Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Бүтпөгөн “Кумтөр”


Кумтөрдүн алтыны,14-март, 2013.
Кумтөрдүн алтыны,14-март, 2013.

19-сентябрда жарыкка чыккан кыргыз гезиттерине баяндама.

“Азия ньюс” гезити “Алтын чыры” деген рубриканын алдында айрым жарандардын ойлорун окурмандарга тартуулады.

Коомдук ишмер, илим доктору Кубан Мамбеталиев: “Кумтөр” келишими бул катардагы афера. 50 процент эмес, 90 процент кылып койсо дагы бизге пайда түшпөйт. Анткени алтын тигилердин колунда болгондон кийин каалагандай калчай берет. Коомчулук качантан бери какшап, “өндүрүлгөн продукцияны бөлүшүшү керек” деп келатат. Муну бийлик тыңшап да койгон жок. Анан “кыйналдык, сүйлөшүү өтө оор болду, араңдан зорго сүйлөштүк” дегени жөн эле жомок. Баары шүмшүктөр! Жаның кашаят. Кыргыздын алтынын уурдатып коюп, тымпыйып олтурушат. Башында “келишимди бузалбайбыз, эл аралык соттон утулабыз” дешкен. Элдин ызы-чуусунан кийин сүйлөшүүгө барышкан. Эми болсо “сотко берсек чет өлкөдөгү элчиликтин имаратын тартып алат” деп жанын жешет. Кантип тартып алсын? Ал боюнча Венанын конвенциясы бар. Булардыкы бүт жомок, афера!

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: “Центерра Голдго” кире электе биздин акция 67 процент, канадалыктардыкы 33 процент болчу. Эки жол турган. Биринчиси “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө” деп келишимден чыкканга жараша 67-33 процентке кайрылып келүү керек эле. Экинчиси, “бизде 33 процент акция калды, бирок салыкты 13 процент эмес 20 процент төлөгүлө” дегенде утмакпыз. Анткени биз өндүрүлгөн продукциядан салык алмакпыз. Азыр биз “түшкөн кирешенин 50 процентин алабыз” деп кудуңдап жатабыз. А түшкөн кирешени канадалыктар каалагандай өзгөртүп коюшу мүмкүн. Аны буга чейин да жасап келген. Кыскасы азыркы келишим мурдагыдан да жаман болду, анан дагы келишимден бир тараптуу чыкканыбыз үчүн канадалыктарга 100 млн. доллар штраф төлөй турган болдук.

Генерал Мирослав Ниязов: “Кумтөрдү” кыргызга кайтарып, эл үчүн иштегидей кылыш үчүн башынан башташ керек. Москва менен Белоруссияда жашынып жаткан эки кылмышкерди апкелип, “Кумтөрдү” жегенин кустуруудан баштоо зарыл. Эмне үчүн кыргызды курутуп, жеп-ичип кеткендердин кылмыштарын жаап-жашырып, жаңысын түзөт? 50-50 процент деп келишим түзгөнгө буларга ким уруксат берди? Жок дегенде “Кумтөр” үчүн кыянат иштерди жасаган чиновниктерди жазалабайбы? Айтор бул бийлик турганда алардын кылмыштары ачылбайт. Наалат! - деп айтты.

“Азия нюьс” гезитине “Манас Ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев “Айкырган азан чакыруунун айынан элдин уйкусу бузулду” деп интервью берди. Анарбек айрым молдокелер ислам динин чала түшүнгөндүктүн айынан көптөгөн туура эмес иштерди жасап келатканын айтты.

Бир катар депутаттар, эксперттер өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштү популисттик кадам деп баалашты. “Бир эле мисал, президент Атамбаев Батукаевдин бошоп кетишине Атаханов күнөөлүү деп айтты. Анда эмне үчүн Атаханов жазаланбайт?” деген суроону койду журналист Бермет Букашева.

“Айат” гезити “Текебаев менен Рысалиевдин чатагы” деген кабар жарыялап экөөнө сөз берди.

Өмүрбек Текебаев: Гранат, курал табышкандары чын болсо, анда Зарылбек Рысалиевдин тергөө тобу аны өздөрү каткан болуш керек деп ойлойм. Бул Рысалиевдин жандалбасы, агониясы. Анткени кызматынан гана кетпестен, мыйзам алдында жооп берет. Ал “Ата Мекендин” төрт депутаты оор кылмыш кылды. Бир ай мөөнөт берсеңиз, мен табам” деп президентке кат жазган. Батукаевдин иши каралып жатканда эгер эч нерсе таппасаң өз убалы өзүндө экенин айткам. Бир ай эмес, бешинчи айга кетти. Беш айда Рысалиевдин фантазиясынын бири да тастыкталган жок. Эми октябрдын онуна чейин узартылып олтурат. Рысалиев менен Юсупов партнер болуп калышты.

Генерал Зарылбек Рысалиев: Мародерлук боюнча улам бир кишинин бети ачылып жатат. Ал эми Текебаев болсо “Рысалиев далилдей алган жок” деп оозуна келгенди айтып жатат. Гранаталарды алдык, Текебаевдин баласын кармадым. Ага дагы эмне керек экен? Ал эмне десе ошо десин. Анын сөзүнө көңүл бурганга убактым да жок, - деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG