Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29
“Дордой” базары Кыргызстандын жаңы тарыхындагы социалдык мегапроект”. Мына ушундай аталыш менен бүгүн жарыкка чыккан “Де-факто” гезитине “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун интервьюсу жарыяланып, айтылуу ишкер өз сөзүндө өлкөдөгү эң көйгөй көрүнүш жумушсуздук экенин, ошондуктан биринчи кезекте завод, фабрикаларды курсак деген тилек менен иштеп жатканын белгиледи.

Кабарчынын: – “Дордой” базары мамлекетке салыкты аз төлөп атат” деп салыкчылар айтып чыкты, чын эле ошондойбу? – деген суроосуна Аскар Салымбеков:

– “Дордой” базары “Кумтөр” өңдүү ири долбоор. Мында соода кылгандар салыкты патент аркылуу төлөшөт. Патент аркылуу төлөнгөн салыктын бир жылдык көлөмү 360 миллион сомду түзөт. Базардагы соодагерлер товарлардын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алып келет. Анысын бажыдан өткөрүү үчүн эле бажы салыгына жылына 3 млрд. 900 млн. сом төлөп турат. Бул бажыкананын өзүнөн алынган так сан. Эмне үчүн ушул салык айтылбайт да, базарда патент менен төлөнгөн 360 млн. сом гана айтылат? Баарын кошкондо “Дордой” базары жылына 4 жарым миллиард сомго жакын каражатты мамлекеттин казынасына төгөт. Муну менен бирге эле жумуш менен камсыз болгондордун саны 1 миллионго чукул адам,–деп жооп берди.

“Кумтөр” маселесине чекит коюлабы?” деген суроо менен бүгүнкү санын ачкан “Алиби” гезити депутат Каныбек Осмоналиевдин “Айрым ректорлор өзү бий, өзү хан болуп, президентти да тоготпой калышты” деген маегине орун берди.

Канышай Мамыркулованын макаласы “Саясатчылардын тажаган кыргызстандыктарды коргоо кыймылын түзөлү” деген ат менен жарык көрдү.

Коомдук ишмер Жамин Акималиевдин кызыктуу маеги да ушул гезитте. Турсунбек Чыңгышевдин маеги “Сомубуз кантип сомдолгон?” деп аталды.

“Фабула” гезити Семетей Талас уулунун макаласы “Абдыкеримов Шаршенбек аттын башын ар бир арак заводунун алдына алып барып коюп алсын! Андан сырткары жалпы атбашылыктардын алдында кечирим сурасын!” деп аталып, бул эстелик элдин ар-намысын тепсеп жатканын, андай эле койгусу келсе, Жолойду көтөрүп чапкан хан Кошойго эстелик тургузсун деген оюна кошо жүйөөлүү да, ачуу да сөздөрүн айтты.

Баратбай Аракеевдин бир макаласы өкмөт түшкүрүң уурдап аткандардан энергия акысын жыйнап алалбай, анан эки бетин табактай кылып туруп эле баягы Бакиевчесинен элдин жонунан кайыш тилип, светти кымбаттатыш керек деп атканына арналса, бир макаласы мамлекеттүүлүк маселесине арналды.
Эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев макаласын “Кыргыз тили ушунчалык эле жараксыз тилби?” деп атап, эне тилибиздин көп кырдуу маселесине кенен токтолду.

“Жаңы агым” гезити “Экологияга күйүп-бышкан “Жашыл Ой” же Ысык-Көлдүн түбүнөн табылган таштандылар” деген макаласын табиятты коргоо маселесине арнады. “Камэк” менчик ооруканасынын башкы врачы Эркин Маматов тууралуу макала “Эмне десек да эл уулуна жарашат” деген ат менен тартууланды.

Балыкчы-ихтиолог Догдурбек Кабатаевдин маеги “Мурда 4 миң тонна балык өндүрсөк, азыр 4 тонна араң сатабыз” деп аталды.

“Кыргыз туусу” гезити “Сауд Арабиясы менен алака артууда”, “Бажы биримдигинин жана Евразия чөлкөмүнүн босогосунда”, “Жөлөк пулга жөлөнбө, жакырчылыкка жамынба”, “Ысырапкорчулуктан канткенде кутулабыз?” деген макалаларды жарыялады.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен журналист Нарын Айыптын маеги “Кумтөрдү саяасатташтырбоо керек” деген аталыш менен окурмандардын ой элегине салынды.

– Келишимге ылайык эки жактыкы элүү-элүүдөн да аз. Кыргыз тараптын үлүшү кеминде 67 же андан да көп процент болушу керек эле деп жатышат,– деген суроого Сатыбалдиев:

– Мен деле 105 процентти каалап турам. Бирок тарыхый, түзүлгөн экономикалык, финансы, юридикалык кырдаалдар ага жол берген жок. Маселе сүйлөшүү жолу менен гана чечилди. Ошон үчүн айтаар элем, бүгүнкү жетишилгендер компромистүү вариант. Кайталап кетсем, 2003-2009-жылдардагы коррупциялык элементтер боюнча маселе ачык калды, прокуратура ишин токтоткон жок,–деп жооп берген.
XS
SM
MD
LG