Барометр” гезити “Экономика” деген рубриканын алдында “Датка” 500 кв.–энергетикадагы эгемендиктин башаты” деген макаланы тартуулады.
XS
SM
MD
LG