Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Кыргызстан паспорт “экспорттоочу” өлкөбү?


18-июлдагы кыргыз гезиттерине баяндама.

“Азия ньюс” гезити Борбор Азиядагы наркосаясат борборунун деректири Александр Зеличенко менен гезиттин өз кабарчысы Алишер Токсонбаевдин чакан маегин басуу менен бүгүнкү санын ачты. Зеличенко дүйнө жүзүндөгү апийимдин 63 проценти Ооганстанда гана өндүрүлөрүн, ал жакта 1 грамм героин 4 долларга бааланарын кеп кылуу менен ооган апийими Борбор Азия өлкөлөрүн да аралап өтүп турарын, баңгизаттан түшкөн каражат болжол менен 65 млрд. долларды түзөрүн, наркомафия түшкөн кирешелеринин басымдуу бөлүгүн курал-жаракка жана террорчуларга жумшарын, коррупционерлерди сатып алып турарын белгиледи.

Аттокур Жумаев аттуу автордун “Депутаттарды кайра камайбыз” дешсе катуу жаңылышат” деген макаласында үч депутаттын Жогорку Соттогу алгачкы иши чыр менен башталып, токтоп калганын, эми кийини сот ушул айдын 23дө болорун кабарланган.

“Азия ньюс” гезитине Лейлектин мурунку акими интервью берип, анысын “Алмаз иним, тегерегиңди тазала, болбосо чоктой күйүп кетесиң!” деген ат менен атап, КСДП партиясынын мүчөсү болуп, кезинде Алмаз Атамбаевди жактагандардын, анын ишинин алга жылышы үчүн кол кабыш кылгандардын алдыңкы сабында жүргөнүн, ошол кезде чоң сөздөрдү сүйлөгөн ажого аябай ишенгенин, кыйын күндөрдө бирге болгонун, тилекке каршы ажо айткандарын актабаганын, тегерегине жалаң ыплас адамдарды топтоп алганын, анткени ошол оор күндөрдө Атамбаевди аябагандай жамандап жүргөн кишилер бүгүн анын жанында олтурганын көрүп иренжигенин айтып берди.

Ушул эле гезит: “Иса Өмүркулов мырза коррупциядан алыс, эмгекчил мэр” деген баш теманын алдында бир катар жарандардын шаар башчысына айткан ойлорун жарыялады. Анда Бишкек мэринин Ош базарын тартипке келтиргени мактоого татыктуулугун, күжүлдөп эл үчүн иштеп жатканын, өтө тажрыйбалуу жетекчи экенин, базардагы башаламандыктарды иретке келтиргенин, популист эместигин, мындай мэрге жабыла жардам берүү керектигин, каражаттын тартыштыгына карабай иштеп жатканын журналист Азимжан Ибраимов, депутат Абдыманап Кутушев, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жетекчиси Накен Касиев, "Тазалык" ишканасынын мастери Канат Орозобеков, депутат Талант Узакбаев айтып чыгышты.

“Параграф” гезити кыргыз паспорту дүң базарда сатылып жаткандай ой калтырарын, жакында эле Орусиянын Кемеров облусунун Тайга деген шаарынан Казакстанда киши өлтүргөн деген айып менен издөөдө жүргөн эки эргул кыргыз паспорту менен кармалганын, деги эле өлкө ичинде мыйзамсыз паспорт алгандар көп экенин эске салып, мамлекеттик өтө маанилүү документти берген жерди “Ар-намыс” фракциясы мыкчып келатканын, фракциянын башында генерал саясатчы Кулов турарын жазды.

“Параграф” бул санына “Болот Шер менен миллиардер Граф Токмакский 10-июлда Бишкекте эмнеге жолугушту?” деген макаласын тартуулады.

Ушуга улай эле журналист Азизбек Келдибековдун “2010-жылы Бакиевдердин “Ынтымак курултайын” уюштуруп кошоматтангандар ким эле?” деген макаласы жарык көрдү.

Ушул эле санга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси, ички кызамттын полковниги Табылды Исаевдин “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген аталыш менен көлөмдүү макаласы басылды. Макалада ушул Жаза өтөө мекемесиндеги былык-чылыктар тууралуу сөз болот.

Сатирик акын Кадырбек Керимбаевдин саясатчыларга багышталган ырлары да окурмандарга тартууланды.
XS
SM
MD
LG