Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Баланы башынан


“Жаңы агым” гезити экс-президент Роза Отунбаеванын “Билим кербени” тууралуу сүрөттүү баянды басып чыкты.

“Жаңы агым” гезити Жумгалдын Таш-Төбө айылында бышкан кыш жана пескоблок чыгарган кичи завод иштей баштаганын, күз айларында казак жергесинде Кыргызстандын маданият күндөрү өтөрүн, Чехия 5 кыргызстандык улан-кызды жогорку окуу жайында бекер окутарын, Ысык-Көлдө 23-27-август күндөрү автордук кинолордун төртүнчү фестивалы болуп, анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш режиссерлорунун кыска жана толук метраждуу тасмалары көрсөтүлөрүн, Баткендеги Сох анклавын айланып өтүүчү Бөжөй-Сөгөт-Бел жолунун курулушу аяктап, бүгүн пайдаланууга берилгенин кабарлады.

Ушул эле гезит 30-31-июль күндөрү “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду ЮНИСЕФ жана "Агахан" фонду менен биргеликте “Билим кербенин” уюштурганын, экс-президент Роза Отунбаева өлкө боюнча учурда балдардын 13 проценти гана бала-бакчаларга барарын, 7 жашка чейинки баланы тарбиялоого жумшалган ар бир доллар кийин жумшала турган 7-8 долларды үнөмдөп каларын, ал эми өнүккөн өлкөлөрдө балдар мектепке 4 жашынан бара баштарын, жакында эле Кыргызстан менен Тажикстандагы 1-4-класстагы мектеп окуучуларынын арасында иликтөө жүргүзгөндө балдардын жарымынан көбү китеп окуй албаганын көрсөткөнүн, демек биз келечекте Кыргызстандын туткасы боло турган муунду кенедейинен тарбиялабасак эртең өтө кеч болуп каларын айтканын жазды.

“Планета” гезити “Парламент өз куйругун өзү кести” деген ат менен журналист Тынчтык Алтымышевдин соттолгон үч депутаттын Чыңгызхан болууга кылган аракеттерин талдоого алган макаласы менен жаңы санын ачты.

Гезит андан ары көлдүн аксакалдары бир кездеги Сарт аке, Мойт аке сыяктуу акылмандардын жолун улап, жолду бууп, ызы-чуу салбай эле “Кумтөрдү” саясаты жок чечебиз деп акыл куруп атканын, Бакиевдердин режимин кулатып, окко төшүн тоскон балдарын Чоң-Таштагы жерге берип, зар какшап турган маалда, талап-тоноп, арам дүйнө жыйнап калууга далбас урган мародерлордун аты ачыкка чыгып, иши сотко өткөнү калганын кабарлады.

“Де-факто” гезити Таластын Кара-Буура районундагы Кайнар айылынын айрым тургундары тарабынан өткөн айда Казакстандын Жамбыл обулусуна кетчү сугат каналдын буулушунун артында оппозиция лидерлеринин кулактары чыгып турганын журналисттер жазышканын, оппозция лидерлери дегенде Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаровдун элеси тартыларын, бирок булардын Кайнардын тургундарын тукуруп, Көк-Сайдын көйгөйүн көтөрүп чыгышына моралдык укутары жоктугун, анткени бул маселе 2008-жылы Жогорку Кеңеште, ошондогу “акжолчу” парламентте каралып, эки өлкөнүн ортосундагы келишим ратификацияланып, мыйзам кабыл алынганын, мыйзамга Курманбек Бакиев колун койгонун кыргыздардын эсине салды.

Макаланы аяктап баратып “Де-факто” гезити: “Эгер ошончолук эле патриот болушса, Камчыбек Ташиев баш, Адахан Мадумаров төш болуп, ошол кездеги аткаминерлер эмне үчүн так позицияларын билдирип чыгышпайт? Түштөн кийин баатырсынып, карапайым калктын башын айландырып, чек ара маселесинин арты менен Кыргызстанга кайрадан башаламандык орнотобуз деген оппозиция тыңчыкмаларынын иши Кудайга жагар бекен? Ошондуктан оппозиционерлер элге, мамлекетке чындап күйсө, калкты канды булоон каргашага тукурганды коюп, Минскиде чалкалап жаткан Курманбек Бакиевге жана “Ак жолдун” тыңчыкмаларына дооматтарын артышы керек” деп жазды.

“Алиби” гезитине “Жерим жок. Жер саткан да эмесмин, сатпайм дагы” деген аталыш менен экономика министри Темир Сариевдин интервьюсу басылып чыгып, министр маегинде ага каршы карандай калп, жалган маалыматтар, ушактар атайылап таратылып жатканын, ата-энесинин айылдагы үй-жайынан бөлөк жери жоктугун, жер алууга мурун да, кийин да аракет кылбаганын айтуу менен экономика жаатында да кеп кылды.

Наргиза Козубаеванын макаласы “Башкармага үйүн алдатып, 10 жылдан бери талаада калыптыр” деген ат менен жарык көрдү.

“Эки элдин эркин жазуучусу” деген баштеманын алдында тажик-кыргыз жазуучусу Мирзохалим Каримовдун “Кодогой күйөө” деген аңгемеси окурмандарга тартууланды.
XS
SM
MD
LG