Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Бакиевди сагынгандар


“Алиби” гезити комузчу Кенжебек Алдаярдын комуз тууралуу айткан олуттуу ойлоруна орун берди.

Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен бүгүн Белгияга барганын кабарлаган “Кыргыз туусу” гезити кечээ жакында аяктаган Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн саммити тууралуу макалаларды, эксперттердин ойлорун жарыялады.

Аталган гезит Кыргызстанда дан эгиндерин жыйноо иштери аяктап калганын, учурда республика боюнча 1 млн. 31 миң тонна дан эгини жыйналганын, бул өткөн жылга караганда 338 миң тоннага көп экенин кабарлады.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы Кумтөр маселесине арналып, “өзүбүз башкармак болдук, иштете алабызбы?” деген ат менен жарык көрдү.

Жазуучу жана адабиятчы Самсак Станалиевдин “Сөз адамга Кудайды жараткан” деген маеги тартууланып, анда адабият чөйрөсүнүн өткөн-кеткендери жөнүндө кеп кылды.

“Фабула” гезити кийинки кездери Курманбек Бакиев сонун экен деген жылма пиар колдонула баштаганын, мындай сөздөрдү Бакиевдердин жөнөткөн акчасына алданган же чындап эле Бакиевди сагынып, кусаланып жүргөндөр жасап атканын, кадимки Текебаевдин оозунан да жакында “Бакиев адам экен” деген сөз чыкканын белгилеп, Бакиевдердин бири Текебаевди куурчакка салынган “героин” менен Польшадан карматса, бири өз элин аттырып, канга бөлөп Беларустун токоюна жите качкан кылыктарын унутуп, ушинтип бир күн эле Бакиевдерди эңсеп калганы чатак иш экенин эл өкүлүнүн эсине салды.

“Фабула” андан ары акыйкатчынын кызматы Асия Сасыкбаевадан артпай турганын, ал ортодо мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун өзү айткандай парламентке карата “чоң казат” баштап, ачкачылыкка отурганын, айтылуу “Ата Мекен” партиясы калк батасын алган Карганбек Самаковдун салмагы менен гана сакталып турганын, кокус партиядан Карганбек чыгып кетсе, кадыр-баркын биротоло жоготорун, Сириядан келген террорчу топ кармалганын, бул топ “Ислам жихад союзу” уюмунун башчысынын жана Батыш идеологдорунун тапшырмаларын аткаруу боюнча Сириядан Кыргызстанга Бишкек жана Ош шаарларында кандуу акцияларды өткөрүү жана даярдык көрүү максатында жиберилген согушчандар экени аныкталганын, камакта жаткан Абдулла Юсупов Сузактагы мүрзөлөрдүн биринен Өмүрбек Текебаев каттырып койгон болчу деп берген көрсөтмөсү боюнча тергөө тобу мүрзөдөн чындап эле көмүлгөн курал-жарактарды таап чыкканын маалымдады.

Мындан тышкары журналист Бөкөнбай Боркеевдин “Алайкуулук аферист” аттуу, парапсихолог Мелис Карыбековдун “Жан дүйнөмө периштелер майрам курат” аттуу, депутат Эркин Алымбековдун “Мени уят кылган таксистти таптым, аны менен эркекче сүйлөшөм” аттуу, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулунун “Комуз, күүнүн сыры” аттуу маектерин окуйсуздар.

“Алиби” гезитине “Бийликтин жүзү Жээнбековдордун жүзүндөйбү?” деген аталыш менен “Кыргыз Ата” элдик саясий партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Базарбай Айдаралиев маек курду. Ал Бакиевдердин режимине каршы кимдер күрөшүп, кимдер жашынып жүргөнүн эстеп, ошол жашырынып жүргөндөрдүн катарына азыркы чоң кызматтарда отурган бир тууган Жээнбековдордун аттарын атады.

Комузчу Кенжебек Алдаярдын “Кыргыздын күүсү ченемсиз дүйнө” аттуу интервьюсу басылып чыкты. Кенжебек кыргыздын күүлөрүн жайылтууда телеканалдар менен гезиттер жарытылуу иш жасабай жатканын, комуздун добушун дүйнөдөгү бир дагы аспап кайталап бере албасын, азыркы электрондук доордо симфониялык оркестрдеги альтты, флейтаны, скрипканы, фаготту, виоленчелди, контрабасты жана башка ушул сыяктуулардын баарынын добушун туурап ойноого болорун, бирок жалгыз гана кыргыздын комуз баштаган музыкалык аспаптарын туурап ойноого азыркы электрондук аппараттардын да кудурети жетпестигин кеп кылды.

Мажарстанда төрөлүп, кийин Америкада иштеген, Паганини атындагы конкурстун жеңүүчүсү Михей аттуу дүйнөлүк аты бар чоң музыкант 90-жылдары жеке концерти менен Бишкекке келип, сахнага скрипка менен комузду көтөрүп чыгып, скрипкасын жерге коюп, комузду кучактап алып ыйлаганын, ошондо ал: “эгер мени Кудай экинчи ирет жарата турган болсо, скрипканы кармабай эле комуз черткенди үйрөнмөкмүн” дегенин айтып, “колдо бар алтындын баркы жок” болуп, комузду даңктай албай келатканыбызга кейиди.
XS
SM
MD
LG